Трамптын ортомчулугунан кийин токтогон Таиланд–Камбоджа жаңжалы кайра тутанды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Таиланд эки өлкөнүн талаштуу чек арасында Камбоджанын аскердик объектилерине абадан сокку урганын билдирди. Бул окуяны Камбоджа аскерлеринин чабуулуна жооп деп атады.
Таиланддын маалыматына караганда, жекшемби күнү эки тайтанддык жоокер каза болуп, төртөө жаракат алды.
Камбоджа маалыматты төгүндөп, Таиланд биринчи кол салганын, камбоджалыктар жооп кайтаруудан баш тартканын айтууда.
Дүйшөмбү күнү Таиланддын Королдук армиясы курал ташуу үчүн камбоджалыктар тарабынан курулган жолду жок кылганын билдирди.
Камбоджа менен Таиланддын ортосундагы чек ара талашынын узак тарыхы бар жана соңку эскалация июль айында чек арада беш күнгө созулуп, ондогон адамдардын өмүрүн алган.
Андан кийин эки тарап Малайзиянын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу келишимине кол койгон.
Мындай аракеттерге АКШ президенти Дональд Трамп да кошулган. Ал эки өлкөнүн лидерлери менен байланышып, согуш токтобосо, тарифтик сүйлөшүүлөрдү токтотом деп коркуткан. Октябрда Трамп эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык декларациясына кол коюуга күбө болуу үчүн атайын Малайзияга барган.
Бул аракеттери үчүн Камбоджа Трампты Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүп, анын тынчтык келишимине берилген бойдон каларын билдирген.
Таиланддын премьер-министри Анутин Чанвиракула өлкө зордук-зомбулукка эч качан умтулбаганын, бирок өз эгемендигин коргоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды колдонууга даяр экенин билдирди.
Ал элди өкмөттүн жана аскердик жетекчиликтин абалды башкаруу аракетине ишенүүгө чакырды. Эки тарап тең соңку кагылышууларды бири-бирине жүктөп жатат.
Камбоджанын мурдагы премьер-министри Хун Сен Таиланд "басып киргенин" айтып, түрдүү курал колдонуу менен Камбоджаны жооп кайтарууга түрттү деп айыптады.
Ал бүгүн эртең менен Facebook баракчасында Таиланд ок атышууну токтотуу келишимин жана эки тарап октябрда кол койгон тынчтык боюнча биргелешкен декларацияны бузду деп билдирди.












