Дүйнөлүк сооданы солк эттирчү Кызыл деңиз

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO/GETTY IMAGES
“Кызыл деңиздеги соңку жагдай дүйнөлүк сооданы солк эттирет” деп Байден баштаган бир катар дүйнөлүк лидерлер билдирүү жасады. Бул чындап эле ошондой. Мындан улам "кимде ким жүк ташыган кемелерди бутага алып, барымталайбыз десе катуу жооп болот" деп эскертишти.
Би-Би-Си бул соода-жолунун маанисин чечмеледи.
Кызыл деңиздеги абалдан ишкер эле убара тартпастан, буйрутма берген кардарга чейин кыйналып калышы толук ыктымал. Анткени күткөн товары убагында колуна жетпейт. Айрым учурда бир апта кечиккен товардын пайдасы тийбей кардар баш тартышы да мүмкүн. Кызыл деңиз эмнеси менен өтө маанилүү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул деңиз дүйнөлүк соода-сатыктын негизги бир күрө тамырындай күчкө ээ. Ал физико-географиялык жактан абдан маанилүү аймакты ээлейт. Кызыл деңиз Суэц каналынын түштүгүндө жайгашып, Азия менен Европанын ортосундагы суу аркылуу жүк жеткирүүнүн эң кыска жолу болуп саналат. Деңиз же океан аркылуу жүк жеткирүү тонналаган жүктү ташуудагы эң арзан жолдун бири. Темир жолго салыштырганда дагы арзан түшөт. Демек бул сатыла турган товардын баасына түздөн-түз таасир этет. Сатыла турган товардын баасы транспорт чыгымдарын, өндүрүүгө кеткен чийки затты, жумушчу күчүнө төлөнгө акынын баарын эске алып коюлат эмеспи.
Глобалдык соода жүгүртүүнүн 12-15 пайызы Кызыл деңиз аркылуу өтөт. Бул жылына 1 трлн долларга барабар товар ташылат дегенди билдирет.
Кийинки тарабында, Жибути менен Йемендин ортосунда Баб ал-Мандаб деген кысык бар.
Ал кууш болгону менен, мунай жана табигый газ ташууда стратегиялык маанидеги жол болуп эсептелет
Аталган кысык аркылуу күн сайын миллиондогон баррел мунай жана күйүүчү май алып өтүшөт.
Айланып өтчү маршрутту көрүңүз

Бул аймакта коопсуздук маселелери жаралса, кемелер багытын өзгөртүп, Африка материгин айланып өтүүгө туура келет.
Эгер ошондой кырдаал жаралып, айланып өтүүгө туура келсе, кемелер дагы 10 күн жол жүрүп, чыгашалары да өсөт. Жыйынтыгында кардарлардын товарлары да кымбаттайт.
Ошондуктан Кызыл деңизде маселе чыкса, анын таасири дүйнө жүзүнө тийет.
Соода жолундагы соңку жагдай

Сүрөттүн булагы, INDIAN NAVY
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Хуситтердин чабуулдары Израилдин Газага кургактан басып киришинен кийин башталган, анда ал жердеги кагылышууда 25 700 палестиналык набыт болгон, негизинен - балдар жана аялдар. Согуш 7-октябрда ХАМАС согушкерлеринин Израилдин түштүгүнө болуп көрбөгөндөй чек ара чабуулунан улам келип чыккан, анда 1200гө жакын адам каза болду (алардын көбү карапайым адамдар) жана 250гө жакыны барымтага алынган.
Ошондон бери коммерциялык жүктөрдү коргоо үчүн 10 өлкө ачык колдогон АКШ баштаган коалиция түзүлдү, бул Кызыл деңиздин эл аралык соода үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөтүүдө.
Суэц каналы аркылуу жылына өтүүчү 17 миң соода кемеси да ушул суу жолу аркылуу өтүүгө тийиш. Алар ташыган товарлардын баасы дүйнөлүк сооданын болжол менен 10% же 1 триллион долларына барабар. Хуситтердин чабуул коркунучу кемелерди аймактан качууга мажбурласа, анда ал Чыгыш Азиядан Европага чейинки жол убактысын 25 күндөн 34 күнгө чейин узартып, товарлардын баасын да жогорулатат.
Хусит козголоңчулары ХАМАС менен тилектештик билдирип ноябрдан бери Баб эль-Мандеб кысыгында коммерциялык кемелерге кол салууда. Хуситтер Йемендин чоң бөлүгүн көзөмөлдөп, Ирандын колдоосуна ээ жана Сауд Арабияны, АКШны жана Израилди душман деп эсептешет. Алар Израилдин соода флотун бутага алып жатканын айтышкан, бирок Израил менен байланышпаган кемелер да дрондор жана ракеталар менен аткыланган.
Суец каналы - сооданын кан тамыры

Сүрөттүн булагы, Reuters
Суец каналы Египеттин кирешесинин негизги булагынын бири. Кууш канал аркылуу жылына 17000-19000 кеме жүк алып өтөт. Анда ар кандай товарлардан сырткары тонналап мунай заты ташылат. 2021-жылы каналга контейнер ташыган зор кеме кептелип калып, бир нече күн бою кыймыл толугу менен бөгөттөлгөн. Контейнер ташуучу кеменин туруп калышы боюнча атайын иликтөө дагы жүргөн. Анда шамаалдан улам кеме нин учу жээкке матып калды десе, дагы бирлери экипаждын катасынан келип чыкты деген. Натыйжада бир нече күн Суец каналы бөгөттөлүп турушу дүйнөлүк соодага оңбогондой таасирин берген. Анын чыгымын миллиарддага долларга баалашкан.
Ever Given 219 076 тонна жүктү ташый ала турган, узундугу 400 метрлик зор кеме. Ал 2018-жылы чыгарылган. Кемени ордунан козгоо үчүн миңдеген тонна кумду, ылайды шилеп алууга туура келген.












