Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болду
Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болду
Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду. Ал Бишкекте өтүп жаткан чемпионаттын финалында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, жапониялык Мива Морикаваны 2:1 эсебинде жеңип алды.
Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарынын ээси, дүйнө чемпиону Жуманазарова буга чейин Азия чемпионаттарынан бир алтын, бир күмүш жана эки коло медаль уткан.
Ошондой эле бүгүнкү чемпионатта Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды.



