Германиядагы шайлоо: Фридрих Мерц баштаган консервативдик күчтөр блогу алдыга чыкты

"Германия үчүн альтернатива" партиясы 19,6 % добуш менен экинчи орунга чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Германия үчүн альтернатива" партиясы 19,6 % добуш менен экинчи орунга чыкты

Экзитполдун жыйынтыгына караганда, Германиянын парламенти Бундестагга өткөн шайлоодо "Христиан-демократиялык союз" (CDU) жана "Христиан-социалдык союзу" (CSU) кирген консервативдүү күчтөр блогу алдыда келе жатат. Алар шайлоочулардын 29% добушуна ээ болду.

Ашыкча оңчул "Германия үчүн альтернатива" партиясы 19,6 % добуш менен экинчи орунга чыкты.

Олаф Шольцтун "Германиянын социал-демократиялык партиясы" 16% добуш алып, тарыхтагы эң начар жыйынтык менен үчүнчү орунда келе жатат.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкса, жеңишке жеткен консервативдүү күчтөр блогунун лидери Фридрих Мерц канцлердин кызматына негизги талапкер болуп калат.

Жекшемби күнү кечинде добуш берүү бүтөөрү менен Мерц өзүнүн блогу жеңишке жеткенин жарыялады.

"Бүгүн кечинде биз өзүбүздүн жеңишибизде майрамдайбыз, ал эми эртеңден баштап жумушка катуу киришебиз", – деди Мерц Берлиндеги тарапташтырына.

Шайлоонун жыйынтыгы менен экинчи орунду "Германиянын альтернативасы" ээледи. Алар шайлоочулардын 19,6% добушун ала алды. Мындай ийгиликтүү көрсөткүч менен Алис Вайдельдин партиясы Бундестагдагы депутаттардын санын эки эсеге көбөйтө алат.

Олаф Шольц бул шайлоодо утулганын моюнга алып, партия үчүн бул жыйынтык оор болгонун билдирди.

Мындан сырткары "Жашылдар" 13,3% добуш алса, Солчулдар партиясы 8,6% ээлеген. Шайлоого катышкан эки партия беш пайыздык чектен өтпөй калган.

Шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 54,18 пайызы катышты – бул 1990-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Консервативдик күчтөрдүн лидери Фридрих Мерц Германиянын жаңы канцлери болууга башкы талапкер

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Консервативдик күчтөрдүн лидери Фридрих Мерц Германиянын жаңы канцлери болууга башкы талапкер

Эми коалиция кандай түзүлүшү мүмкүн?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шайлоодо суурулуп чыккан консервативдүү күчтөрдүн блогунун лидери Фридрих Мерц Германияга жаңы канцлер болууга башкы талапкер. Бирок жаңы канцлерди Бундестагда башкаруучу коалиция түзүлгөндөн кийин гана тандашат.

Мерц коалициялык өкмөттү 20-апрелге чейин түзгөнгө аракеттенерин дебат учурунда билдирген. Бирок ага бул иш оңойго турбайт. Себеби шайлоодо экинчи болуп келген "Германия үчүн альтернатива" партиясы менен коалиция түзүү мүмкүн эмес. Көптөгөн саясатчы, анын ичинде Мерц дагы бул партиянын лидери Алис Вайделге карата "брандмауэр" (ашынган оңчулдар менен сүйлөшүүлөргө жана кызматташууга жабык) саясатын карманат.

Алис Вайдель өз кезегинде ким менен болбосун иштешкенге даяр экенин билдирген. Бирок анын катышуусу менен коалицияга биригүү мүмкүн эмес экенин түшүнүп турат.

Адистердин баамында, Фридрих Мерц баштаган блок "Социал-демократтар" жана дагы бир партия менен коалиция түзүшү мүмкүн. Эгерде Мерц мурда сөз кылгандай "Германия үчүн альтернатива" менен кызматташуудан баш тартса, анда "Социал-демократтар" жана "Жашылдар" партиялары менен биригип иштеши мүмкүн.

Олаф Шольц башында турган башкаруучу коалиция экономикалык саясат боюнча бир пикирге келе албагы үчүн ыдырап кеткен

Сүрөттүн булагы, Krisztian Bocsi/Bloomberg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Олаф Шольц башында турган башкаруучу коалиция экономикалык саясат боюнча бир пикирге келе албагы үчүн ыдырап кеткен

Шайлоо кандай өттү?

Германия 299 бир мандаттуу округга бөлүнгөн жана ар бир шайлоочу Бундестаг үчүн белгилүү бир талапкерге добуш бере алат. Беш пайыздан ашык добуш алган партиялар тизменин негизинде парламенттик фракцияларды түзүшөт.

Шайлоо бул ирээт жаңы мыйзамдын негизинде өттү. Депутаттардын саны мурда 733 болсо, эми 630 болуп калды.

Шайлоодо жеңишке жеткен партия коалицияны түзөт, андан кийин президент ошол партиянын лидерин канцлер кызматына сунуштайт. Парламент анын талапкерлигин колдоп, добуш берет.

шайлоо

Сүрөттүн булагы, Reuters

Шайлоочуларды түйшөлткөн негизги маселе

Бул шайлоодо добуш берүүчүлөрдү ойлондурган эң башкы үч маселе болду – алар экономика, миграция жана коопсуздук.

Социал-демократ Олаф Шольц башында турган башкаруучу коалиция экономикалык саясат боюнча бир пикирге келе албагы үчүн ыдырап кеткен. Евробиримдиктин эң ири экономикасы катары эсептелген Германия эки жыл катары менен өспөй, ордунда туруп калды.

Миграция жана коопсуздук маселеси соңку жылдары күн тартибинен түшпөй келүүдө. Алсак, 2024-жылдын май айынан бери эле Германияда чуулгандуу беш кол салуу фактысы катталды. Анын үчөө шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан маалда болду. Бул кол салууларга шектүү катары кармалгандардын баары мигранттар.

Башка европалык өлкөлөр сыяктуу эле Германия дагы АКШнын жаңы бийлигинин жаңы риторикасын эске алуусу керек. Трамптын администрациясы чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыздоо жоопкерчилиги европалыктарда деп айтканы менен, Украина боюнча соңку сүйлөшүүгө аларды чакырган жок.

Фридрих Мерц экономиканы калыбына келтирүүнү, мигранттардын санын чектөөнү, салыктырды азайтууну, Украинага колдоону күчөтүүнү убада кылып келди. (KB)