Ракка каршы өнөктүк: онкологиянын алдын алуу жана шишикке каршы күрөш

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
4-февраль – ракка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда көкүрөк жана жатын моюнчасынын рагына каршы акысыз медициналык текшерүү башталып, ал үй-бүлөлүк медициналык борборлордо жүрүп жатат. Адистердин айтымында, рак илдети жылына өлкөдө алты миңден ашуун кишиден аныкталат. Би-Би-Си Улуттук онкология борборунун директорунун орун басары Амангелди Жумабаев менен маектешип, алгач рак оорусу боюнча Кыргызстандагы абалды сурады.
Амангелди Жумабаев: Абсолюттук санды караганда өсүп жатат десек болот. 2023-жылы 6,107 киши залалдуу шишик оорусуна кабылган. Быйыл болжол менен 6,400 кишиге чамалады. Ага чейин 5 миңдин тегерегинде адамда катталчу. Бирок жылдан жылга элдин санынын өсүп жатканын дагы эске алуу маанилүү. Эгер интенсивдүү көрсөткүч менен ала турган болсок, өтө деле өсүп кеткен жери жок. Маселен, 2008-жылы 100 миң кишиге 86 учур туура келчү. Учурда Кыргызстандын калкы 7 миллиондон ашты. Былтыр рак илдети менен катталгандардын саны 6,400 кишини түзүп жатат. Бул санды 100 миңге бөлө келгенде, анча-мынча гана айырма болбосо ошол эле сан чыгып жатпайбы. Учурда 33 миң 493 киши каттоодо турат. Алардын 40 пайызы беш жылдан ашуун жашайт, арасында сакайып кеткендери дагы бар. Андыктан жарандар онкология десе эле жашоо бүттү деп ойлобошу керек.
Би-Би-Си: Эң эле көп катталган түрү кайсылар?
Амангелди Жумабаев: Биринчи орунда ашказан рагы турат. Андан кийин эле көп катталганы эмчектин залалдуу шишиги. Үчүнчү орунда өпкө, төртүнчү орунда аялдардын жатын моюнчасы жана боор рагы. Соңку жылдары боорунан жабыркагандардын саны дагы өсүп жатат. Негизинен илдеттин ушул беш түрү көп кездешет деп айтсак болот. Кайрылган бейтаптардын 56,1 пайызы 35 жаштан 64 жашка чейинкилер. Маселен, жылына алты миңден ашуун кишиден аныкталып жатса, анын 3 миңден ашуунун аялдар түзөт. Бирок бул аялдар көп ооруйт дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче алар өздөрүнө көбүрөөк көңүл буруп, дартын аныктоо үчүн доктурларга көбүрөөк кайрылат. Эркектерге караганда өздөрүнө көбүрөөк көңүл турат. Айрыкча өпкө, ашказан, боор рагы менен эркек кишилер көп кайрылат жана көпчүлүк өтүшүп кеткенден кийин келет. Качан гана тамак өтпөй, кан кусканда же дем жетпей калганда келишет. Ага чейин жүрүп алышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Дартты аныктоодо жана дарылоодо кандай жаңы ыкмаларды колдонуп жатасыздар?
Амангелди Жумабаев: Бизде негизинен хирургия, нур жана химия терапия деген үч негизги дарылоо ыкмасы бар. Соңку 3-4 жылда нур терапиясы үчүн бир топ жаңы аппарат келди. Азыр дүйнөдө жаңы жабдыктардын бири деп колдонулуп жаткан үч аппарат бар жана толук кандуу иштетип жатабыз. Мындан 3-4 жыл мурун бейтаптар нур алыш үчүн Казакстанга же Орусияга барчу. Азыр андай болбой калды, баары өзүбүздө жасалат. Хирургия жагы деле жаман эмес. Айрым учурда коңшу өлкөдөн дагы келип операция жасатып кетишет. Соңку жылдары эндоскопиялык операция ыкмасын дагы көп колдонуп жатабыз. Ички органдардын шишигин чоң кеспей эле эндоскопиялык аппарат менен алып коюуга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан тышкары дарыгерлерди дагы окутууга жиберип турабыз. Химия терапия үчүн дүйнөдө кандай дары-дармек колдонулуп жатса, бизге деле келет. Мамлекеттен дагы салыштырмалуу көбүрөөк каражат бөлүнө баштады. Бирок эмчектин шишигин аныктай турган маммографиялык аппаратыбыз эскирип калды. Жакында жаңыланат деп турабыз. Бирок азыркы аппарат менен деле биринчи стадияны аныктаса болот.
Би-Би-Си: Мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан каражат жетиштүүбү? Жылына канча сумма бөлүнөт?
Амангелди Жумабаев: Биздин ооруканада 400гө жакын койка бар. Ага 2,5-3 миллиард сомдун тегерегинде каражат керек. Бөлүнгөн сумманын саны 800 миллион. Дары-дармектер болсо кымбат. Маселен, коңшу Казакстан, Орусия мамлекеттеринде бейтаптарга дары-дармек мамлекеттин эсебинен берилет. Бизге бөлүнгөн каражат керектүү дарыларды толук сатып алуу үчүн жетишсиз. Бул чындыгында көйгөй. Ал эми дарыгерлер тууралуу айта турган болсок, алардын саны жетиштүү. Бирок аймактарда онколог адистер жетишпейт, жок десек дагы болот. Ошол эле Нарында, Таласта бир дагы онколог жок. Ысык-Көлдө 2-3 дарыгерибиз иштейт. Аз айлыкка алыскы аймактарга кетип иштегенди эч ким каалайт экен да.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Улуттук онкология борборунун дарыгерлеринин бейтаптарга кылган мамилесине карата дагы даттануулар жок эмес. Пара алууга шектелип кармалгандар дагы болуп жатат.
Амангелди Жумабаев: Бизге кайрылган бейтаптардын көбү стресс абалында келет. Албетте, ден соолугуна байланыштуу жаман жаңылык уккандан кийин өзүнө келиши оор болот. Андыктан алар менен иш алып баруу биз үчүн деле оңой эмес. Дарыгерлерибиздин баары сонун деп айтуудан дагы алысмын. Алардын дагы мүнөзү бар. Бирок көп жерде иштеп келген адам катары бир нерсени айта алам. Кыргызстанда дарыгерлердин бейтаптарга кылган мамилеси жакшы эле. Ал эми пара алууга шектелип жаткан дарыгер тууралуу эч нерсе айта албайм. Аны тергөө аныктайт. Эгер бейтап өз көңүлүнөн чыгарып, ыраазычылык үчүн берсе, бул башка нерсе. Ал эми дарыгер өзү талап кылып, мынча сом бересиң дей турган болсо, анда ал туура эмес. Дарыгерлердин арасында талап кылган учурлар болушу мүмкүн. Эгер андайлар болсо, жазасын алышы керек. Биз дагы жыйындарды өткөрүп эскертүү берип турабыз. Этика комитети деген бар. Арыз түшсө, алар карап чыгып, сөзсүз чара көрөт.
Би-Би-Си: Залалдуу шишик оорусунун алдын алуу үчүн жарандарга кандай сунуш айтасыз?
Амангелди Жумабаев: Эгерде кимдир бирөөнүн саламаттыгы жакшы болбой, ошол эле учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер дартын аныктай албай жатса, сөзсүз онкологго кайрылуу керек. Ден соолугу жакшы болсо деле алты айда бир текшерүүдөн өтүп туруу өтө маанилүү. Ошондо гана рак оорусун эрте аныктап, адам өмүрүн сактап калууга мүмкүн болот. Биринчи жана экинчи стадияда бейтап бул илдетти 100 пайыз жеңип чыга алат. Рактан айыгып кеткен кишилер толтура. Бирок элдин баары эле мен ушундай ооруга кабылып анан айыгып кеттим деп ачык айта бербейт да. Бирок андайлар деле бар. Илдет аныкталып калса чочубаш керек. Андан көрө өзүн колго алып, ага каршы өз убагында күрөшүү зарыл. Айрымдар баары өтүшүп кеткенде келет. Алыскы тоодо жашайт экен десең шаардын эле тургуну болот. Айрымдары турбай калганда көтөрүп келишет. Анан жардам бере алган жоксуңар деп бизди урушуп кетет. Мына 4-февралдан 7-февралга чейин Бишкектин үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда аялдардын эмчек жана жатын моюнчасын текшерүү өнөктүгү жүрүп жатат. Ошол жакка келип текшерилип кетишсин. Канчалык дарт эрте аныкталса, аны жеңип чыгуу ошончолук жеңил болот.












