Кара куурай Германияда легалдашууда, Кыргызстанда талкууда

Германиянын өкмөтү кара куурайды легалдаштырмак болууда. Бирок марихуана өстүрүп бизнес кылууга жол берилбейт. Аны мамлекет өзүнүн көзөмөлүнө алып, ден-соолукту чыңдоо, дарылануу максатында гана колдонууга уруксат берет.

Каннабис Германия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Берлинден Би-Би-Си кабарчысы Дэмиен МакГиннес жиберген кабарга караганда, Германияда биринчи жолу кара куурайды дарылоо максатында колдонууга уруксат берилген жатат. Бул бирок мурда пландалгандай радикалдуу түрдө болбойт, башкача айтканда голландиялык стилдеги кафелердегидей кардарлар өзүнүн дозасын алып чегип отурбайт, алардын ордуна мамлекет көзөмөлдөгөн коммерциялык эмес каннабис клубдары болот. Анда катталган мүчөлөр келип, баңгизатты чектелген көлөмдө чегип тура алышат.

Ошол эле убакта кара куурайды өстүрүүгө бүт Германия боюнча уруксат берилбейт. Анын ордуна адамдарга өздөрү үчүн гана үйүндө өстүрүүгө уруксат болот, бирок үчтөн көп болбошу керек.

Ошентсе дагы бул абдан чоң кадам. Адамга 25 грамга чейин кара куурай алып жүрүү мыйзамдуу болот. Бул жердеги максат аны мыйзамсыз сатууга кыныккан соодагерлердин жолун бөгөп, кара куурайды рекреациялык максатта чакан көлөмдө чеккен адамдарды кылмышкер кылганды токтотуу болуп саналат.

"Кыргызга кудай өзү берген"

Каннабис

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда 2021-жылы казинолорду ачуу маселеси Жогорку Кеңеште талкууланган убакта депутат Дастан Бекешов кумар оюндарын ойноого уруксат берилген өзүнчө зонада керек болсо кара куурайга уруксат берүү сунушун киргизген болчу.

"Кээ бир өсүмдүктөрдү кыргыздарга кудай өзү берген, аларды мыйзамдаштырып, декриминализация кылып коюуга эмне үчүн болбосун, чет өлкөлүктөр келип, каалагандай чегип кете берсин. Ишенип койгула, анда Кумтөрдү жаап сала берсек болот",- деген Дастан Бекешов.

Профессор Жеңишбек Назаралиев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Профессор Жеңишбек Назаралиев

Ошол эле жылы Бишкекте кара куурайды легалдаштыруу маселесин талкуулаган биринчи эл аралык онлайн конференция болгон.

Анын демилгечиси дүйнөгө белгилүү нарколог-дарыгер, бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү Назаралиев болгон. Бирок анын сунушу Кыргызстандын өзүндө колдоо таба элек.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Назаралиев кара куурайдын арак менен тамекиге караганда зыяны аз экенин белгилеп, аны медициналык максатта колдонуу пайдалуу, экономикалык жактан кирешелүү болот деген.

Кара куурайды Кыргызстанда легалдаштыруу маселесине кыргыз бийликтери олуттуу караган түрү деле байкалбайт. Буга чейин расмий деңгээлде же расмий уюмдар катышкан кайсы бир жыйында ачык талкууланган учурлар боло элек.

Би-Би-Си кыргыз тараптын расмий оюн сурап, ИИМдин алдындагы баңгизаттарга, психтроптук заттарга көзөмөл кылуу боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин жооптуу катчысы Тимур Исаковго кайрылган элек.

"Азырынча легализация болгон бир дагы өлкө баңгизаттар ачыктан ачык колдонулган учурда социумда эмне жакшы болуп кеткенин көрсөтө элек. Кылмыштуулук, саламаттык сактоо, элдин ден соолугу жана башка жагында эмне болору жөнүндө маалыматтар жок. Мындан ким утуп жатат? Албетте, өндүрүүчүлөр гана. Эгер биз жаңылышып аткан болсок, бул бир өзүнчө бакыт болсо, анда далилдегиле, көрсөткүлө жакшы тажрыйбаны. Практика менен илимде аныкталбаган нерсени Кыргызстанда киргизүү туура болбойт. Илимий маалыматтарды бергиле, биз иштешкенге даярбыз. Эгер белгилүү илимий маалымат болсо, ошол сегментте марихуананын жана кара куурайдын өзү жөнүндө эмес, андагы айрым заттарды өзүнчө бөлүп алып, кыска мөөнөттүк негизде колдонуу жөнүндө сүйлөшүү мүмкүн. Тилекке каршы, бизде кара куурайды чеккендин терс гана жагын билебиз. Анын интеллектуалдык процесске, башкача айтканда баш мээге таасири күчтүү экени жөнүндө илимий маалыматтар бар. Мунун баары жалпыга белгилүү жана далилденген", -дейт Тимур Исаков.

Мексика марихуананы легалдаштырууну карап жаткан өлкөлөрдүн бири. Тийиштүү мыйзам долбоору парламентте каралууда.

Сүрөттүн булагы, CLAUDIO CRUZ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мексика марихуананы легалдаштырууну карап жаткан өлкөлөрдүн бири экени белгилүү.

Кыргызстандагы көп башка уюмдар, анын ичинде Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат дагы мурда бул демилгеге каршы экенин билдирген. Жарандык, диний коомчулук дагы бул сунушту четке кагат.

Кара куурай деген ат менен таанылган марихуана Кыргызстанда баңги заттардын курамына кирет жана аны өстүрүүгө, товар катары жүгүртүүгө өлкөдө тыюу салынат. Баңги заттарды сатып пайда издегендер эки жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

АКШнын 33 штатында кара куурайды медициналык максатта, 11 штатында рекреациялык максатта колдонууга уруксат берилген. Латын Америкасында Аргентина, Колумбия, Мексика, Чили, Перу, Джамайка жана Уругвай сыяктуу өлкөлөр аны медициналык максатта колдонууну легалдаштырышкан. (КС)