Мексика менен чек арага дубал курулат. Байден убадасынан кайттыбы?

Сүрөттүн булагы, gatty
АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Мексикадан мыйзамсыз иммиграциянын агымын токтотуу үчүн Техастын түштүгүндө 30 чакырымдай чек ара дубалын курууга уруксат берди.
Кызматка киришкенден кийин, Байден Дональд Трамптын тушунда башталган чек ара дубалынын курулушун дароо токтоткон болчу.
Бул анын шайлоо өнөктүгүнүн негизги пункттарынын бири болгон – ал “менин администрациямдын тушунда бир сантиметр да дубал тургузулбайт” деп убада кылган. 2021-жылдын 20-январындагы курулушту токтотуу боюнча билдирүүсүндө "бүт түштүк чек арасын камтыган чоң дубал куруу саясий жактан маанилүү чечим эмес" деп айтылган.
Бирок шаршемби күнү Байдендин администрациясы курулушту улантууга уруксат берүү үчүн Техастын түштүгүндө 26 федералдык мыйзамды токтотуп жатканын жарыялады. Байден өзүнөн мурунку президент кеңири колдонуп келген аткаруу бийлигиндеги ыйгарым укукту биринчи жолу колдонуп жатат.
Улуттук коопсуздук департаменти тиешелүү жарыяны АКШнын Федералдык реестрине жарыялады.
Бөлүм тарабынан токтотулган федералдык мыйзамдарга Таза аба мыйзамы, Таза ичүүчү суу мыйзамы жана Жоголуп бараткан түрлөр мыйзамы кирет. Бул экологиялык мыйзамдардын бузулушу боюнча узакка созулган текшерүүлөрдөн жана соттук териштирүүлөрдөн кутулууга жол берет.
"Азыр АКШнын чек арасына жакын жерде тосмолорду жана жолдорду куруунун курч жана шашылыш муктаждыгы пайда болгон", - деди Улуттук коопсуздук катчысы Алехандро Майоркас билдирүүсүндө.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, быйылкы каржы жылында Рио-Гранде өрөөнүнүн 21 округунда эки жүз кырк беш миңге жакын адамдын чек арадан мыйзамсыз өткөн учуру катталган.
"Конгресс 2019-финансы жылы Рио-Гранде өрөөнүндөгү чек ара тосмосун курууга каражат бөлдү жана департамент бул каражаттарды максаттуу пайдалануусу керек. Кызмат өлкөнүн маданий жана жаратылыш ресурстарын коргоого умтулат жана бул өзгөчө макам камтылган долбоорго экологиялык жактан таза ыкмаларды колдонот.” - деп айтылат АКШнын Бажы жана чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Сүрөттүн булагы, CAROLYN COLE / LOS ANGELES TIMES
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Старр округунун дөңсөөлөрүндө үч миң чарчы километрден ашык аймакта, Техастагы Сапата жана Мак-Аллен шаарларынын ортосунда, алтымыш беш миңдей адам жашайт. Бул Төмөнкү Рио-Гранде өрөөнүндөгү жапайы жаратылыштын, улуттук коруктун бир бөлүгү.
АКШнын Бажы жана Чек ара кызматы долбоорду июнь айында жарыялап, августта жергиликтүү тургундар менен кеңешип, аймактагы чек ара тосмо системасына отуз эки километрге чейин созулган дубалдын картасын жарыялаган.
Трамптын администрациясынын тушунда 2017-жылдан 2021-жылдын январына чейин түштүк-батыш чек арасында болжол менен жети жүз жыйырма төрт километр тосмолор курулган. Ал курулушту Байдендин администрациясы анын президенттик мөөнөтүнүн башында токтоткон болчу. Техас штатынын губернатору Грег Эбботт бул ишти кийин кайра баштаган.
Дубал куруунун жактоочулары федералдык мыйзамдарды жокко чыгаруу жалпысынан чек ара саясатын өзгөртүү үчүн негиз болушу керек деп эсептешет.
“Бекем дубал – бул биздин чек араларыбызды көзөмөлдөөнүн натыйжалуу куралы. Ушундай макулдук алуу менен администрация чек аранын башка бөлүктөрүндө да мыйзамсыз трафиктин өтүшүнө жол бербөө үчүн, бүт чек араны бойлото дубал курууну токтоосуз баштоосу керек," – дейт, Американын иммиграция реформасы федерациясынын президенти Дэн Стайн билдирүүсүндө.
“Чек ара дубалы 14-кылымдагы көйгөйдүн 21-кылымдагы чечими. Бул Старр округундагы чек ара коопсуздугун жакшырта албайт. Мен салык төлөөчүлөрдүн долларларын натыйжасыз чек ара дубалына ысырап кылууга каршымын." - деди конгрессмен Генри Куэллар билдирүүсүндө.
Экологдор мындай курулушка каршы. Алардын ою боюнча, дубал жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдүн жана жандыктардын түрлөрү жашаган жерлеринен өтөт.
“Бул дубал жаныбарлар дүйнөсүнүн жүрөгүнө өтпөс тосмо коёт. Бул жапайы жаныбарлардын миграциясын токтотот, жапайы жаныбарлар үчүн баш калкалоочу көп сандагы аймактардын жок болушуна алып келет. Бул чек ара аймактары үчүн артка кеткен коркунучтуу кадам”, - деди түштүк-батыштагы жаратылышты коргоочу, Биологиялык ар түрдүүлүк борборунун өкүлү Лайкен Жордал. (DO)








