"Баланын атын Патруль койгула деп сунушташты". Тыгында көз жарган келин төрөтканадан чыкты
Бишкекте тыгында калып, жолдо көз жарган келин төрөтканадан чыкты. Жыйырма жаштагы Дилназ Эркинбекова өзүнүн жана ымыркайынын абалы жакшы экенин Би-Би-Сиге айтып берди. Ал уулуна Алтайыр деген ат койду.

Бүгүн келинди Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматкерлери куттуктап барышты. Келин төрөткө көмөктөшкөн милиция кызматкерлерине ыраазычылын айтып, тамаша иретинде айдоочулук күбөлүк алууга жардам берүүнү сурады.
"Мен баштапкы толгоо болуш керек, бүгүн төрөбөйм деп ойлогом. Себеби менин төрөтүм 10-октябрга белгиленген. Тыгындан улам Гагарин-Бах (Садырбаев) көчөлөрүндө өтө көпкө туруп калдык. Ал жерде МАИ кызматкерлерин жолуктурдук. Алар биздин куткаруучуларыбыз. Алардын жардамы менен төрөтканага жеттик. Көбү баланын атын Патруль койгула деген кеңеш беришти. Бирок башка ат койдук", – деди Би-Би-Сиге Дилназ Эркинбекова.
26-сентябрда Бишкекте кош бойлуу келин тыгындан улам жолдо калып, кайгуул кызматкерлерге кайрылганы, бирок төрөтканага жетпей, унаада төрөгөнү кабарланган.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы ушул эле күнү борбор калаада дагы бир келин кызматтык унаада көз жарганын маалымдаган.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалык полкунун командири, милициянын майору Айбек Жамангулов жолдо жардам сурап кайрылгандар көп болорун билдирди:
"Бишкек шаарында ремонтко 18 көчө жабылган. Эртели-кеч тыгын болуп жатат. Биздин кызматкерлер жол кыймылын жөнгө салып жатат. 26-сентябрда Толкунбек менен Айкөл кызматта болчу. Аларга келиндин жакындары жардам сурап кайрылышыптыр. Алар унаага салып алып баратканда келин жолдо төрөдү, балдар төрөткө катышты. Негизи бизде мындай учурлар аябай эле көп болот. Анткени биз 102 кызматын аткарабыз да".
Соңку учурда Бишкекте тыгын көйгөйү күч алып, мэрияга карата элдин нааразылыгы көбөйдү.
Ал арада Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында калаадагы жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.
Жыйында калаадагы тыгын маселеси талкууланып, Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгына жол кыймылын эртең мененки жетиден онго чейин жана кечки алтыдан сегизге чейин күчөтүлгөн тартипте жөнгө салуу боюнча чара көрүү тапшырылды.
Бишкек шаарында жаз-жай айларында башталган жол оңдоо иштерине байланыштуу көп көчөлөрдө унаалардын тыгыны күчөдү. Жаңы окуу жылы башталганы жол кыймылы көбөйүп, жолдогу тыгын башка көчөлөргө да жайылды. (AA)
















