Ганада Марбург вирусунан эки киши каза болду

Марбург вирусу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Гана өлкөсүндө өлүм тобокели чоң делген Марбург вирусунун эки учуру катталганы кабарланды. Эбола менен бир үй-бүлөгө кирген бул вирус катуу геморрагиялык безгекти шарттайт.

Марбург вирусунун эки учуру тең түштүктөгү Ашанти аймагында катталды. Ооруну жуктурган эки бейтап ооруканада каза болушту. 

Көбүнчөсү Маргбург вирусунан Борбордук жана Чыгыш Африка өлкөлөрү жабыркайт, бирок бул өтө сейрек кездешет.

Гананын бийлиги кырдаалга олуттуу мамиле кылып жатканын билдирди. Буга байланыштуу 98 адам обочого алынган.

Орточо алганда, вирусту жуктургандардын 50%ы көз жумат, бирок ДССУ симптомдорду дарылоонун мүмкүнчүлүктөрү чектелген өлкөлөрдө бул көрсөткүч мындан да жогору экенин эскертет.

Марбург вирусу дене суюктуктары - кан, заң, тер жана шилекей аркылуу жугат. Баштапкы этапта оорулуунун башы жана булчуңдары ооруйт, ал чыйрыгып, алсырайт.

Оору күчөгөн сайын симптомдор күчөп, сарык коштолгон боор оорусу башталат, арыктоо, ооздон жана мурундан кан кете баштайт.

Адатта оору үч апта созулат. Бейтаптын өмүрүн сактоо үчүн боордун иштешин сактап, дене табын түшүрүү керек. Керектүү дары-дармектер жетишсиз болгон өлкөлөрдө бейтаптар өлүмгө дуушар болушат.

Марбург вирусун алып жүрүүчүлөр деп "учуучу түлкүлөр" (летучие лисицы) саналат. Гана жана башка Африка өлкөлөрүнүн бийлиги тургундарды бул жаныбарлар жашаган үңкүрлөрдөн оолак болууга жана этти кылдат бышырууга чакырышат.

Вирус биринчи жолу 1967-жылы Германиянын Марбург шаарында аныкталган - ал ошол жердин атынан улам ушундай аталып калган. Анда илдеттен жети адам каза болгон. Бирок андан бери Европада мындай учурлар кайталанган жок. (ЕВ)

Кооптондурган бактериялар тууралуу...

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жыл сайын жаңы вирустар, илдеттер пайда болот. Жыныстык катнаш аркылуу жайылган жаңы жугуштуу оорулар да чыгууда.

Окумуштуулар төрт бактерияны аныктап, булар дүйнөлүк саламаттыкка коркунуч жаратат деген тыянак чыгарышты.

1. Neisseria meningitides – Менингококк

Менингококк бактериясы менингит илдетин козгошу мүмкүн. Менингит - өтө жугуштуу жана коркунучтуу илдет болуп саналат. Ал курч мүнөздө өөрчүп, кишинин абалын бат эле начарлатат.

2. Mycoplasma genitalium - Мите бактериясы

Mycoplasma genitalium эң кичинекей бактериялардын бири. Учурда бул бактерия тез жайылууда.

Дарыгерлер жыныстык катнаш жолу менен жуккан бактерияны биринчи жолу 1980-жылдары аныкташкан. Дүйнө калкынын эки пайызында бул бактерия бар экени, өзгөчө өспүрүмдөр арасында тез жайылып жатканы айтылууда.

3. Shigella flexneri - Дизентерия (ич өткөк)

Shigellosis же дизентерия жоон ичегини жабыркатып, ич өткөрүүчү жана жалпы денени ууландыруучу (баш ооруп, дене ысып) жугуштуу оору.

4. Lymphogranuloma venereum (LGV) - Лимфалык тери оорусу

LGV жыныстык катнаш аркылуу жуккан илдет. Бул бактериядан улам териде башында безетки, ыйлаакча же жара пайда болот. Андан соң вирус лимфа системасына жайылат. Лимфа системасы зат алмашууга көмөктөшүп, канды пайда кылат жана организмди коргоо милдетин аткарат