Уран планетасында океан, ал тургай балык да болушу мүмкүн

Сүрөттүн булагы, SPL
Уран - биздин күн системабыздын чет-жакасында жайгашып, муз менен капталган эң ыраактагы өзүнчө бир сырдуу, муздуу дүйнө десек болот.
Ал эң муздак планеталардын бири.
Окумуштуулар Уран планетасынын алгачкы сүрөттөрүн изилдеп жаткан учурдун өзү да тарых болуп сүрөттөрдө калды. Ошол изилдөө аракети да өзүнчө бир кызык окуя. Бир топ мезгил өткөн соң анын ойго келбеген жаңы өңүтү ачылып жатат. Адегенде алгачкы изилдөөнүн учкай тарыхынан баштайлы.
1986-жылы НАСАнын “Вояжер 2” космостук кемеси Уранга жакын учуп өтүп, планетанын жана анын беш чоң жандоочусунун сенсациялуу сүрөттөрүн жөнөткөн. Ошондо, коомчулук аны алгачкы жолу жакындан көргөн эле.
“Геологдор анын өңгүл-дөңгүл бетинин тунук сүрөттөрүн көрүп таң калышкан”,- дейт кабарчы.

Жерге жөнөтүлгөн маалыматтар, бул планета жана анын жандоочулары активдүү эмес экенин, жана, Урандын коргоочу магнит талаасы кызыктай болуп бурмаланганын көрсөткөн.
Андан бери ондогон жылдарөттү. Эми жаңы изилдөө “Вояжер 2” жандап өткөн күн изилдөөгө, сүрөткө тартып алууга оңтойсуз учур болгонун көрсөтүп турат.
Бул "Вояжер 2" учуп өткөн кездеги Урандын магнит талаасынын абалы. Ал талаа планета бөлүп чыгарган газдарды кармап турган идиш сыяктуу болушу керек. "Вояжер 2" эч нерсе таба алган эмес, андыктан ал, бул - өлүк дүйнө экенин көрсөткөн. Көрсө, маалымат, газдарды учуруп кетиши мүмкүн болгон күчтүү күн бороону жүрүп турган учурунда алынган экен.
Ал бороон керек болсо магнит талаасын да бурмалаган, анын чыныгы көрүнүшү ушундай болушу керек. Мунун баары Уран жана анын беш жандоочусу тең активдүү, жана аларда океандар болушу мүмкүн деген мурункудан аябай айырмалуу ойго жетелетй.

Сүрөттүн булагы, NASA
"Бул жыйынтыктар, уран системасы биз ойлогондон алда канча кызыктуу болушу мүмкүн экенин айгинелейт. Аны коштоп учкан жандоочуларында жашоо үчүн зарыл шарттар болушу мүмкүн. Ал тургай алардын кыртышында чалкыган океандар, а түгүл быкылдап жүргөн балыгы да болушу ыктымал”,- дейт Уиллиам Данн.
1986-жылы Вояжер менен иштеген окумуштуулардын бири Nature Astronomy журналында жарыяланган жаңы маалыматтар тууралуу укканда абдан кубанганын жашырган жок.
"Жаңы маалыматтар абдан кызыктуу экен. Уран системасында жашоо болушу мүмкүн экенин, жана Вояжердин маалыматтары менен ушунчалык көп иштер жасалып жатканына кубанып атам. Окумуштуулар 1986-жылы алынган бул маалыматтарды карап, жаңы натыйжаларды жана жаңы ачылыштарды жасап жатканы эң сонун”,- дейт Линда Спилкер.

Сүрөттүн булагы, NASA
“Вояжер 2” муздуу планетанын жана анын жандоочуларынын жанынан учуп өткөнүнө кырк жылга чукулдады.
NASA 2045-жылга карата жаңы миссиясын пландаштырууда.
Кезинде "Вояжер 2" аппараты өлчөгөн маалыматтарды кайрадан текшерип көрүү идеясын көтөргөн NASA уюмунун илимий кызматкери Жейми Ясински анын бул демилгеси Уранга жөнөтүлө турган кандай гана миссия болбосун бул жыйынтиык абдан баалуу көмөк болуп берет деп ишенет.
Окумуштуулар, бул жандоочуларда жашоо бар болушу мүмкүнбү деген суроого ошондо жооп алабыз деп үмүттөнүшөт.












