Украинанын туш-тарабына багытталган "шахеддер"

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

Орус армиясы тарабынан коё берилген “Шахеддер ” Украинанын батышына учуп жеткени айтылууда.

Винница, Житомир, Хмельницк, Тернополь, Черновинцк жана Ровненск облустарында аба чабуулунан коргонуу жарыяланды.

“Шахеддер” түштүктөн, Крым тараптан учуп келүүдө жана алардын багыты боюнча ар кайсы аймактардан абадан коргонуу күчтөрүнүн ок чыгарганы тууралуу кабарлар келип түшүүдө.

Азырынча дрондордун атып түшүрүлгөнү тууралуу маалыматтар жок.

alert.in.ua

Сүрөттүн булагы, alert.in.ua

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, alert.in.ua

Абадан чабуул жөнүндө эскертүүлөрдүн динамикасына караганда, орус армиясы учурган камикадзе-дрондор Украинанын батыш тарабын көздөй учуп жатат.

Түштүк аймактардан кийин андан ары түндүк-батыш тарапка, Черкаси жана Винница аймактарындагы "шахеддер" кыймылын көздөй абадан чабуул болушу мүмкүн деген эскертүүлөр берилди. Украинанын аскер-аба күчтөрү бул аймактарга учкучсуз учактардан сокку уруу коркунучу жөнүндө улам айтып жатат.

Буга чейин Николаев жана Кировоград облустарындагы абадан коргонуу күчтөрү дрондорду көздөй ок чыгарганы тууралуу кабарлар келген.

alerts.in.ua

Сүрөттүн булагы, alerts.in.ua

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, alerts.in.ua

Буга чейин «Шахед» чабуулунан улам беш облуста эскертүү жарыяланып, Николаев облусунда жарылуу болгону айтылган.

Орус армиясы 15-сентябрга караган түнү Украинага карай кайрадан камикадзе дрондорун коё берген. Украинанын түштүгүндөгү беш областта эскертүү берилип, айрым аймактарда жарылуунун ундөру угулууда. Бул аба чабуулдарынан коргонуу системасынын дрондорго карай соккулары болушу мүмкүн.

Украинанын коргоо күчтөрү соңку сааттарда удаа-удаа дрон чабуулдарынын коркунучу тууралуу Херсон, Николаев, Днепропетров жана Кировоград областтарында эскертүү берди. Андан көп өтпөй Запарожск областында аба чабуулу болушу мүмкүн деген эскертүү берилди.

Николаев областындагы жарылуулар тууралуу кабарлар тарады. Жергиликтүүлөр дрон чабуулунуа каршы абадан коргонуу системасы иштеп жатканын билдирип, система кайда, кантип иштеп жатканын тартууга болбой турганын эскертишүүдө.

Украина Россияны Киевдеги жарандык объектилерге "жанкечти" дрондор менен сокку уруп жатат деп бир нече жолу айыптаган. Алар келип сайылган жеринде жарылып, дрондун өзүн кошо жок кылат.

Бул орустардын кайсы дрону?

Аны Россияда "Герань-2" деп дагы аташат. Анын тумшук жагына жарылгыч зат коюлган жана чабуул коюуга буйрук болгучакты бутанын үстүндө калкып тура берет.

"Шахед-16" дронунун канаттарынын жазылыгы 2,5 метр, аны радардан байкоо кыйын.

Россиянын өзүндө мындай дрондордун канчасы бар экени белгисиз, бирок Иран жүздөгөн дрондорду Россияга жиберип жатканын АКШ билдирген. Иран өз кезегинде бул маалыматты ырастаган эмес.