Электроскутерлердин көбөйүшү: жол коопсуздугу жана жоопкерчилик
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Бишкек көчөлөрүндө электроскутерлердин катышуусундагы жол кырсыктарынын саны өсүүдө. Мындан улам жол коопсуздугуна байланыштуу тартипти катуу көзөмөлгө алып, жаңы талаптарды бекитүү зарылдыгын айткандар жок эмес. Расмий органдар, маселени чечүү үчүн электроскутер жана мопеддерге атайын "М" категориясын киргизүү маселеси каралып жатканын айтууда. Бул кадам транспорт коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жетиштүүбү?
Соңку жылдары Бишкектин көчөлөрүндө кыйма-чийме каттаган электроскутердин саны көбөйдү. Айрыкча күн жылымдаган мезгилден тарта кыйма-чийме эле каттап калышат. Жөө жүрө турчу жолдордо катуу ылдамдык менен айдап, урунуп-беринген, ал тургай оор жаракатка жеткирген мисалдар арбын. Ошондон улам буларды кайсы мекеме, кантип тескейт деген суроо барган сайын актуалдашууда.
Электроскутер экологияга зынянсыз, тез жана ыңгайлуу транспорт деген менен анын да терс жактары жок эмес.
Ой келди айдап, унааларга, жөө адамдарга зыян келтирген учурлар көп болуп жатканы коомдо кызуу талкууга алынууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дагы бул көйгөйдү ырастап, учурда жашы жеткени деле, жетпегени желе электроскутерлерди башкарып жатканын ачык айтты.
"Коом адаптация боло элек"

Сүрөттүн булагы, Official
Шаардык клиникалык тез жардам берүү ооруканасы учурда электроскутерден жабыркаган үч бейтап дарыланып жатканын билдирди.
Маалыматка караганда, бир бейтап жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, баш мээсинен жаракат алып, операциядан кийин орточо оор абалда. Экинчи бейтап КамАЗ унаасы менен сүзүшүп, буту сынган. Үчүнчү бейтап жеңил унаа менен кагылышып, мээси жабыркаган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Жөө адамдарды сүзүп алып жатышат. Учкашып кетип баратып өздөрү жыгылып жатат. Машиналар менен сүзүшүп жаткан учурлар да бар. Шаар тургундары "электроскутер" же "электросамокат" дегендерге адаптация боло элек. Алар үчүн атайын бөлүнгөн жолдор же сызыкчалар жок",- деди Клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Илимбек Манапов.
Дарыгердин айтымында, 2024-жылдын жаз айларынан сентябрга чейин электр транспорт каражаттары менен кырсыктап, ооруканага 1015 киши кайрылган. Алардын 70и оор абалда келип, айрымдарына операция жасалган. 2025-жылдын март жана апрель айларында эле 95 киши кайрылып, алардын тогузу оор жаракат менен келген. Калган 86 кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
"Көпчүлүгү колу-буту сынып келгендер, баш сөөктөрү жабыркагандар. Бел омурткасы сынгандар дагы кездешет. Бул бир эле Шаардык клиникалык тез жардам берүү ооруканасына түшкөн бейтаптар. Мындан тышкары Чүй облустук ооруканасына, №3 балдар ооруканасына жана Улуттук госпиталга кайрылгандар бар. Негизи жалпы статистика көп эле",- деди Илимбек Манапов.
"Жашы жеткени дагы, жетпегени дагы айдап жүрөт"

Сүрөттүн булагы, Official
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери электроскутерлер жана мопеддердин катышуусунда 137 жол кырсыгы катталды. Кесепетинен 157 адам ар кандай жаракаттарды алып, үч киши каза болгон. Башкармалык бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топ жогору экенин айтат.
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тийиштүү укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип жатат. Анын алкагында кубаттуулугу 25- 50 куб. см болгон электроскутерлерге жана мопеддерге кошумча "М" категориясын берүү жагы каралууда. Бул өзгөртүүлөр менен мопед жана электроскутер айдаган жарандардын жоопкерчилиги катардагы айдоочуларга теңелет",- деди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байгазы Айткул уулу.
Айтымында, өзгөрүүлөр ишке ашса, 25-50 куб. см кубаттуулуктагы электроскутерлерди жана мопеддерди 17 жаштан жогору адамдар гана айдай алышат. Бул үчүн атайын авто мектепти бүтүрүү талап кылынат. Ошондой эле, алар өлкөгө киргенден кийин каттоого алынып, унаалар сыяктуу мамлекеттик номер берилет.
"Бул транспорт каражаттарынын жоопкерчилиги боюнча толук көзөмөл жүргүзүлөт. Ушул күнгө чейин эч кандай каттоосу жок эле айдап жүрүшөт. Кесепетинен жол кырсыктарынын саны көбөйүп жатат. Азыркы учурда жашы жеткени дагы, жетпегени дагы, жергиликтүү жарандар дагы, чет элдик коноктор дагы айдап жүрүшөт",- деди ал.
Байгазы Айткул уулунун айтымында, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында электроскутерлерди мыйзам бузуу жолу менен айдагандардын арасында Индиядан жана Пакистандан келгендердин саны дагы арбын экени аныкталган.
Алардын көпчүлүгү жеткирүү кызматтарында иштеп, эч кандай коопсуздук эрежелерин сактабай, тиешелүү документтери жок эле айдап жүрүшкөн.
"Буларды ишке кабыл алып жаткан жеткирүү компанияларынын жетекчилери менен дагы жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз",- деди ал.
"Контрабандалык жол менен кирет"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев учурда электроскутерлерге байланыштуу көйгөйлөр арбын экенин белгиледи.
"Бизде электроскутерлерди көбүнчө жаштар айдап жүрөт. Бул жакшы көрүнүш. Бирок арасында 14-15 жаштагы өспүрүмдөр дагы бар. Алар көп учурда жол эрежелерин билбейт, жөө адамдардын жолунда жүрүшөт. Азыр тиешелүү органдар менен биргеликте бул маселени чечүү үчүн мыйзамдык базаны чыңдоонун жолдорун караштыруудабыз. Башка мамлекеттер бул көйгөйдү кандай чечип жатканын изилдеп жатабыз",- деди ал.
Депутат Кыргызстандын жол инфраструктурасы электроскутерлерге ылайыксыз экенин белгиледи. Айтымында, алар үчүн атайын тилкелердин жоктугу дагы кошумча көйгөй жаратууда.
Андан тышкары Бекешев электроскутерлердин көбү өлкөгө контрабандалык жол менен кирип жатканын кошумчалады.
"Алардын документтерин текшергенибизде, көпчүлүгүнүн техникалык паспорттору туура эмес толтурулган. Мисалы, кыймылдаткычы 80 куб.см болгон транспорттор кагаз жүзүндө 49 куб.см деп көрсөтүлгөн учурлар көп. Жол инспекторлору тарабынан мындай фактылар аныкталып, экспертиза жүргүзүлгөн учурлар дагы болуп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен документтер жасалма экени далилденүүдө",- деди депутат.
Бекешев Кыргызстанда жалпы эле жол эрежелерин сактоо маданияты өтө төмөн экенин белгиледи. Айтымында, жума сайын эрежени бузгандарга 18 миңден ашуун протокол түзүлөт экен.
"Демек, бир жумада 18 миңден ашуун киши жол эрежесин бузат экен. Бул расмий катталган гана көрсөткүч. Расмий эмес фактылар мындан да көп болушу мүмкүн. Көп учурда эреже бузгандарга протокол түзүлбөй калат да. Жол белгилерин карабай, эрежени сактабай айдоо биздин "маданиятка" айланып калды. Тилекке каршы, бул өтө жаман көрүнүш",- деди ал.
Ошондой эле депутат бул көйгөйдү катуу көзөмөл жана айып пул аркылуу гана токтотууга болорун кошумчалады.












