АКШдагы "Хелен" бороону кеминде токсон кишинин өмүрүн алды

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын түштүк-чыгышында "Хелен" бороон-чапкынынан улам кеминде токсон кишинин өмүрү кыйылып, миллиондогон киши электр энергиясыз калды. Бороон адегенде Флоридага жетип, акырындап түндүктү көздөй Жоржиа, Түндүк жана Түштүк Каролинаны көздөй жыла баштаган.
Бир сутка өткөн соң "Хелен" бороону бир аз басаңдаганы менен метеорологдор катуу шамалдын, нөшөрлөгөн жамгырдын жана торнадонун пайда болуу коркунучу бар экенин эскертүүдө. Бороон каптаган аймакта үйлөр жана жолдордун бир бөлүгүн суу каптады.
Суу каптоонун кесепетин тарткан бир үй-бүлө коопсуз жерге жетип алуу үчүн үйүн таштап, сууда сүзүп чыгышканын Би-Би-Сиге айты берди. Камсыздандыруу компаниялары "Хелен" бороон-чапкынынан миллиарддаган долларлык зыян келди деп жатышат.
"Хелен" бороонунун кубаты төртүнчү категория деп өлчөндү. Бул шамалдын ылдамдыгы саатына 240 километрге жетип, күчү боюнча экинчи орунда турат дегенди түшүндүрөт.
Бороондорго байкоо салган АКШдагы Улуттук борбордун маалыматына караганда, "Хелен" бороону бир суткадан кийин басаңдаганын менен бирок суу ташкыны, жер көчкү жана катуу шамалдын коркунучу кала берет.
АКШда бороон-чапкындардын күчүн байкоого алгандан берки маалыматтарга караганда, "Хелен" кубаты жагынан 14-орунду ээледи. Бороон соккон аймакты туурасынан алганда ал 675 километрге жеткен. Бул чен менен алганда тарыхта үчүнчү кубаттуу бороон болуп калды. 1996-жылы жана 2017-жылы катталган "Ида" бороону мындан да кубаттуу болгон.

Сүрөттүн булагы, EPA
Флориданын жергиликтүү бийлиги өткөн аптанын жума күнү кеминде беш киши каза тапканын кабарлады. Губернатор Жоржии Брайан Кэмп бороон-чапкындын кесепетинен штатта бери дегенде эле 15 киши каза тапканын билдирди. Алардын бири куткаруучу. Кемп куткаруу иштерине Улуттук гвардиянын 1000 жоокерин тартууга буйрук берди. Губернатордун сөзүнө караганда, ушул эле штатта 150дөн ашуун жол жабылып, 1300 жол чырагы керектен чыгып, кээ бир имараттарда кишилер камалган бойдон калган.
CBS News тараткан маалыматка караганда, Түштүк Каролинада кеминде 17 киши каза тапты. Түндүк Каролинада 2 кишинин өлүмү катталды, Виржинияда дагы курмандыктар бар экени тууралуу маалыматтар тарады.
Теннесси штатынын Эрвин шаарында оорукананын чатырына 58 бейтап качып чыгып, катаал аба-ырайынан улам аларды адегенде тик учак жана кайыктар менен да куткарууга мүмкүн болгон эмес. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышты. Кийинчерээк алардын баарын полициянын жана Улуттук гвардиянын тик учактары менен эвакуациялашканы маалым болду.
"Хелен" бороон-чапкынынан улам төрт миллиондой турак-жай жана коммерциялык абоненттер электр энергиясыз калды.
Флоридадагы Холмс-Бич шаарынын тургуну Бриан Ганье адегенде үйүнө суу кире баштаганын байкашканын, андан соң аябай катуу добуш чыкканын Би-Би-Сиге айтып берди:
"Биз үй-бүлөбүз менен эшиктен суу кире баштаганын көрүп калдык. Суу көкүрөккө жеткенде күчүк-мышыкты, кубаттагычтарды жана майда-баратты алып, сүзүп чыктык".

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ президенти Жо Байден элге кайрылып, жергиликтүү бийлик жетекчилерин угуп жана эвакуация тууралуу маалыматка кулак түрүп тургула деди. Флоридадагы Тейлор округундагы полиция департаменти эвакуациядан баш тартып жаткандарга кайрылып, "аты-жөнүңөрдү, туулган күнүңөрдү колуңарга жазып алгыла, силерди таанып, үй-бүлөңөргө кабар бергидей бололу" деди.














