Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан кетип жатканын билдирди. Муну ал 9-апрелде Салижан Жигитовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган симпозиумда айтты.
Байсалов акыркы 4,5 жылын вице-премьерлик кызматка арнаганын белгилеп, Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери мындай узак мөөнөттө вице-премьер болуп иштеген киши болбогонун кошумчалады.



