AstraZeneca Covid-19га каршы вакцина чыгарбайт. Аларман жок дегени канчалык ишенимдүү?

Ковид пандемиясы күчөп турган учурда вируска каршы вакцинанын миллиондогон киши кун санап күткөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ковид пандемиясы күчөп турган учурда вируска каршы вакцинанын миллиондогон киши кун санап күткөн

Фармацевтикалык гигант AstraZeneca Covid-19га каршы вакцинасын дүйнө жүзү боюнча чакыртып алганын жарыялады. Компания тараткан билдирүүсүндө, мындай чечим коммерциялык себептен улам жана коронавирустун жаңы варианттарына каршы жаңыланган вакциналардын кенендигинен улам деп түшүндүргөн.

Бир нече ай мурун, AstraZeneca сот документтеринде компания өндүргөн вакцинаны колдонууда, кээде кандын уюп калышынан улам өмүргө коркунуч туудурган терс таасирин жаратышы мүмкүн экенин мойнуна алган.

2019-жылдын аягынан бери дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарга таасир эткен Covid-19 эпидемиясынын учурунда бул вакцина биринчилерден болуп Оксфорд университетинде иштелип чыккан эле. Аны колдонуунун биринчи жылында эле вакцина алты миллиондон ашык адамдын өмүрүн сактап калганы айтылган.

Компания 5-мартта Европа Биримдигинде вакцинаны сатууга уруксатты өз ыктыяры менен алып салуу үчүн арыз берип, ал шейшемби күнү күчүнө кирди. Окшош арыздар Улуу Британияда жана Vaxzevria деп аталган вакцинаны тастыктаган башка өлкөлөрдө да жакынкы айларда берилет.

АКШда AstraZeneca вакцинасын колдонууга эч качан уруксат берилген эмес.

Эмдөөгө каршы чыккандар менен талкуу токтобой келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмдөөгө каршы чыккандар менен талкуу токтобой келет

AstraZeneca компаниясы бул вакцинасы коммерциялык себептерден улам сатыктан алынып жатканын айтты. Вакцина мындан ары өндүрүлбөйт жана жеткирилбейт, анткени ал жаңы варианттарга каршы күрөшкөн жаңыланган вакциналар менен алмаштырылды, дейт.

Кеңири колдонула баштагандан бери вакцина сейрек кездешүүчү терс таасирлерден улам, кандын уюп калышына жана кандагы тромбоциттердин төмөн деңгээлине байланыштуу тыкыр текшерүүгө алынган. Февраль айында Лондондун Жогорку Сотуна берилген сот документтеринде AstraZeneca анын ковидге каршы вакцинасы "өтө сейрек учурларда TTSти алып келиши мүмкүн" экенин мойнуна алды.

TTS ("тромбоцитопения синдрому менен тромбоз") Улуу Британияда кеминде 81 өлүмгө, ошондой эле жүздөгөн оор жаракаттарга байланышы бар. 50дөн ашык жабырлануучу жана маркумдардын жакындары AstraZenecaга каршы доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылышкан. Бул сейрек кездешүүчү синдром Vaxzevria вакцинасы менен эмделген 100 миң кишиден болжол менен эки-үч кишиде байкалган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

AstraZeneca вакцинаны сатыктан алып салуу чечими соттук териштирүүгө же анын TTSке алып келиши мүмкүн экенин таанууга байланыштуу эмес деп ырастайт. Фармацевтикалык компаниянын билдирүүсүндө, бул чыныгы кокустук.

“Биз Vaxzevria вакцинасынын глобалдык пандемияны токтотууда ойногон ролу менен абдан сыймыктанабыз. Көз карандысыз эсептөөлөр көрсөткөндөй, колдонуунун биринчи жылында эле 6,5 миллиондон ашык адамдын өмүрү сакталып калган жана дүйнө жүзү боюнча үч миллиарддан ашык доза жеткирилген.

"Биздин күч-аракетибиз дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр тарабынан таанылды", - деп кошумчалайт компания.

Кээ бир өлкөлөр бул вакцинаны берүүнү токтотушкан. Ал Австралияда 2023-жылдын мартынан бери жеткиликтүү эмес, бирок 2021-жылы жаңы вакциналар кеңири жеткиликтүү болгондон баштап этап-этабы менен токтотула баштаган.

Вакцинаны 18 жаштан жогорку адамдарга колдонууга уруксат берилген жана эки ирет сайып (инъекция), адатта, колдун жогорку булчуңуна, үч айга жакын аралык менен берилген.

Кээ бир өлкөлөрдө ал кайра эмдөө үчүн да колдонулган.

Vaxzevria аденовирустардын үй-бүлөсүнө кирген дагы бир вирустан турат, ал Covid-19ду пайда кылган SARS-CoV-2ден белок жасоо үчүн генди камтыган вирус. Вакцинанын курамында вирус жок жана аны пайда кыла албайт.

Австралиядагы Дикин университетинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы, профессор Кэтрин Беннетт вакцина пандемиянын алгачкы күндөрүндө вакциналар жетишсиз болгон учурда дүйнө жүзү боюнча вируска каршы күрөшүүдө маанилүү ролду ойногонун айтты.

“Бул алгачкы глобалдык жооптун абдан маанилүү бөлүгү болгон. Бирок, ал алгачкы версияларга багытталган. Биз эми пайда болгон жаңы варианттар менен күрөшүүгө багытталган өнүмдөр менен эмдөөгө өттүк”, - деди Беннетт Guardian’га.

Мындан тышкары, эксперттин айтымында, калк коронавирустан кыйла жакшы коргоно баштагандыктан, тобокелдиктерди эсептөө өзгөрдү.

"Албетте, Ковидден көз жумган учурлар болгону менен, биз жалпы ооруга карата баштагыдан кыйла алдуу болуп калдык", - дейт ал.