ДССУ: Маймыл чечектин вирусу мутация боло элек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бир нече өлкөдө жайылып баштаган маймыл чечектин вирусу соңку убакта мутация болгон эмес. Оорунун жайылышы Африканын 16 өлкөсүндө жай жүрүүдө.
ДССУ: вирустун жаңы түрү жок
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин колунда азыркы учурда маймыл чечектин вирусу мутация болгонуна далилдер жок, деп билдирди чечек менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Розамунд Льюис.
Анын айтымында, маймыл чечектин вирусунун мутациялануу деңгээли салыштырмалуу төмөн, бирок ДССУ азыркы учурда анын жайылып жаткан себептерин изилдөөнүн үстүндө иштеп жатат.
ДССУ дүйнөнүн клиникаларындагы дерматолог менен венерологдорду маймыл чечектин потенциалдуу симптомдоруна көңүл бурууга чакырууда.
ДССУ эксперти Марии фон Керкховдун айтымында, азыркы жайылуу олуттуу коркунуч алып келбейт, айрыкча Европада.
«Бул көзөмөлгө алынган кырдаал, бирок аны Африкада, бул оору эндемик болуп саналган өлкөлөрдө жайына койбошубуз керек»,-деди.
ДССУнун маалыматы боюнча бул ооруга чалдыккандардын орчундуу бөлүгүн гомосексуалдар менен бисексуалдар түзөт.

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library
Британия дагы 26 учур
Маймыл чечек катталган өлкөлөрдүн саны Африкадан сырткары алганда дүйшөмбүдө 36га жетти, анын ичинде Испания, Португалия, АКШ жана Австралия. Тизмеге Шотландия менен Дания да кошулду. Дүйнөдө маймыл чечектин адамга жуккан жүз учуру катталды.
Дүйшөмбүдө Англияда 36 учур катталды. Ошондо бүт Улуу Британия боюнча алганда бул ооруга чалдыккандар саны 57 болду.
Челсиде жыныстык саламаттык клиникасынын он кызматкери вирусту алып жүргөн адам менен контакт кылган экен, ошондуктан обочолонууга мажбур болууда.
Түндүк Ирландия менен Уэльсте оору расмий түрдө катталган жок.
Эксперт өкмөттү вакциналардын запасын текшерүүгө чакырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Оорулардын алдын алуу боюнча Европадагы борбордун директору Андреа Аммон өлкөлөрдүн өкмөттөрүн натуралдуу чечектин вакциналарынын запасын текшерүүгө чакырды. Ал маймыл чечекке да абдан эффективдүү дейт.
Аммон ошондой эле өлкөлөрдү контакт болгондорду аныктоо жана оорунун диагностика кылуу ыкмаларын алмашууга чакырууда. Вирус жуккан адамдар дароо обочолонууга кетиши керек, деп кошумчалады Аммон.
"Элге жайылып кетүү коркунучу абдан төмөн. Бирок тыгыз байланыштар, мисалы жыныстык байланыш аркылуу, айрыкча бир нече партнеру бар адамдар чөйрөсүндө вирустун жайылып кетүү жолу жогору»,-деди ал.
Маймыл чечек адамдан адамга оңой менен жукпайт. Британиянын саламаттык сактоо кызматынын маалыматы боюнча, оору адатта жеңил өтөт, көбүнчө адамдар бир нече аптада сакайып кетет.
Маймыл чечектин вакцинасы жок, бирок бир нече өлкөлөрдө кадимки чечектиин вакциналарын камдап алышууда, анын вирустун жугушунун алдын алуу эффективдүүлүгү 85%, анткени бул эки вирус окшош. (КС)












