"Бул жакка ракета түшөт деп эч ойлогон эмесмин". Кыйраган балдар ооруканасынан репортаж

Абдужалил Абдурасулов, Би-Би-Си, Киев

Охматдет ооруканасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Украинанын “Охматдет” (Охрана материнства и детства- эне менен баланы коргоо) башкы балдар ооруканасына ракеталык сокку болор замат ага барчу жолдор жабылды. Атайын гана унааларды өткөрүп жатышты. Көчөдө тез жардам сиренасынын заңылдаган үнү басылган жок.

Ооруканага жардам бергени көп адам агылып келди, кийин алардын көпчүлүгү ыктыярчылар экени белгилүү болду.

Оорукананын дарбазасы чоң ачылып коюлган. Аскерлер, полиция кызматкерлери, өрт өчүргүчтөр – баары бир маалда чыгуучу эшикке агылды.

Мен бир азга түшүнбөй туруп калдым.

“Сиз каякка?”,-деп барк этти бронжилет менен каска кийген полициячы. “Сирена. Баарыңар жашынуучу жайга”,-деп сөзүн кыска бүтүрдү.

Аба коркунучу жарыяланды, бардык кызматкерлер бомбадан баш калкалоочу жайга барышы керек эле.

Мен агылган элди ээрчип жер астындагы өтмөккө түштүм. Бул жакта адам толтура экен. Абада чыңалуу сезилип турду. Баары россиялык ракеталардын соккусу кайталанбайбы деп сактанып турушту.

Жакын жердеги жер астындагы өтмөк аба коркунучу жарыяланганадан кийин адам шыкалып калд

Сүрөттүн булагы, KYLA HERRMANNSEN/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аба коркунучу жарыяланганда жер астындагы өтмөккө адам шыкалып калды

Сар-санаа чырмаган күтүү бүтпөчүдөй сезилет. Ал эми куткаруучулар үчүн ар бир жоголгон мүнөт кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калышы мүмкүн.

Оорукананын ичинде кымгуут кыймыл. Тез жардам машиналары удаа-удаа келип жатты. Полиция кызматкерлери чогулган адамдардан «Камазды» өткөрүп жибергиле деп кыйкырды. Жашыл камумляж форма кийген адамдар тизилип алып, бир ыптасы кыйраган имараттын ичинен эмеректи, оорукана койкаларын жана башка сакталып калган жабдууларды алып чыгып, короого чогултуп жатышты.

Жерде канга чыланган бинттин калдыктары көрүнөт. Утур-утур: «1-группадагы кан керек! Кимдики биринчи?» деген үндөр угулат.

Урандыларды тазалоо иши болуп жаткандыктан абаны чаң каптады. Туш тараптан дарылдаган электр араалар менен бут алдыңда жанчылган айнектердин тарс эткен үнү угулат.

KYLA HERRMANNSEN/BBC

Сүрөттүн булагы, KYLA HERRMANNSEN/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Медициналык жабдууларды короого алып чыгып коюп жатышты
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

«Охматдеттин» бир имараты жарым-жартылай кыйроого учурады. Башка имараттарда жардыруудан терезелер быркырап сынган.

Мен ак халатчан адамдарды, ракеталык сокку убагында имаратта болгон дарыгерлерди издеп аттым. Оорукананын ичиндеги кымгуут түшкөн кызматкерлер менен бир топ машакат тартып жатып, акыры кардиохирургиядагы анестезиолог Ирина Туменди жолуктурдум.

Жардыруу болгон учурда ал эки айлык ымыркайды операция кылып жаткан дарыгерлер командасында болгонун айтууда.

«Биз кескенге үлгүргөн жокпуз, - деп ал өзү күбө болгон каргашалуу күн жөнүндө айтып берүүдө. – Терезедеги айнектер быркырап күбүлүп түшкөндө, хирург ымыркайды боору менен тосуп калкалап калды».

Дарыгерлер наристени коопсуз жайга алып кеткенге үлгүрүшкөн.

«Мен бул жакка ракета учуп келет деп эч ойлогон эмесмин. Бул балдар ооруканасы»,-дейт ал.

Педиатр Александр Истомин үчүн бул күн кадимкидей эле режимде башталган.

«Даң эткен үн кулагыма жаңырды, жарылуу болгондо ыргып кеттим",- дейт ал.

- Аңгыча балдардын ыйы менен кыйкырыгын уктум. Менин кесиптештеримдин бири жайнаган сыныктарга кабылып, бүтүндөй канга боелуп турду».

Алгачкы он мүнөттө дарыгерлер шок абалдан өзүнө келип, эмне болуп жатканын, эмне кылыш керектигин түшүнүүгө аракет кылышкан. Андан кийин ооруларды коридорго, андан ары коопсуз жайга чыгарып башташты.

Анестезиолог Ирина Тумен каңырыгы түтөп араң сүйлөдү

Сүрөттүн булагы, KYLA HERRMANNSEN/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анестезиолог Ирина Тумен каңырыгы түтөп араң сүйлөдү

Киевде дүйшөмбүдө болгон үрөй учурган учурга күбө болгон дарыгерлер ошентип өң-алеттен кетип көргөн-билгенин айтып беришүудө.

Россия (бул россиялык ракета болгонунан эксперттердин эч бир күмөнү жок, Москва аны четке кагууда – Би-Би-Си) коргоосу жок эң алсыздарга - балдарга сокку урду.

Чачы чала алынган кичинекей балдарды чубалган тамчылатмасы менен кошо кыйраган имараттан алып чыгып жатышкан кадрлар бүт дүйнөгө тарады. Булар рак менен ооруган балдар. Ансыз деле жашоо үчүн күрөшүп жатканда, аларга бул күнү россиялык ракеталардан жан соогалап качууга туура келди. Бул чабуулдан алардын аман калганы чынында эле керемет иш болду.

Абалы оор бейтаптарды ооруканадан аппаратка кошулган бойдон алып чыгышты

Сүрөттүн булагы, KYLA HERRMANNSEN/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оору балдарды ооруканадан аппаратка кошулган бойдон алып чыгышты

Оорукананын короосунда ыктыярчылар көп чогулду. Туш тараптан адамдар келип жатты. Суу, кол аарчыгыч, памперс алып келип жатышты.

Куткаруучуларга суу, тамак-аш бере турган өзүнчө пункт ачылды. Өрт өчүргүчтөр көөлөнгөн жүздөрү менен келип чай ичип, эки бутерброд менен шам-шум этип кетип жатышты.

Социалдык тармакта жана мессенжерлерде кандай жардам керектигин сурагандар көп болду.

Асмандагы соккудан кийин 24 саат өтө электе украиндер кыйраган оорукана үчүн 250 млн гривен ( алты миллион доллардан көп) жыйнашты.

Ыктыярчылар менен карапайым жарандар ооруканага колдон келген жардамын чогулта салышты

Сүрөттүн булагы, KYLA HERRMANNSEN/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ыктыярчылар менен карапайым жарандар ооруканага колдон келген жардамын чогулта салышты

Адамдар эриш-аркак болуп бирине-бири жардам кылууга умтулган бул ынтымак мага 2014-жылы Майдандагы күндөрдү эске салды. Анда дагы ыктыярчылар каршылык жыйынга чогулган адамдарга дары-дармек чогултушуп, талаа госпиталдарын жана тамактануу пункттарын уюштурган эле.

Куткаруучулардын иши түнү бою уланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куткаруучулар түнү бою иштешти

Авариялык-куткаруу иштери «Охматдетте» түнү бою уланды. Оор машиналар менен тракторлордун дарылдаган үнү түнү бою басылган жок. Күрөк кармаган адамдар урандыларды тазалоого жардам беришти. Тазалоо иштери шейшембиде күндүзү аяктады.

«Охматдет» ооруканасына болгон россиялык чабуулдан эки чоң киши курман болду. Балдар кудайдын барманы менен гана аман калышты, бирок жарылуудан жабыркаган балдар да бар.

Соңку эки жарым жылда көп сыноону баштан кечирген Киев үчүн бул чабуул эң коркунучтуу күндөрдүн бири болуп калды.

«Дүйнө биригип муну токтотушун тилейм»,-деди Иран Тумен каңырыгы түтөп. – Бул балдардын эч күнөөсү жок, биздин эч күнөобүз жок. Бүт дүйнө муну көрсүн, уксун».

Киев

Сүрөттүн булагы, Getty Images