Титаниктен да чоң кеме саякатка чыкты. Экологдор эмнеге кабатыр?

"Деңиздердин иконасынын" биринчи сапары: 20 палуба, 8 миңге жакын жүргүнчү

Сүрөттүн булагы, ANADOLU

Дүйнөдөгү эң чоң круиздик кеме "Icon of the Seas" Кариб деңизиндеги алгачкы жети күндүк саякатына Флоридадагы Майами портунан жолго чыкты.

Кеменин узундугу рекорддук көрсөткүч менен 365 метр. Элестүү болушу үчүн салышытырып көрөлү, бул легендарлуу Титаниктен дээрлик 100 метрге узун (369 м), ал эми АКШнын деңиз флотунун эң ири учак конуучу кеме Жералд Р. Форддун узундугу 333 метрди түзгөн.

Лайнерди алгачкы сапарына адамдар узатышты.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Кемени сууга түшүрүү аземине футбол боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген Аргентина курама командасынын капитаны, атактуу футболчу Лионель Месси катышты.

Кеменин 40тан ашык ресторан, кафеси менен жалпы 20 палубасы бар. Анда 7600дөн ашык жүргүнчү уктап, тамактанып, көңүл ача алат. Ошондой эле тропикалык өсүмдүктөр өстүрүлгөн чакан парк, театр, караоке, теннис жана волейбол аянтчалары, балдар үчүн аттракциондор жана аквапарктары бар.

Борбордук парк

Сүрөттүн булагы, BLOOMBERG

Театр

Сүрөттүн булагы, BLOOMBERG

Караоке

Сүрөттүн булагы, BLOOMBERG

Кеме Финляндияда 2 миллиард долларга курулуп, Багам аралдарында катталган.

Бул калкып жүрүүчү оюн-зоок паркын иштеткен кыймылдаткычтар суюлтулган жаратылыш газы менен жүрөт.

Экологдор күйүүчү майдын бул түрүн колдонуу атмосферага метандын бөүнүп чыгышын шарттайт деп сынга алышкан.

Палубада күн шезлондору. Артындагы - бар.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Бир жагынан алганда, суюлтулган жаратылыш газы мазут сыяктуу салттуу деңиз отунуна караганда таза күйөт, бирок ал 85-95% метандан турат.

Ошондуктан, суюлтулган жаратылыш газын колдонууда метандын абага чыгыш ыктымалдыгы жогорулайт, ал эми метан көмүр кычкыл газына караганда коркунучтуу парник газы болуп саналат.

Метан 20 жыл ичинде көмүр кычкыл газына караганда 80 эсе көп жылуулукту сактайт. Ошондуктан, климаттын өзгөрүшүнө каршы так ушундай эмиссияларды түп-тамырынан бери кыскартуу өтө маанилүү болуп саналат.

Кабиналардын бириндеги конок бөлмөсү

Сүрөттүн булагы, BLOOMBERG

"Бул туура эмес, - деди Таза транспорт боюнча эл аралык кеңештин деңиз программасынын (ICCT) директору Брайан Комер Reuters агенттигине, - биздин эсептөөлөр боюнча, суюлтулган газды деңиз отуну катары колдонуу кадимки деңиз газына караганда абага парник газдарынын 120%дан көбүрөөк чыгышына алып келет".

Ушул жуманын башында ICCT суюлтулган жаратылыш газы менен иштеген кемелерден метандын чыгышы учурдагы эрежелерге ылайык күтүлгөндөн жогору чыгып жатат деген отчет жарыялаган.

Бирок Royal Caribbean кеме компаниясынын ээлеринин айтымында, Icon of the Seas заманбап деңиз транспорт эрежелери талап кылгандан 24%га көбүрөөк энергияны үнөмдөйт. Ошондой эле бул компания, 2035-жылга чейин эч кандай таштанды чыгарбоочу кемени чыгарууну пландаштырууда.

Жогорку палубадан Борбордук Парктын көрүнүшү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Круиздик Эл аралык Ассоциациясынын маалыматы боюнча, круиз индустриясы эң тез өнүгүп келе жаткан жана биринчи кезекте жаштарды өзүнө тарткан туризм секторлорунун бири. 2021-жылы бул туристтик бизнес сектору дүйнөлүк экономикага 75 миллиард АКШ долларын кошкон.

Мындан тышкары, туристтик агенттиктер 2024-жылдын январынан 2028-жылдын декабрына чейин колдоно турган 54 круиздик кеменин 63%ы суюлтулган жаратылыш газы менен иштейт. Учурда 6%га жакыны гана суюлтулган жаратылыш газы менен иштейт.

Аквапарк жана бассейндердин бири. Саякатка чыгуу алдындагы текшерүүлөр

Сүрөттүн булагы, BLOOMBERG

Icon of the Seas - дүйнөдөгү эң чоң круиздик кеме, салмагы 250 800 тонна жана узундугу дээрлик 365 метр.

Кемени куруу үчүн Royal Caribbean International компаниясы дээрлик 2 миллиард АКШ долларын (1,65 миллиард евро) сарптаган.

Акватеатр

Сүрөттүн булагы, BLOOMBERG

Royal Caribbean сайтына ылайык, билеттин баасы киши башына 1723 доллардан 2639 долларга чейин. Бирок, популярдуу Рождество күнүндө сүзүү бир адамга 5,124 АКШ долларына чейин көтөрүлөт.

Алгачкы саякат аялдамасы: Сент-Китс жана Невис, АКШнын Виргин аралдарынын борбору: Шарлотта - Амалия. (NO)