"Ооруп жашагым келбейт". Өз ыктыяры менен өмүрдөн кечкен жубайлар

Ян менен Элс жарым кылымдай бактылуу үй-бүлөдө жашашты. Анан экөө июнь айынын биринде өздөрүнүн өтүнүчү боюнча дарыгерлерге өлүмгө алып келген дарыны сайдырып, жарык дүйнөдөн чогуу кетишти. Нидерландияда бул операция дуоевтаназия деп аталат. Мунун жол-жобосу толугу менен мыйзамдуу болгон менен, ал дагы деле сейрек жүзөгө ашырылат. Бирок, жыл сайын бир топ голландиялык жубайлар ушундай жол менен өз жашоосун токтотууну чечишет.
Бул макала кээ бир окурмандар үчүн оор болушу мүмкүн.
Ян менен Элс чогуу бул жашоону өз ыктыяры менен таштап кетүүнү тандаган күндөн үч күн мурун, алардын дөңгөлөктүү мобилдик үйү Нидерландынын түндүгүндөгү Фрисландиядагы күн чайыттай тийген пирсте токтоп турду. Бул түгөй - эч качан бир орунда отурчу эмес, ошондуктан алар өмүрүнүн көбүн чиркегичтерде же кайыктарда чогуу өткөрүштү.
«Бир нече жолу «таш кутуда» жашоого аракет кылдык - таш куту - кадимки биз жашаган үй эмеспи», - деп тамашалайт Ян мени коноктоп жатып, «бирок биз ага көнө алган жокпуз: жакпады».
Ян 70 жашта жана ал чиркегичтеги айдоочунун айланма отургучунда бир бутун астына кысып отурат, бул анын тынымсыз бел оорусунан арылууга жардам берген жалгыз айласы. Анын жубайы Элс 71 жашта, деменциядан жабыр тарткандыктан, ага өз ойлорун айтуу кыйын.
«Мунум дурус», - дейт ал ордунан оңой туруп, денесин көрсөтүп. «Мунум болсо жөн эле коркунучтуу түш», - деп кошумчалайт ал башын көрсөтүп.
Ян менен Элс бала бакчадан таанышкан жана ошондон бери ажыраша элек. Ал жаш кезинде Голландиянын жаштар хоккей командасында ойноп, кийин спорттун машыктыруучусу болгон. Элс башталгыч класстын мугалими деген дипломун алган. Бирок, жубайлардын калган өмүрү алардын сууга, кайыктарга жана сүзүүгө болгон сүйүүсү менен бекемделди.
Башында алар калкып турган чакан үйдө жашашкан. Андан кийин чоңураак кеме сатып алып, өлкөнүн ичиндеги каналдар аркылуу жүк ташый башташты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Элс бир эле учурда жалгыз уулун тарбиялап өстүрдү (бизден аты-жөнүн айтпоону суранды). Бала мектеп-пансионго жөнөтүлүп, ал жакта дүйшөмбүдөн жумага чейин туруп, дем алыш күндөрүн ата-энеси менен өткөрчү. Баланы саякатка алып чыгууга мүмкүнчүлүк берген мектеп каникулдарында, Ян менен Элс, аларды Рейн дарыясынын боюна же түндүк Голландиянын аралдарына алып баруучу буйрутмаларды табууга аракет кылышчу.
1999-жылы ички жүк ташуу рыногунда атаандаштык курчуду: 10 жылдан ашык оор жумуштан кийин, Яндын бели катуу ооруп калат. Элс экөө жээкке көчүп кетишти, бирок бир нече жылдан кийин, алар кайрадан суу үстүндө жашай башташат. Бул да өтө кыйын болуп калганда, алар кенен мобилдик үйдү - чиркегичти сатып алышат.
2003-жылы Яндын белине операция жасалган, бирок абалы жакшырган эмес. Ал ооруну басаңдатуучу дарыларды ичүүнү токтотту, бирок иштей албай калган эле. Элс болсо сабак бергенин улантып жаткан. Бир күнү алар эвтаназия жөнүндө сүйлөштү - жана Ян үй-бүлөсүнө өзүнүн ден соолугундагы көйгөйлөрдү айтып, көпкө жашагысы келбей турганын түшүндүрдү. Ошол убакта түгөйлөр NVVE голландиялык "Өлүүгө укук" уюмуна кошулушкан болчу.
«Дарыларды эсепсиз ичкенде, өзүңдү зомбидей сезесиң», - деп түшүндүрөт Ян. «Ошентип, менин оорумду жана Элстин оорусун эске алып, мен муну токтотууга убакыт келди деп ойлойм».
Ян «токтотууга убакыт келди» дегенде, ал жашоону токтотууну айткысы келди.

Элс 2018-жылы сабак берүүнү токтотту, анткени анда деменциянын алгачкы белгилери пайда боло баштаган эле. Альцгеймер оорусунан жапа чеккен атасынын акырындык менен начарлап баратканын өзү байкагандыктанбы, айтор доктурга көрүнгүсү келбеди. Ошентсе да, кайсыл бир учурда күндөн-күнгө өөрчүп бараткан коркунучтуу симптомдорду этибарга албай коюу мүмкүн эмес эле.
2022-жылдын ноябрында, «деменция» деген диагнозду уккан Элс күйөөсү менен уулун калтырып, дарыгердин бөлмөсүнөн атып чыкты.
«Ошондо ал жазгы кирген букадай эле»,— деп эскерет Ян.
Элс өзүнүн абалы жакшырбай турганын түшүнгөндөн кийин, жолдошу жана уулу менен бирге отуруп, дуоэвтаназияны - биргелешкен өлүмдү талкуулай башташты.
Нидерландыда эвтаназияга (өзүн-өзү өлтүрүүгө көмөктөшүүгө) эки маанилүү шартта уруксат берилет: адам өз ыктыяры менен өзүн өлтүрүүнү суранышы керек жана анын тарткан азабы - физикалык же моралдык - дарыгер тарабынан адам чыдагыс жана жакшыртуунун перспективалары жок деп таанылышы керек.
Өлүм үчүн жардам сураган ар бир адам эки дарыгердин текшерүүсүнөн өтүшү керек: экинчиси биринчи берген бааны өз алдынча тастыкташы зарыл.
2023-жылы Нидерландыда эвтаназиядан 9 миңден ашык адам каза болгон - бул каза болгондордун жалпы санынын 5%га жакынын түзөт.
33 жолу эвтаназия жуптарга жасалган, башкача айтканда, 66 адам өмүрлүк жарынын коштоосунда бул дүйнө менен кош айтышкан. Мындай жол-жободо медициналык макулдук алуу, адатта, жетиштүү деңгээлде кыйын, бирок түгөйлөрдүн бири акыл таюудан же деменциядан жабыркаса, кырдаал андан да татаал.
Роттердам Эразмус медициналык борборунун гериатрия профессору (картаюу илими) жана этика боюнча эксперти Розмарин ван Брухем мындай дейт: «Көптөгөн дарыгерлер деменция менен жабыркаган бейтапка эвтаназия жасоо жөнүндө ойлонгусу да келбейт».
Ян менен Элстин үй-бүлөлүк терапевти мына ушундай ойлонгон дарыгерлердин бири болуп чыкты жана анын жана ага окшогон дарыгерлердин мындай принциптүү позициясы — статистиканын сандык көрсөткүчтөрүндө чагылды. Мисалы, 2023-жылы эвтаназиядан каза болгон 9 миң адамдын 336сы гана деменциядан жабыркаган.
Анда дарыгерлер мыйзамда белгиленген бейтаптын «адам чыдагыс азапка» дуушар болгонун кантип аныктайт?
Доктор ван Брухем, деменциянын алгачкы стадиясындагы көптөгөн бейтаптарга мүнөздүү - окуялардын кандайча өнүгүп жатканы боюнча абсолюттук белгисиздик - аларды өз жашоосун токтотууну ойлонууга алып келиши мүмкүн деп түшүндүрөт.
«Кайсыл бир күнү мен маанилүү жана зарыл деп эсептеген нерсени жасоо жөндөмүн жоготуп аламбы? Үй-бүлөмдү тааныбай калсамчы? Эгер сиз өз кооптонууларыңызды адегенде эвтаназияны угуп, түшүнүп, макул болгон бир дарыгерге, анан экинчисине - психикалык компетенттүү адиске
- ачык айта алсаңыз, анда техникалык жактан сиздин экзистенциалдык коркуу сезимиңиз, эвтаназияга арыздарды кароого негиз катары таанылат»
Элс
«Мен жашаарын жашадым, мындан ары ооруп жашагым келбейт» дейт күйөөсү. «Биз көнүп калган жашоо образын улантууга улгайып калдык. Мунун баарына чекит коё турган күн келди»
Дагы бир маанилүү себеби бар. Дарыгерлердин айтымында, Элс дагы деле өз өлүмү тууралуу өз алдынча чечим чыгара алат, бирок анын акыл-эси начарлап баратат - жана ал жакында бул жөндөмүнөн да ажырап калышы мүмкүн.
Яндын өзүнө жана Элс экөөнүн уулуна чечим чыгаруу оңой болгон жок.
«Эч ким ата-энесин өлүмгө кыйгысы келбейт,— деп түшүндүрөт Ян,— ошондуктан көзүнө жаш алды. Уулубуз: «Баары оңолот, жакшы күндөр келет, бирок мен үчүн эмес» - деди.
Элс өзү да: «Башка жол жок» деп, ошондой сезимде экенин айтат.

Эвтаназия боюнча дарыгерлер менен жолугушуудан бир күн мурун Элс менен Ян уулу жана неберелери менен убакытты чогуу өткөрүштү. Дайыма жаны тынбаган Ян балким кийин керек болор деп чиркегич сатуунун майда-чүйдөсүнө чейин айтып бергиси келди.
«Андан кийин апам менен жээкке сейилдеп келдим», - дейт алардын уулу. «Балдар ойноп, күлүп жатышты... Бул абдан кызык күн болду».
«Ошол түнү кечки тамакты баарыбыз чогуу акыркы жолу ичип жатканыбызды ойлоп, көзүмө жаш келди».
Дүйшөмбү күнү эртең менен жергиликтүү хосписте бир нече адам топтолду. Экөөнүн тең эң жакын достору, Ян менен Элстин агалары, уулу менен келини келишти...
«Дарыгерлер келгенге чейин биз эки сааттай убакытты чогуу өткөрдүк" дейт ал. «Биз өткөндү эскердик... музыка уктук».
Элс "Travis" тобу аткарган "Idlewild' ырын, Ян "Битлздин" "Now and then" ырын тандады.
«Акыркы жарым сааттын өтүшү оор болду»,- дейт алардын уулу. - «Бирок андан кийин дарыгерлер келип, баары тез эле аяктады - алар протоколго ылайык, так жана кынтыксыз кыймылдашты, ошондуктан баары бир нече мүнөттө бүттү».
Дарыгерлер Ян Фабер менен Элс ван Линингенге өлүм чакырган ийне сайып, алар ошол эле күнү - дүйшөмбүдө 2024-жылдын 3-июнунда тынч каза болушту.
Алардын уулу ата-энесинин трейлерин сатыкка коё элек. Азырынча токтото туруп, аялы, балдары менен өзү эс алууну чечти.
«Бир күнү мен аны сатам» - дейт уулу. «Бирок эң алды үй-бүлөмө ал жөнүндө жакшы эстелик калтыргым келет». (МА)







