Онлайн-казиного каршы күрөш: Кумар оюндарын жарнамалагандар үчүн жоопкерчилик

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда кумар оюндарын, онлайн-казинолорду жарнамалоого мыйзамдуу түрдө тыюу салынса дагы, мындай жайлар анын амалын таап, жарандарды кумарпоздукка азгырган учурлар аз эмес. Өткөн аптада эле ойлайн-казино уюштургандардын бири кармалып, Кылмыш-Жаза кодексинин 219-беренесинин негизинде жоопко тартылганын Ички иштер министрлигинин Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгы билдирди.
Соцтармак аркылуу андайга үндөө соңку жылдары күч алып, айрым жергиликтүү блогерлер дагы алардын кеңири жайылышына көмөктөшүүдө. Алар өздөрүнүн аккаунттары аркылуу букмекердик сайттарды жарнамалап, оюндарга катышууга үндөгөн роликтерди активдүү жайылткан учурлар жок эмес. Айрым маалыматтарга ылайык, соңку кармалган жаран медиа тармагындагы таанымал кыргызстандыктар менен дагы кызматташып келген.
"Онлайн-казинону жарнамалаган айрым ырчылар, блогерлер жана артисттер буга чейин коомчулуктан кечирип сурап эле кутулуп кетем деп ойлоп жүрсөңүздөр, эми кылмыш жоопкерчилигине тартылаарыңарды эске алыңыздар", – деп адвокат Шердор Абдыкапаров ИИМ менен биргеликте жарыялаган видеодо эскерткен. Ал өзүнүн баракчасы аркылуу дагы мындай иштен оолак болууга үндөп келет.
Буга чейин "Чекит Медиа" редакция иликтөө жүргүзүп, андай жарнамаларды 15ден ашуун белгилүү кыргызстандыктардын баракчаларынан байкаганын жарыялаган эле
Алардын арасында, өзүн актриса, алып баруучу жана шоумен катары тааныткандар дагы бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баракчаларында эң аз дегенде 18 миң, кээ бирлериникинде миллиондон ашуун киши катталган.
Алардын бири, блогер А. А. июль айынын башында Бишкек шаардык милициясына чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 427 миң киши катталган Instagram-баракчасы аркылуу жарандарды кумар оюндарына үгүттөгөнү үчүн коомчулуктан кечирим сураган видеосун укук коргоо органдары тараткан.
"Соңку мезгилде онлайн-казинолорду жарнамалаганым үчүн кечирим сурайм. Адамдарга терс таасирин тийгизерин билген эмесмин. Ошондуктан бул оюнду силерге сунуштабайм жана жарнамалабайм. Алдамчылар көбөйүп кетти", – деп билдирген блогер.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындан сырткары, блогер видеодо жакында эле апасы WhatsApp тиркеме аркылуу алданып, акчасын алдырып койгонун белгилеген.
"Чекит Медиа" сайтынын иликтөөсүндө, ал жыл башынан бери кумар оюндарынын сайтын Instagram-баракчасында бөлүшүп, элди ушундай жол менен акча табууга чакырып келгени айтылат. Бирок редакциянын журналисттери өткөн жылы аны менен байланышканда, жарнамалоону токтотконун билдирген.
Апрелдин аягында Ички иштер министрлигинин Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгы жарандарды Telegram мессенжери аркылуу кумарпоздукка азгыргандардын уюштуручууларын Бишкекте кармашкан.
Маалыматка ылайык, шылуундар Telegram мессенжеринде атайын бот-канал ачып, мыйзамсыз онлайн казино уюштурган. Аталган бот канал букмекерлик контора (онлайн казино ишин жүргүзүүгө лицензиясы жок) аркылуу банк карталар менен күрөө кабыл алып, акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүп келген.
Бул кылмыш иши боюнча Telegram-каналдын 20 жаштагы ээси жана эки оператору камакка алынган.
Бир мүнөттүк жарнама үчүн 30 миң сом

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Букмекердик кеңселердин өкүлдөрү блогер жана соцмедиа баракчаларын активдүү жүргүзгөндөрдүн айрымдары менен кантип байланышып, кандай келишимдин негизинде жарнамалоо жүргүзөөрүн изилдеп көрдүк.
Онлайн-казинолорду жарнамалоо көбүн эсе YouTube, Instagram жана Telegram платформалары аркылуу ишке ашарын Би-Би-Си Кыргыз кызматы менен маектешкендер айтты.
Айыл-чарба тармагында YouTube-канал жүргүзгөн жергиликтүү блогерге орус улутундагы киши алты ай мурун Telegram-мессенжери аркылуу кайрылган.
"YouTube-каналымда ал кезде 113 миң катталуучу топтолгон эле. Алдыда жарыялана турчу толук видеонун ар бирине бир минуталык роликтерди жүргүзүп берүүнү суранган. Ар бир жарнама үчүн 30 миң сомдон сунуштаган. Букмекердик конторалар жана тотализаторлордун ставкаларын жарнамалоо сунушун четке каккам", – деди ал.
Дагы бир блогердин айтымында, онлайн-казинолордун өкүлдөрү көбүнчө спорт багытындагы YouTube-канал жүргүзгөндөрдүн баракчаларын акмалашат.
"Мурда бизге эки-үч букмекердик кеңселердин администраторлору байланышка чыккан эле. Катталуучунун санын, ар бир видеону жалпы көрүүсүн карап чыгып, жума сайын жүз доллардан төлөп берүүнү сунушташкан",- деди каналдын ээси.
Айрым спорт багытындагы YouTube-каналдардын ээлери азыр деле кумар оюндарын жарнамалап жүргөнүн айтты.
Блогерлердин коом алдындагы жоопкерчилиги
Эркин журналист Эламан Карымшаковго айрым блогерлердин иш-аракеттеринен улам "сызга отуруп", ири акчага алданып, арыз-мууңу менен кайрылгандардар болгон.
Би-Би-Сиге курган маегинде айрым блогерлер 300-400 миңге чейин катталуучу топтоп алып, ошончо элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, алардын эсебинен пайда таап жатканына токтолду.
"Мобул ырчы же бул белгилүү адам Instagram-баракчасына ушуну жарнамалады эле. "Ага ишенип акча салгам, анын баары күйүп кетти" деп мага арыздангандар көп эле кездешет. Алардын бири, жакында эле mCoin чуулгандуу иши менен байланыштуу болчу", – деди Эламан Карымшаков.
Ал белгилегендей, эл оозуна алынган, коомчулукта активдүү иш-аракеттери менен таанымал адамдарга коомдо ишенем көп, ошондуктан алар өзүнүн жоопкерчилигин сезиш керек.
Ички иштер министрлигинин Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Акрам Кадыржанов өлкөдө кумар оюндарды, онлайн-казинону, букмекердик сайттарды жарнамалоого же алардын жайылтуусуна көмөктөшүү Кылмыш-Жаза кодексинин 219-беренесине ылайык укуктук жоопкерчиликке алып келээрин (беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу) эскертти.
"Мындай жарнамалар жаштарды жана жарандарды финансылык жоготууга, көз карандылыкка жана шылуундардын торуна түшүүгө алып келип жатат", – деди ал.
Кадыржанов ошондой эле блогерлер жана медиа тармагында таанымал адамдар жалгыз эле кумар оюндарын эмес, башка кызматтарды жарнамолоонун алдында тийиштүү документтерин (лицензия) тактап, өлкөнүн мыйзамдарына дал келээрин изилдеш керектигин белгиледи. (KB)












