Канатына карабай жем болду. Сүлөсүндүн фламингого аңчылыгы…

Мышык жана анын олжосу

Сүрөттүн булагы, DENNIS STOGSDILL / NATURE TTL

Табиятты чагылдырган дүйнөлүк фотографтардын фото сынагы аяктады. “Фото мергендер” укмуш көз ирмемдерди тарткан экен. Биз алардын арасына Кыргызстанда тартылган айрым фотолорду да тиркеп койдук. Ал аркылуу табияттын кооздгун сиз да бир байкап, өзүңүз дагы салыштырып көрүңүз.

Танзанияда фламингону олжологон чөл сүлөсүнүнүн (каракал) сүрөтү Nature TTL Photographer of the Year 2022 конкурсунда биринчи орунду алды.

Фотограф Деннис Стогсдиллдин "Мышык жана анын олжосу" деп аталган сүрөтү жапайы жаратылыштын сүрөттөрү конкурсунда дүйнө боюнча 8 миң атаандашынын ичинен жарк этип жеңип чыкты.

"Бул чыныгы жапайы жаратылыш, - деди Nature TTL’дин негиздөөчүсү Уилл Николлс. - Каракал фламинголорду кууп жүрүп сууга чыланганына карабай жеңүүчү болуп чыкты. Күңүрт тарткан теребелден өтө айырмаланган ачык түстөр бул сүрөтткө чындап эле өзгөчө боек берип турат. Автордун бул ирмемди көрүп, тартканга үлгүрүп калганы укмуш болду. Бул сүрөт “Айбандардын жүрүм-туруму” категориясында да жеңүүчү болуп чыкты.

"Айбандардын жүрүм-туруму", 2-орун: Майкл Снедиктин "Чаңды көккө сапырган африка пили"

африкалык пил

Сүрөттүн булагы, MICHAEL SNEDIC / NATURE TTL

Баткакка оонагандан кийин бул африка пили Танзаниядагы Нгоронгоро кратеринде турган сафари-унаабызды көздөй бет алды.

Ал тумшугуна топурак толтуруп алып, тумшугун өйдө каратып күргүштөтө үйлөдү. Менин камерам тынымсыз тартуу режимине коюлган эле.

Толкунданткан бул ирмемди жинди болгон кишидей сүрөткө тарттым.

“Фотокапкан”, жеңүүчү: “Муз аюу”, Жеффри Рейно

Муз аюу

Сүрөттүн булагы, GEOFFREY REYNAUD / NATURE TTL

Канадалык Юкондо жыл сайын уникалдуу көрүнүштөр болуп турат.

Аюулар жүндөрүн “тоңдуруу үчүн” карды тоголоктоп, абанын температурасы -30°С чейин түшкөнүнө карабай декабрь айына чейин ачык асман алдында жүрүшөт. Бул сүрөт кар бороонуна эки күн калганда дарыянын жээгинде орнотулган фотокапканга тартылган.

“Фотокапкан”, 2-орун: “Дүйнөнүн чокусу”, Саша Фонсека

Дүйнөнүн чокусу

Сүрөттүн булагы, SASCHA FONSECA / NATURE TTL

Ак илбирс Индиядагы Ладакх тоо кыркасынын чокуларында олжо издеп жүрөт.

Бул мышыктын калың жүнү жана сапсагай таманы ак кар, көк музга карбай жылытат. Сүрөт санариптик фотокапкан-камерасына тартылган.

Мен үч жылдан бери Индиянын Гималай тоолоруна фотокапкандарды орнотуп келем.

"Пейзаждар", жеңүүчүсү: "Табияттын кайра соккусу", Бертус Ханеком

Күн карама

Сүрөттүн булагы, BERTUS HANEKOM / NATURE TTL

Түштүк Африканын кургакчыл Кару чөлкөмүндөгү таштанды талаасы. Кыйынчылыктарга моюн бербеген күн карам ажана чагылган.

"Пейзаждар", 2-орун: "Лава", Марек Бегальски

Лава

Сүрөттүн булагы, MAREK BIEGALSKI / NATURE TTL

2021-жылдын март айында исландиялык Гелдингадалир шаарындагы Фаградальсфьялль жанар тоосу атыла баштаган. Мен бул сүрөттү 17-сентябрда тарттым - ал күнү лаванын агымы укмуштуудай болгон.

“Кыпындай дүйнө”, жеңүүчү: “Көпөлөктүн саякаты”, Тибор Литауски

Көпөлөктүн саякаты

Сүрөттүн булагы, TIBOR LITAUSZKI / NATURE TTL

Бул көпөлөктү жайында, кеч киргенде сүрөткө тартканга жетиштим.

Учууну байкоо үчүн диоддук фарасын колдондум. Көпөлөктү камеранын жарк этмеси менен жарык кылып, камерадагы мультиэкспозиция менен күүгүмдөттүм.

“Кыпындай дүйнө”, 2-орун: “Чаңчадагы селки”, Тим Крэбб

Чаңчадагы селки

Сүрөттүн булагы, TIM CRABB / NATURE TTL

Британиядагы Маттерс Мур сейил багында сары гүлдүү өсүмдүктүн чаңчасы менен капталган Micropterix calthella көпөлөгү. Сүрөт фокус-стекингди колдонуу менен тартылган сүрөттөрдүн жыйындысы.

"Түнкү асман", жеңүүчү: "Австралиянын чокусу", Жослен Корну

Австралиянын чокусу

Сүрөттүн булагы, JOSSELIN CORNOU / NATURE TTL

Бул сүрөт Жаңы Түштүк Уэльс штатынын түштүгүндө жайгашкан Австралиянын эң бийик жери - Косцюшко тоосуна саякат учурунда тартылган.

Ал ошондой эле караңгы асмандан улам Саманчынын жолун тартуу үчүн эң жакшы жерлердин бири.

"Түнкү асман", 2-орун: "Таң каларлык”, Мауро Тронто

Таң каларлык

Сүрөттүн булагы, MAURO TRONTO / NATURE TTL

Бул кадр сыйкырдуу элементтердин жуурулушусу. Түнкүсүн укмуштуудай күндүн кулагын жараткан айдын жарыгы.

Анын үстүндө кооз түндүк чырактары жана Годафосс - Исландиядагы асердүү шаркыратма.

Бардык кубулуштар реалдуу жана бир убакта пайда болот.

"Суу астында", жеңүүчү: "Баткан күндүн шооласы", Энди Шмид

Баткан күндүн нуру

Сүрөттүн булагы, ANDY SCHMID / NATURE TTL

Батып бараткан күндүн фонунда майда балыктардын тобун кесип өткөн кызгылт скаттын сүрөтү Мальдив аралдарынын борбору Маледеги атактуу Tuna Factory сууга түшүү аянтынан тартылып алынган.

"Суу астында", 2-орун: "Икра", Талия Грейс

Икра

Сүрөттүн булагы, TALIA GREIS / NATURE TTL

Чыгыш тиштүү эпигонустун эркеги балыктын уругун оозу менен ташып жүрөт. Ал икра жарылып чыкканга чейин бир ай сактайт.

"Шаардын жапайы жаратылышы", жеңүүчү: "Шаардык коён", Ян Пьеха

Шаардык жапайы жаратылыш

Сүрөттүн булагы, JAN PIECHA / NATURE TTL

Германиянын Касселинин четиндеги бул жер күндүзү күнүмдүк иши менен алектенгендерге жык толот. Түнкүсүн кезек жаныбарларда.

"Шаардык жапайы жаратылыш", 2-орун: "Жаркырак коңуздардын мегаполиси", Жослен Корну

Жаркырак конуздардын мегаполиси

Сүрөттүн булагы, JOSSELIN CORONOU / NATURE TTL

Австралиянын Хеленсбург шаарындагы кароосуз калган темир жол станциясы. Жаан-чачындуу түндөрү аны жарыктандырган жаркырак коңуздардын шаарына айланды.

Бул сүрөттү тартуу үчүн эски вокзалга жаан-чачындуу түндө барууга туура келди. Ошондо жаркыраган шаркыратма пайда болот.

Бул сүрөт тартылган күндүн эртеси туннелди суу каптап кеткен.

“Жапайы портреттер”, жеңүүчү: “Мен сени көрүп жатам”, Томаш Шпила

Мен сени көрүп жатам

Сүрөттүн булагы, TOMASZ SZPILA / NATURE TTL

Чоң арстан сиздин көзүңүзгө тике караганда, сиз коопсуз унаада отурганыңызды дароо унутуп, жырткычты козгоп албоо үчүн инстинктивдүү түрдө машинанын ичине акырындык менен бекине байштайсыз.

Бактыга жараша, арстан бир туугандары менен бир нече мүнөт мурун кармалган жаш буйволду жалмап, "бош эмес".

“Жапайы портреттер”, 2-орун: "Жапайы жаратылыштын бир ирмеми", Мэтт Энгельманн

Жапайы жаратылыштын заматы

Сүрөттүн булагы, MATT ENGELMANN / NATURE TTL

Мен бул түлкүнү ​​Швейцариянын Граубүнден аймагынан бир ай бою кылдаттык менен байкап, бул жер сүрөткө тартуу үчүн абдан ылайыктуу экенин түшүндүм. Сүрөт түлкүнү чочутуп албаш үчүн аралыктан кең бурчтуу объектив менен тартылган.

“16 жашка чейин”, жеңүүчү: “Көз караштар”, Ачинтья Мурти

Көз караштар

Сүрөттүн булагы, ACHINTYA MURTHY / NATURE TTL

Малабар тоту куштары укмуштуудай жандыктар. Аларды көбү көк канаттуу тоту куштар деп да аташат. Алар көбүнчө чоң топторго чогулушат. Мен бул сүрөттү Индиянын Карнатака штатында бул канаттуулар уя салган жеринен тартып алдым. Бул канаттуулар дүмүрдүн үстүнө чачылган күрүч дандары үчүн күрөшүп жатышат.

“16 жашка чейин”, 2-орун: “Чоң чомга”, Максимилиан Пачковски

Чоң чомга

Сүрөттүн булагы, MAKSYMILIAN PACZKOWSKI / NATURE TTL

Польшада мен жашаган Познань шаарынан анча алыс эмес жерде чомга [аны чоң арам өрдөк деп да аташат] жүргөн чоң көлмө бар. Бул көлмөдө алардын эң аз дегенде төрт түрү уялайт. Алар бул жерге балыкчылар көп келгендиктен, адамдардан чочубайт. Бул сүйкүмдүү чомга күн батып баратканда сүрөткө түшүү үчүн мага ар кандай позаларда туруп берди.

Кыргызстанда да мындай сүрөттөрдү тартууга болот

Кыргызстанда да жаратылышты мыкты тарткан фотографтар жок эмес. Нурсултан Аттокуров 3 жылдан бери тоолорго саякаттап, көк мелжиген тоолорду, тоо көлдөрүн, жайлоолорду, токой жана агын сууларды суктангыдай кылып сүрөткө тартып келет.

Бул сүрөттү көрүп калып, дал ушул жерге Германиядан ат арытып келишкен...

Сүрөттүн булагы, Аттокуров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүрөттү көрүп калып, дал ушул жерге Германиядан ат арытып келишкен...

"Элден жакшы сын-пикир алган сүрөт – бул “Алёшканын үйү”. Дүйнө жүзүнө тарап кетти. Бул сүрөт Дубайда көргөзмөдө болду. Туризм департаментинин сайтында дагы ушул сүрөт турат. Аны көрүп Кыргызстанга эки немис кыз – фотографтар келип кетти. Бир сүрөт аркылуу Кыргызстанды канчалаган жерге таанытканга шарт түзүлдү", - деп айтып берген Аттокуров.

Каз катар тигилген боз үйлөр...

Сүрөттүн булагы, Аттокуров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каз катар тигилген боз үйлөр...
Балыкчынын үстүндөгү булут

Сүрөттүн булагы, Аттокуров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балыкчынын үстүндөгү булут

"Булут катты деп коюшат экен, булут каат-каат болуп катып калат экен. Илимий тилде лентикулярдык булут деп аталат. Күн батып бараткан учур эле. Ошол үчүрда: күн батып баратканда, булут катканда, ошол жерде фотоаппаратым менен болуп калганым, мага Кудайдан буйругандай болду", - дейт кыргызстандык сүрөтчү.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: