Мезгил, мээнет, талант. Адам кантип миллиардер болот?

Поп-жылдыз Тейлор Свифт жакында эң бай адамдардын тизмесине кирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Поп-жылдыз Тейлор Свифт жакында эң бай адамдардын тизмесине кирди

Италиялык коммунист менен куудулдун эмне жакындыгы же жалпылыгы бар? Ал экөө тең дүйнөлүк миллиардерлердин клубуна мүчө.

Миучча Прада, Тайгер Вудс жана Джерри Сайнфелд долларлык миллиардер болгон 2800 адамдын тизмесине кирет. Бирок байлыгы ашып-ташкан адамдардын тизмеси абдан эле көп улуттуу.

Дүйнөнүн эң бай адамдарын изилдеп келаткан америкалык Forbes медиакомпаниясынын маалыматына караганда, АКШда 813 миллиардер бар, экинчи орунда 473 миллиардери менен Кытай (Гонконгду кошо алганда), үчүнчү орунда 200 миллиардери менен Индия келатат.

Жакшы-жаман миллиардер

Бу байлыктардын көлөмү акылга сыйбайт. Миллиард - бул эбегейсиз сан. Анын масштабын билиш үчүн миллион секунд – 11 күн, ал эми миллиард - бул 32 жыл деп санаса болот.

Болжол менен бир автобуска толо турган дүйнөдөгү эң бай 81 адам жер жүзүндөгү төрт миллиард кедей адамга караганда көп байлыкты мыкчып турат.

2023-жылы бул теңсиздик тууралуу Oxfam уюму мындай деп билдирген: «Ар бир миллиардер – бул саясий катачылык. Дүйнөдөгү элдин көбү айдан айга араң жетип жашап, жакырчылык жана каатчылык, кымбатчылык кыйнап турганда гүлдөгөн миллиардерлердин бар экенинин өзү жана алардын рекорддук кирешелери экономикалык система адамзатка адилет иштебей жатканынын айкын күбөсү».

Бул теңсиздик көп өлкөлөрдө кирешеге эмес, абсолюттук байлыкка салык киргизүү жөнүндө чакырыктардын пайда болушуна алып келди. АКШда Демократиялык партиядан сенатор Элизабет Уоррен $50 млн доллардан ашкан активдерге 2%, ал эми $1 млрд ашкан байлыкка 3% салык киргизүүнү сунуш кылды.

Сенатор Элизабет Уоррен чириген байларга өзүнчө салык салууну сунуш кылган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сенатор Элизабет Уоррен чириген байларга өзүнчө салык салууну сунуш кылган

Ошол эле учурда башкалар эбегейсиз байлык адамдарды чыгармачылыкка жана инновацияга шыктандырып, миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртып жатканын айтышат.

Америкалык экономист Майкл Стрейн миллиардерлердин көп болгону жакшы деп Нобель сыйлыгынын лауреаты Уильям Нордхаустун сөзүн мисал кылат. Ал технологиялык инновациялардын 2% кирешеси негиздөөчүлөргө, ойлоп табуучуларга, ал эми калганы бүт элге кетип жатат дейт.

Стрейн миллилардерлерди «биздин жашоо образыбызды өзгөрткөн өз алдынча новаторлор» деп атайт. Ал персоналдык компьютерлерде революция жасаган Билл Гейтс менен Стив Балмерди, чекене сооданы болуп көрбөгөндөй өзгөрткөн легендардуу инвесторУоррен Баффетти, Джефф Безосту, автомобиль өнөр жайы менен космос соодасын өнүктүргөн Илон Маскты мисал келтирет.

«Булардын бири дагы «саясий жаңылыштык» эмес, — дейт ал. «Аларды болбосун дегенден көрө, биз алардын бар экенине кубанышыбыз керек».

Уоррен Баффет менен Билл Гейтс өзүнүн байлыгынын теңин элге бөлүшөрүн убада кылышкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уоррен Баффет менен Билл Гейтс өзүнүн байлыгынын теңин элге бөлүшөрүн убада кылышкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Көптөгөн миллиардерлер кайрымдуулук ишине чоң суммаларды сарптоодо. Гейтс менен Баффет «Садака антын» берип, бүт жашоосунда байлыгынын теңин элге берүү милдеттенмесин алышкан.

Рэпер, бизнес-магнат жана миллиардер Jay-Z мындай убадага кошулбаса дагы өзүнүн байлыгын коргоп мындай кыска сөз айткан: “Мен кедейлердин бири болсом, аларга жардам бере албайм. Ошондуктан мен байыдым жана карызымды бердим. Бул мен үчүн утуш-утуш”.

Миллиардерлер элден бөлүнүп алып эле өз казанында кайнап жаткан жок. Алардын ийгилиги бизге өзүбүздүн ким экенибиз жөнүндө маалымат берет.

Эгер элге эмне керек же эмне жага турганын билбесеңиз, анда бай болуш кыйын.

Prada минималисттик стилин аласызбы, же «Жылдыздар согушу» фильми же TikTok, биз подкастта айткан миллиардерлердин баары тигил же бул деңгээлде дүйнөнү өзгөрткөндөр. Ал эми алардын кантип миллиарддаган байлык топтогонун уксаңыз, бир топ эле кызыктар бар.

Мисалы, Google негиздөөчүлөрү өзүнүн издөөчү тиркемесинин эң алгачкы версиясын $1 миллионго сатууга аракет кылышканда эч ким чыккан эмес. Азыркы күндө Google баасы $2,3 трлн, ал эми тең уюштуруучу Сергей Бриндин эле үлүшү $135 млрд — бул болжолдуу алганда Марокконун ички дүң продукту (ИДП).

Prada жана Miu Miu мода бренддеринин артында италиялык дизайнер Миучча Прада турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Prada жана Miu Miu мода бренддеринин артында италиялык дизайнер Миучча Прада турат.

Мария Бьянки 1960-жылдары Италияда аябай берилген коммунист болгон жана театр мектебинде пантомима өнөрүн окуган, Миучча Прада атына ал кийин көчтү.

Индиядагы биринчи аял миллиардер Киран Мазумдар-Шоу адегенде ишти пиво кайнатуудан баштаган, гендердик эскичилдиктин тоскоолдугуна кабылып, дары-дармек тармагында бизнес баштап, акыры Азияда инсулиндин эң чоң өндүрүүчүсү болуп калды.

Джерри Сайнфелда жетим болгон, аны атасы өмүрүндө бир кучактаган эмес. Балким, ошон үчүн бул Ларри Дэвид экөөнүн «Сайнфелд»: «Кучактамай жана окумай жок» деген комедиясындагы каармандар үчүн эреже болуп калгандай.

Киран Мазумдар-Шоу — Индияда өз алдынча миллиардер болгон биринчи аял

Миллиардерлердин жеке ийгиликтеринен абдан кеңири тарыхый, саясий жана технологиялык тенденцияларды көрүүгө болот.

Атактуу Alibaba компаниясын негиздеген технология жаатындагы ишкер Джек Ма эки күчтүү өзгөрүүнүн - интернет сооданын жана Кытайдын экономикалык кубатынын, массалык бакубатчылыктын өсүшүн бенефициары болду.

Салыксыз сооданы баштаган Фак Чини дүйнөлүк экинчи согуштан кийин Жапонияда туризмдин толкунунан торолуп чыккан.

Джек Ма 14 миллиард доллар байлык топтогондон кийин Alibaba’дан кетти.

Microsoft негиздөөчүсү Билл Гейтс 1960-жылдардын аягында кокустан АКШда компьютер бар мектептердин бирине түшүп калган.

Ошол эле учурда ырчы жана ишкер айым Рианна Барбадосто эс алып жаткан музыкалык продюсерге туш болуп калып жолу ачылган.

Ата-энелерге да өзүнчө алкыш айтышбыз керек.

Тейлор Свифттин үй-бүлөсү өспүрүм кызынын келечегин карап Пенсильваниядан Нэшвиллге көчүп барышкан.

Ошол эле убакта Майкл Джордандын апасы ага Adidas же Converse менен контрактыга кол коюудан мурун Nike эмне дейт, угуп көрүунү сунуш кылган. Бул акылдуу чечим акыры эң кирешелүү спорттук жарнамага жол ачты.

Бул окуяларда ретроспективада миллиардерлердин жашоосу менен тагдырын өзгөрткөн чакан окуялар – “ачык эшиктер” бар.

Киран Мазумдар-Шоу —Индияда өз алдынча миллиардер болгон биринчи аял

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киран Мазумдар-Шоу — Индияда өз алдынча миллиардер болгон биринчи аял

Эшик ачылганда кызыктырган бир нерсе болсо, ал жакка кириш керек. Энергияны, алдыга умтулууну, изденүүнү жана берилгендикти бул адамдар жашоо эрежеси кылышты. Ага кошумча, башкалары чыдабай кетип калып жатканда алар талыкпай мээнет кылышты.

Биз - «Жаман жана жакшы миллиардердин» алып баруучусу Цин Цзенго экөөбүз байлыгыбыз 10 миллион долларга жеткенде биз чаңдан көрүнбөй калабыз деп тамаша кылабыз. Биздин ордубузда эки стул айланып калган болот, мен балык улаганга, ал эми Цин кезектеги музыкалык фестивалга кеткен болот.

Биз сыяктуу адамдар эч качан ийгиликке жетпейт деп ойлойбуз, бирок биз ийгилик кушу конгон адамдарга бир чети суктанып, сыймыктанып, экинчи чети таң калып бүтпөй келатабыз.