Экрем Имамоглу деген ким?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2019-жылдан бери Стамбул шаарынын шаар башкармалыгын жетектеп келген Экрем Имамоглу 2025-жылдын 19-мартында "паракорлук" жана "террорчулук" айыптары менен ачылган эки башка тергөө ишинин алкагында кармалды. Андан соң аны колдоп чыккан тарапташтарынын нааразылыгынан улам Стамбул толкуду десе болот.
Ага коюлган айыптарга карабай Экрем Имамоглун президент Эрдогандын негизги саясий атаандашы, ал тургай болочок президент катары көргөндөр да бар. Ошентип бул иш ого бетер саясий талкууларга жем таштагандай болду.
Имамоглу 23-мартта Республикалык Элдик Партиясынан (CHP) президенттикке талапкерди аныктоо үчүн боло турган алгачкы шайлоого жалгыз талапкер катары катышмак.
Имамоглунун кармалышын оппозиция тарап анын президенттикке талапкерлигине бут тосуу катары баалады. Ал эми Юстиция министри Йылмаз Тунч тергөөнү "калыс жана көз карандысыз сот" жүргүзгөнүн айтты.
Экрем Имамоглу 1970-жылы Трабзон шаарында төрөлгөн.
1994-жылы Стамбул университетинин Бизнес жана башкаруу факультетин бүтүргөн. Ал ортодо, үй бүлөсүнө таандык курулуш фирмасында иштей баштаган.
Кийинки жылдары "Трабзонспор" футбол клубунда, "Трабзонспор" баскетбол клубунда жана "Бейликдүзүзспор" клубунда менеджер болуп иштеген.
Өзүнүн айтымына караганда, ал консервативдүү бүлөдөн чыкканы менен, студенттик жылдарында социал-демократиялык баалуулуктарды тандаган.
Атасы Хасан Имамоглу Трабзондо Эне-Мекен Партиясынын (ANAP) облустук уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.
Ал эми, 2008-жылы саясат менен активдүү алектенүү боюнча чечим кабыл алганда, өзүн Республикалык Элдик Партиясынан (CHP) деп тааныштырган.
2009-жылы аталган партиянын атынан Бейликдүзү жергиликтүү бийлигине талапкер болгон. Бир нече айдан кийин райондук башкармалыктын төрагасы болуп дайындалган.
2014-жылы жергиликтүү бийликти шайлоодо Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) атынан чыгып Бейликдүзү районун Адилеттүүлүк жана Өнүгүү Партиясынан (AKP) өткөрүп алып, жетекчи болуп шайланган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Уулуңузга чоң сунуш менен келдик

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бейликдүзүдө топтогон тажрыйбасы Имамоглунун атын чыгарды.
Учурундагы Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) төрагасы Кемаль Кылычдароглу 2018-жылы 13-декабрда Имамоглу жана анын үй бүлөсү менен чай үстүндө жолугушкан.
Кемаль Кылычдароглу Имамоглуга талапкерлик сунуншун тамашалуу кылып айткан. Анда мэрдин атасы Хасан Имамоглуна "Уулуңузга чоң сунуш менен келдик" деп уруксат сураган.
Имамоглу талапкерлигин жарыялагандан кийин, эң алгач Стамбулда шаар башкармалагынын мурдагы төрагалары менен жолугушкан. Алардын арасында Режеп Таййип Эрдоган дагы бар эле. Имамоглу алгачкы шайлоо кампаниясында "жиктештирүүчү" сөздөрдү колдонбоого өзгөчө маани берген.
Үгүт маалында көчөмө-көчө кыдырып жүргөнүндө кызык окуялар болгон. Атаандашы Адилеттүүлүк жана Өнүгүү Партиясынын (AKP) шайлоочулары "сага добуш бербейбиз" дегенде "эч нерсе эмес, бар болгула" деп ыраазычылык билдирген. Анын мындай сылык мамилеси көптөрдүн көңүлүн буруп, ичин жылытты.
Ошондой эле, Имамоглу үгүт кампаниясы учурунда жоолукчан апасы менен видео бөлүшүп, консервативдүү пикирдеги шайлоочуларга "Мен сиздей үй-бүлөдөн чыктым" деген.
Анын Улуттар Демократиялык Партиясынын (HDP) шайлоочулары тууралуу чечкиндүү мамилеси Күрт элинин добушун алууга жардам берди.
2019-жылдын 31-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоого Улуттук Альянстын талапкери катары катышкан Экрем Имамоглу 13 миң 729 добуш менен Бинали Йылдырымды жеңип Стамбул шаардык башкармалыгынын мэри болуп шайланды.
Жогорку Шайлоо Комитети 6-майда шайлоону жокко чыгарган
Комитеттин жетекчиси шайлоону жокко чыгаруунун себеби катары, кээ бир урналарды мамлекеттик эмес кызматкерлердин жетектегени деп билдирген.
23-Июнда кайрадан шайлоо болуп, бул жолу Экрем Имамоглу 800 миңден ашык добуш жана 9 балл айырма менен утуп чыккан.
2020-жылы январь айында Элазыг жер титирөөсүнөн кийин Эрзурумга лыжа тепкени барганы ачуу сындарды жараткан.
Имамоглу жөнүндөгү алгачкы тергөө иштери да ушул учурда ачылды. Эң биринчи тергөө иши 2021-жылы май айына туура келет.
Ошол күндөн ушул күнгө чейин аячылган тергөө иштеринин саны 10 дон ашты.
Президенттик шайлоолор

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2023-жылдагы президенттик шайлоодо Экрем Имамоглу деген ысым алдыңкы атаандаштардын бири дегенди туюндуруп калды.
Алтылык үстөлдүн экинчи күчтүү партиясы Ийи партиясынын (İYİ Parti) ошол кездеги лидери Мерал Акшенер Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) лидери Кемал Кылычдароглунун талапкерлигине каршы чыккан.
Шайлоого аз калганда Акшенер Кылычдароглу өзүнүн талапкерлигин таңуулап жатат деген жүйө менен столду таштап кетти.
Бул көйгөйлөр Имамоглу жана Анкара шаардык башкармалыгынын мэри Мансур Яваштын вице-президенттик формуласы менен чечилди.
Режеп Тайып Эрдоган 2023-жылы 28-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жеткен.
Экрем Имамоглу кийинки күнкү билдирүүсүндө болгон "өзгөрүүнүн" алдын сызды.
Имамоглу төрага болуп шайланган курултайдын алдында "Коом Республикалык Элдик Партиясында (CHP) жетекчиликтин жана башкаруунун өзгөрүшүн күтөт" деген билдирүү менен Кылычдароглуна каршы чыгышты.
2023-жылы ноябрда өткөн партиянын 38-Кезектеги курултайында Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) лидери болуп Өзгүр Өзел шайланган.
"Менин ишим жаңы эле башталды"
2024-жылы 31-марттагы шайлоодо 47 жылдан бери биринчи жолу Республикалык Элдик Партия (CHP) Түркиянын лидер партиясы болуп чыкты.
Имамоглу 51,1 пайыз добуш менен кайра шайланды.
Биринчи мөөнөтүнөн айырмаланып, Республикалык Элдик Партия (CHP) муниципалдык кеңеште көпчүлүктү алган.
Анын атаандашы, Адилеттүүлүк жана Өнүгүү Партиясынын (AKP) өкүлү Мурат Курум 39,6 пайыз менен жеңилди.
Шайлоодон кийинки биринчи билдирүүсүндө Имамоглу: "Менин ишим жаңы эле башталып жатат" деген.
Шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Имамоглунун президенттикке талапкер болуу мүмкүнчүлүгү Республикалык Элдик Партиянын (CHP) ичинде барган сайын катуу талкуулана баштады.
2024-жылдын октябрында Республикалык Элдик Партиянын (CHP) айрым муниципалитеттерине каршы "айыл аймактык келишим" боюнча тергөө башталган.
CHP лидери Өзгүр Өзел, Мансур Яваш жана Экрем Имамоглу менен 2025-жылдын 9-февралында Анкарада жолугушту.
Бул жолугушуудан кийин Яваш алгачкы шайлоого катышпоо чечимин жарыялады.
Имамоглу 23-мартта боло турган алгачкы шайлоого жалгыз талапкер катары кирүүгө даярданып жаткан.
18-мартта, Имамоглу алгачкы шайлоого кирүүсүнө беш күн калганда, президенттикке талапкер болуу үчүн талап кылынган жогорку билим тууралуу диплому жокко чыгарылган.












