Норвегияда өлгөн кит чындап эле Орусиянын "деңиз тыңчысы" беле?

кит

Сүрөттүн булагы, Norwegian Orca Survey

Орусиянын тыңчысы деп айтылган белуха кити Норвегиянын жээктерине кантип барып калды? Эркиндикти сүйгөн кит кыязы орус аскерлеринен качып кеткен жана эч кимге "тыңчылык кылуу" ниети болгон эмес.

2019-жылдын апрель айында денесине видеокамера байланган белуха кити Норвегиянын жээктерине сүзүп келген. Жабдыктын жибинде англис тилинде "Equipment St. Petersburg" (Санкт-Петербург жабдыгы) деген жазуу болгон.

Ал кезде маалымат агенттиктери китти Орусиянын тыңчысы деп атап, ага "Хвалдимир" деген ат беришкен. "Хвал" норвегиялыктардын тилинде кит дегенди билдирет, Владимир деген ысымды кошуу орус президенти Владимир Путиндин "тыңчысы" деген мааниде.

Деңиз сүт эмүүчүлөрүн мыкты билген адис Ольга Шпактын айтымында, Норвегиянын сууларында пайда болгон белуха кити чындап эле аскер-деңиз базасында машыккан жана орус аскерлерине таандык. Бирок Шпак бул кит тыңчы болгон деген божомолго ишенбейт. Ал өзүнүн ишенимдүү кишилерине таянып, ээ-жаа бербеген бул жаш кит өзүнүн "ээлеринен" качып кеткенин айтат. Ольга Шпак билдиргендей, кит чынында "тыңчылык" үчүн эмес, деңиз базасын кайтарууга үйрөтүлгөн.

кит

Сүрөттүн булагы, Jørgen Ree Wiiig

Норвегиянын жээгинде алгачкы жолу пайда болгондон бери белуха кити бул өлкөдө да, Орусияда дагы жаңылыктардын баш каарманы болуп келди.

Аталган киттин орус аскердик базаларда машыгуудан өткөнү тууралуу маалыматты орус аскерлери тастыктаган да, жокко чыгарган да жок. Ошондой эле Орусия белуха китинин ролу, аскер-деңиз базаларында киттер үчүн тосмолор тууралуу расмий комментарий бербей келет.

1990-жылдардан бери карай деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн жашоосун изилдеп келе жаткан украиналык изилдөөчү Ольга Шпак "Хвалдимирдин" орус аскерлерине таандык экенине толук ишене турганын айтууда.

Белуха киттери Арктикада жашагандыктан аны алыскы түштүктөн көрүү сейрек кездешет. Норвегиялык балыкчылар ага жардам керектигин дароо түшүнгөн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бул кит өзүнө жардам керектигин ишарат кылды. Мен ага аяр мамиле кылууга аракет кылганым эсимде. Бул акылдуу кит экенин түшүндүм", - дейт балыкчы Йоар Хестен.

Ал кезде балыкчылар жаныбарга байланган видеокамераны алып салышкан. Андан кийин кит Хаммерфест шаарын көздөй бет алып, ал жерде бир нече ай жашаган.

Көп өтпөй "Хвалдимирдин" ачык деңиздеги жашоого анча көнбөгөнү жана өз тамагын таап жегенге да кыйнала турганы белгилүү болду. Ошентсе да деңиз жээкте ага суктанган кишилер көп эле. Бир жолу суудан бирөөнүн уюлдук телефонун алып чыгып бергени да көптөрдү таң калтырган.

"Бул кит бардык нерсеге жакындап, аны түшүнүүгө аракет кыла берет. Ошондон улам анын үйрөтүлгөнү байкалып турду. Бирок биз анын кайда жана эмне үчүн үйрөтүлгөнүн билбейбиз", - дейт норвегиялык Norwegian Orca Survey фондунун изилдөөчүсү Ив Жордейн.

Китти сактап калуу үчүн Балык чарба департаменти жаныбарга мониторинг жүргүзүү программасын кабыл алды. Убакыттын өтүшү менен кит Хаммерфесттин жанындагы булуңдан кетип, өз алдынча аңчылык кылып жашай баштады.

Ольга Шпак Орусиядагы ишенимдүү кишилери жөнүндө айткысы келген жок. Бирок алардагы маалыматты биз менен бөлүшүп жатты. Анын айтымында, киттин Норвегияда жүргөнү жөнүндө маалымат чыкканда сүт эмүүчүлөрдү изилдөө боюнча орус коомчулугу анын өздөрүнө тиешелүү экенин айтышкан.

"Ветеринарлар жана машыктыруучулардан сурап жатып "Андрюха" аттуу белуха китинин жоголуп кеткенин билдик", - дейт Ольга Шпак.

1990-жылдардан бери карай деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн жашоосун изилдеп келе жаткан украиналык изилдөөчү Ольга Шпак

Сүрөттүн булагы, Oxford Scientific Films

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1990-жылдардан бери карай деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн жашоосун изилдеп келе жаткан украиналык изилдөөчү Ольга Шпак

Изилдөөчүнүн айтымында, "Андрюха" же болбосо "Хвалдимир" 2013-жылы Охота деңизинен кармалган. Бир жылдан кийин ал Санкт-Петербургдагы дельфинарийден Арктикадагы деңиз базасына которулган.

"Менимче, алар китти качып кетпейт деп ойлошкон. Ошон үчүн ачык деңизде китти бир нерсеге үйрөтүшкөн. Ошол учурда кит качып кеткен", дейт Шпак.

Изилдөөчүнүн айтымында, "Андрюха" башында эле өзүнүн машыктыруучуларына эркиндикти сүйгөн мүнөзүн көрсөткөн.

"Коммерциялык дельфинарийде иштеген кишилерден "Андрюханын" акылдуу жана абдан жакшы машыккан кит экенин билдик. Бирок ошол эле учурда ал абдан активдүү жаныбар болгондуктан машыктыруучуларды ээрчибей, каалаган жерине кетип калганына таң калышкан эмес", - дейт Ольга Шпак.

Мурманск аймагындагы аскер-деңиз базасынын сүрөттөрү спутниктен алынып, анда "Андрюха" кармалып турган жайды көрүүгө болот. Бир нече тосмолор даана көрүнүп турат, аларда киттердин кармалып турганы да байкалат.

карта

Норвегиялык The Barents Observer интернет басылмасынын өкүлү Томас Нильсендин айтмында, суу астындагы жана үстүндөгү кемелердин жанында белуха киттеринин болушу бул жаныбарлар базанын коопсуздук системасынын бир бөлүгү экенин көрсөтүп турат.

Орусия "Андрюханын" же болбосо "Хвалдимирдин" аскердик базада машыкканын моюнга албаса да, Орусия деңиз сүт эмүүчүлөрүн аскердик максатта колдонуу үчүн үйрөтүп келгени белгилүү.

Орусиялык отставкадагы полковник Виктор Баранец 2019-жылы кит тууралуу мындай деп айткан эле:

"Эгерде биз бул жаныбардын жардамы менен чалгындоо иштерин жүргүзсөк, анда "Санкт-Петербургда жасалган" деген жазууну ага байлайт белек?".

Тилекке каршы "Андрюха" же болбосо "Хвалдимирдин" укмуштуудай окуясы кайгылуу аяктады.

Өз алдынча тамак-аш таап жегенди үйрөнгөн кит Норвегиянын жээктеринде бир нече жыл бою ачык деңизде жашады. 2023-жылы май айында аны Швециянын жээгинде да көрүшкөн.

Ушул жылдын 1-сентябрында Норвегиянын түштүк-батыш жээгиндеги Рисавика булуңунда киттин өлүгү табылды.

карта

Башында бул жаныбар өлтүрүлгөн деген божомолдор айтылды. Бирок норвегиялык полиция бул версияны жокко чыгарып, жаныбар кишинин колунан өлдү деген белгилер жок экенин билдирди.

Экспертиза "Андрюха" оозуна тыгылган таяктан улам өлгөнүн көрсөттү.

Илимпоздордун айтымында, бул кит болгону он беш жыл эле жашады. Ал эми киттердин жашоо узактыгы 60 жылга чейин жетиши мүмкүн. (ErA)