Оксфорд тарапты динозаврлар аралай чаап жүргөн: 166 млн жылдан кийинки табылга

Динозаврлардын жок болуп кетиши да толугу менен ачылбай келе жаткан илимий табышмактын бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Динозаврлардын жок болуп кетиши да толугу менен ачылбай келе жаткан илимий табышмактын бири

Британиялык окумуштуулар Оксфорддон 15 км. аралыкта жайгашкан чуңкурдан динозаврлардын эки жүзгө жакын изин тапты. Бул динозаврлардын Улуу Британия аймагында табылган эң чоң жолу болуп калды.

Динозаврлар 166 миллион жыл мурун бул жолдор аркылуу өтүп, акиташ катмарына издери калган деп болжонууда.

Табылгага карап бул динозаврлардын эки башка тобунун издери деп бүтүм чыгарууга болот. Цетизаврлар (моюну абдан узун, өсүмдүктөр менен азыктанган гигант жаныбарлар) жана аларга караганда кичирээк, жырткыч мегалозаврлар.

Издер калган төтө жолдун узундугу 150 метрге чейин жетет, бирок бул жолдор андан кыйла эле узун болушу мүмкүн. Себеби окумуштуулар ташта калган издердин ушул бөлүгүн гана казганга үлгүрүштү.

"Бул издердин табылышы масштабы жактан алганда абдан маанилүү жана өлчөмү да көп нерседен кабар берет. Бул табылгалар өткөнгө карап, бул жерде эмне болгонун түшүнүүгө, аймакта эмне болгонун билүүгө жана бул эбегейсиз жандыктар бул чөлкөмдү кантип байырлаганын элестетүүгө жардам берет",- дейт Бирмингем университетинин окумуштуусу, микропалеонтолог, профессор Кристи Эдгар.

Издер

Сүрөттүн булагы, BBC/Kevin Church

Биринчи издерди таш талкалоочу адис Гарри Жонсон экскаватордо иштеп жатып таап алган. Ал динозаврлардын издери калган жерди баяндап берди.

"Мен ылайды тазалап жатып бир нерсеге урундум. Бул жерде өзгөчө бир нерсе бар деп түшүндүм. Андан соң биринчисинен 3 метрдей аралыктан дагы бирин көрдүм. Карасам ошондой аралыкта эле үчүнчүсү турат",- деди Гарри.

1990-жылдары бул жерге жакын эле аймактан динозаврлардын башка бир жолу табылган. Ошондон улам Жонсон бул табылгалар рептилиялардын издери болушу мүмкүн деп түшүнгөн.

"Мен буларды көргөн эң алгачкы адам экенимди түшүнгөндө укмуштай сезим болду. Дене боюм дүркүрөп эле кетти",- дейт Гарри.

Табылганы эң биринчи болуп көргөн Гарри

Сүрөттүн булагы, BBC/Kevin Church

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Табылганы эң биринчи болуп көргөн Гарри
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өткөн жылдын жайында Оксфордширдеги казуу иштерине жүздөн ашуун окумуштуу жана ыктыярчы катышкан. Иштин жүрүшүн ВВС 2 телеканалында эфирге чыгуучу Digging for Britain ("Британиядагы казуулар") тобу баштан аяк тартып турушкан.

Алар издерге карап динозаврлардын беш башка түрүн аныктай алышты.

Издердин төрт түрү өсүмдүктөр менен азыктанып, төрт аяктап жүргөн динозаврларга таандык болгон. Алардын издери пилдердикине окшоп кетет, бирок көлөмү боюнча бир топ эле чоң. Бул жаныбарлардын узундугу 18 метрге чейин жеткен.

Издердин бир тобу болсо жырткыч мегалозаврларга таандык болушу мүмкүн.

"Бул карикатурадай эле көрүнөт. Биз мындай издерди үч манжалуу издер деп атайбыз. Аларда үч манжа болот. Издери ташка тамга баскандай эле так түшкөн",- дейт Оксфорд университетинин натуралдык тарых музейинин палеонтологу Эмма Николс.

Эт менен азыктанган мегалозаврлар эки аяктап жүрүп, абдан ыктуу аңчылардан болушкан дейт Николс:

"Бул жырткыч жаныбарлар 6-9 метрге чейин жеткен. Булар Юрск доорунда азыркы Улуу Британиянын аймагындагы бизге белгилүү болгон эң чоң жырткычтардан болушкан".

Оксфорд университетиндеги музейде тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, BBC/AK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оксфорд университетиндеги музейде тартылган сүрөт

Динозаврлардын буттары ылайга маткан учурда бул издер калган.

"Бул издер ушул бойдон сакталып калышы үчүн бир нерсе өбөлгө түзүшү керек эле. Буга эмне себепкер болгонун биз даана билбейбиз, бирок катуу бороон-чапкын болуп, бул издерди шилендилер менен толтуруп салса керек. Ошондон улам булар жуулуп жок болуп кетпей, жакшы бойдон сакталып калган",- дейт Бирмингем университенин профессору Ричард Батлер.

Казуу жүрүп жаткан учурда окумуштуулар динозаврлардын издерин бардык жагынан изилдеп чыгышты. Алар издердин калыбын дагы алышып, 20 миңден ашуун сүрөт тартып, ар бир манжа изинин үч ченемдүү моделин даярдап чыгышты.

"Эң кызыгы эгер биз динозаврлардын жолун изилдей турган болсок, биздин алдыбызда бул жаныбарлардын жашоосунун белгилүү бир учуру ачылчудай болуп турат. Бул жаныбарлар кантип кыймылдашканын түшүнүүгө болот. Алар жашаган аймакта кандай чөйрө болгонун, кайда жашашканын даана биле алабыз. Таштарда калган издерден сырткары бул табылгалар аркылуу такыр башка маалыматтарды ача алабыз",- дейт Батлер.

Изилдөө учуру

Сүрөттүн булагы, BBC/Kevin Church

Биздин заманга чейинки мезгилде калган чөнөктөр табылган райондордун биринде мегалозаврлар менен завроподдордун жолдорунун кантип кесилишкени көрүнүп турат.

Издер так даана сакталып калгандыктан керек болсо окумуштуулар бул жерден кайсы жаныбар биринчи өткөнүн аныктай алышты. Бул завропод болушу мүмкүн. Себеби анын изинин алдыңкы тегерек формадагы бөлүгү бул жолдон кийин өткөн мегалозаврдын үч манжалуу буту менен тебеленгени көрүнүп турат.

"Бул абдан сонун табылга, ылайга даана матып калган издерден улам алар бул жерлерден кандай басып өтүшкөнүн жана арышы канчага чейин керилгенинен бери билүүгө болот",- дейт Оксфорд университетинин окумуштуусу Данкан Мердок.

Окумуштуулар динозаврлардын издеринин сакталып калгандыгы боюнча түрдүү варианттарды карап жатышат. Деген менен бул суроо ушул аймакта таш талкалоо менен алектенген компания менен чогуу улантылып, аныктала турган иш.

Бул аймакта байыркы жаныбарлардын мындан башка дагы жолдору табылышы мүмкүн.

Казуу иштери жүргөн аймак

Сүрөттүн булагы, BBC/Kevin Church