"Эл шайлап берген депутаттар менен иштешүүгө даярбыз". Президенттин кайрылуусу

Кыргыз президенти Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз президенти Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров шаршембиде мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону 30-ноябрга белгиледи. Ушул эле күнү ал түз эфир аркылуу чыгып, шайлоо боюнча кайрылуу жасады.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы президенттин кайрылуусундагы урунттуу беш жагдайга токтолот.

Мамлекетчил атуулдар

Алды менен өлкө башчысы өзүн-өзү таркатып кезексиз кийинки парламенттик шайлоого жол ачкан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ыраазычылык билдирип өттү. Жапаров бир да депутатка "тарагыла" деп басым жасабаганын айтты.

Президент дагы калган бир жылдык мөөнөтүн эмес, "мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлогон депутаттарды мамлекетчил атуул" деп сыпаттады.

Жапаров келечекте эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине учкашып өтсө, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизип, БШКга да күч келмегин айтты. Ошондой эле Кыргызстанда 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана көчмөндөр оюну өтсө, "тогуз толгоо" жагдайы түзүлмөк деди.

"Кийинки шайлоого барсам..."

Президент Жогорку Кеңештин таркап кетиши кийинки жылы өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу эмес экенин айтты. Президент кайрылуусунун ушул жеринде беш жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен шайланып келгенин эстеп, кийинки шайлоого барса, 90 пайыз аларына ишенимин билдирди.

Эски шайлоо системасы жоюлду

Президент эгемендик тарыхындагы 30 жыл ичинде Кыргызстанда үч жолу төңкөрүш болгонун, алардын бары шайлоолордон келип чыкканын баса белгиледи.

"Үч жолу мамлекетибиз чачырап кетүү коркунучуна келип такалган. Анткени шайлоолор адилет өтчү эмес. Биринин добушун экинчисине кошуп же болбосо аз добуш алган талапкердин добушун көбөйтүп, добуштарды сатып алып, айтор, бийлик башындагылар шайлоолорду каалагандай өткөрүп келген. Азыр андай эски шайлоо системасын жок кылдык", - дейт президент.

Ал ошондой эле илгеркидей бюллетендерди чыгарып алып, шайлоо участокторуна алдын ала камаздап ташып барып, аларды күнү-түнү кайтарып жаткан мезгил өткөнүн, баары санариптештирилгенин айтты.

"Кыскасы, бир дагы талапкер же кандайдыр бир күчтөр шайлоонун жыйынтыгына доомат коё албайт. Себеби бизде шайлоо системасы толук электрондошуп, автоматташкан. Мындай шайлоо системасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бизде гана бар", - деди Жапаров.

"Бийлик шайлоого аралашпайт"

Кайрылуусунда президент мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт деп ишендирип, элди татыктуу талапкерлерди шайлоого чакырды.

"Өз балабыз деген түшүнүктөн да алыс болуңуздар. Чаткалдан Алайга, Алайдан Ат-Башы менен Каркырага барып койсо дагы баары өз балаңар. Биз баарыбыз бир элбиз".

Жапаров шайлоого байланыштуу жергиликтүү бийликке кайрылып, шайлоого аралашпоону талап кылды:

"Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз".

Гендердик квота

Президент өз кайрылуусунда соңку мыйзамдар боюнча ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келерин, шайлоочу талапкерлердин бирөөнө гана добуш бере аларын баса белгиледи:

"Үчүнчү орун аялдардыкы. Мурда аялдар эркектер менен бирдей шартта эле шайлоого катышчу. Дүйнөдө бир да өлкөдө жок системаны киргиздик. Аялдардын укугу тебеленбесин дедик".

Президент Садыр Жапаров бул шайлоону башынан-аягына чейин жеке өзү көзөмөлдөрүн, ар бир округ боюнча маселе жаралса, БШК териштирүүлөрүнө да катышууга барарын айтты.