Британия "Керемет банк" арам акчаны адалдаган түйүн сатып алганын билдирди. Кыргыз өкмөтү түшүндүрмө берди

Сүрөттүн булагы, official
Улуу Британиянын Кылмыштуулук боюнча улуттук агенттиги (NCA) Британияда арам акчаны адалдоо менен алектенген түйүн Кыргызстандагы "Керемет банктын" көзөмөл пакетин сатып алганын, банк Орусияга санкцияларды айланып өтүү жана аскердик аракеттерди каржылоо үчүн пайдаланылганы аныкталганын кабарлады.
Маалыматта Altair Holding SA компаниясы 2024-жылы декабрда "Керемет Банктын" 75% акциясын сатып алганы айтылат.
Кылмыштуулук боюнча улуттук агенттик билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө банк Орусиянын "Промсвязьбанк" мамлекеттик банкына эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө көмөктөшкөну аныкталган. Агенттик "Промсвязьбанкты" Орусиянын согуштук-өнөр жай базасын каржылап жаткан мамлекеттик каршы институту катары сыпаттаган.
Британ өкмөтү 2024-жылдын августунда Altair Holding SA компаниясына санкция салган.
NCA кыргыз банкынын айланасындагы операцияларга молдовалык ишкер Илан Шордун да байланышы бар экенин, ал ээлик кылган A7 компаниясы Британия жана ЕБдин санкцияларын айланып өтүү үчүн колдонулган төлөм схемаларына аралашканын да жазды.
Шор 2014-жылы Молдова банктарынан 1 миллиард доллар урдоо айыбы менен кармалып, 15 жылга соттолгон. Ал 2019-жылы үй камагынан качып чыккан. Кийин орус жарандыгын алган.

Кыргыз фондулук биржасы былтыр декабрда "Керемет Банктын" 75% акциясын люксембургдук ALTAIR HOLDING S.A. компаниясы сатып алганын маалымдаган.
Ага чейин Кыргызстандын Каржы министрлиги банктын 97,45% акциясына ээлик кылган. Ал кезде министрликтин үлүшү болжол менен 8,5 млрд сом деп бааланган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков банкка киргизилген санкциялык чектөөлөр боюнча буларды жазды:
"Бүгүнкү күндө, Орусияда 1 миллионго жакын мигранттар, мекендештерибиз иштеп жүрүшөт. Алар, күн сайын Кыргызстандагы туугандарына миллиарддаган рубль акча каражаттарын ошол эле Сбербанк жана башка банкттар аркылуу жөнөтүшөт. Бул рублдар Кыргызстанда конвертацияланып, мигранттардын туугандарына сом менен берилет. Рублдар болсо кайра эле Орусияга товар сатып алуу үчүн жөнөтүлөт. Кантип? Биз Кыргызстан Россиядан нефть, газ, метал, буудай, азык-түлүк түрлөрүн, курулуш материалдарын сатып алабыз. Товарын саткан компаниялар акчаны кайсы дарекке котор десе, ошол дарекке жөнөтөбүз. Мигранттар жөнөткөн рублдарды Кыргызстан "жеп" койбойт да? Доллар, евро же сом менен жөнөтө албайбыз. Ошентип келген рублдар экономикалык айланма аркылуу кайра Орусияга кетет. Бул — кадимки эле товар-акча жүгүртүү. Бул агымдар — Кыргызстандын экономикасы үчүн нормалдуу жана зарыл процесс."
Орунбеков Орусиянын банктары менен кызматташпай коюу өлкөнүн каржылык туруктуулугуна гана эмес, Орусияда иштеген мигранттардын үй-бүлөлөрүнө да түздөн-түз зыян келтириши мүмкүн деп кошумчалады.
"Банктарды 'Силер Орусиянын банктары менен кызматташып жатасыңар' деп айыптоо Кыргызстандын өнүгүп келе жаткан экономикасына бут тосуу, жамандык жасоо аракети деп айтса болот", - деди Орунбеков.
Жыл башында АКШ жана Улуу Британия "Керемет Банкты" санкциялык тизмеге киргизген. Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине маек куруп, алардын санкцияларды кыйгап өткөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын айткан:
"Себеби санкцияларды кыйгап өткөн бир факты жок эле. Азыр деле жок. Бизде бүгүнкү күндө 21 банк иштейт. Ошол санкцияларды кыйгап өткөн банктар болуп калып бардык банктарыбыз санкцияга кирип калбасын деп бир гана мамлекеттик "Керемет Банк" рубль менен иштесин, бардык операцияларды мамлекет өзүбүз көзөмөлдөп туралы, кирешеси да мамлекеттик казынага түшсүн деп рублди "Керемет Банкка" байлаганбыз".
Украинадагы согуш башталгандан бери Борбор Азия өлкөлөрүндө тышкы сооданын көлөмү көбөйүп, Орусия жана Кытай менен товар жүгүртүүсү жаңы чектерди багындырганы белгилүү. Буга чейин бир катар журналисттик иликтөөлөр региондогу өлкөлөр аркылуу Орусияга кош максаттагы санкциялык товарлар кетип жатканын көрсөткөн.
Чөлкөмдөгү өлкөлөр Орусияны стратегиялык өнөктөш катары мүнөздөп, Москванын Украинадагы согушун ачык айыптоодон карманып, ага нейтралдуу позицияда экенин айтып келишет.









