Эрдогандын сапары: кол коюлган документтердин тизмеси

Кыргызстан менен Түркия соода-сатыктын көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүүнү көздөп келет

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан менен Түркия соода-сатыктын көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүүнү көздөп келет

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары уланууда.

Мунун алкагында Түркия Кыргызстандын 60 миллон долларга жакын карызын кечкени маалым болду. Бул каражат жашыл технологияларды өнүктүрүүгө жумшалат. Ушул кабар кыргыз коомчулугунда жылуу кабыл алынып, кызуу талкууланып жатат. Мындан сырткары Эрдоган Түркиянын өндүрүшүнөн чыккан унааны Садыр Жапаровго белек кылды.

Мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-түрк биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Түркиянын өндүрүшүнөн чыккан унаа

Сүрөттүн булагы, Social Media

Кол коюлган документтердин тизмеси:

▪️ Коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

▪️ Аудиовизуалдык кызматтарды биргелешип өндүрүү жөнүндө макулдашуу;

▪️ Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасын биргелешип башкаруу жана кыргыз жарандарын Түркияда медицина жаатында окутуу жөнүндө макулдашуу;

▪️ Жаныбарлардын ден соолугун коргоо, жаныбарларды жана алардан алынган азыктарды сатуу боюнча макулдашуу;

▪️ Энергетика, энергиялык майнаптуулук жана энергияны үнөмдөө тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

▪️ Продукциянын коопсуздугу жана рынокту контролдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

▪️ Эки өлкөнүн Финансы министрлигинин ортосундагы меморандум;

▪️ Эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги ортосундагы органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

▪️ Эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылыктары ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

▪️ Кинологдорду даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө протокол;

▪️ Кыргызстандын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Түркиянын Адам ресурстары башкармалыгынын кеңсесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

▪️ Эки өлкөнүн архив кызматтарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө протокол;

▪️ Түркиянын Финансы боюнча башкармалыгы менен Кыргызстандын Улуттук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

▪️ Миграция жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

▪️ Эки өлкө ортосундагы коргоонуу өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

▪️ Кыргызстандын Түркияга болгон мамлекеттик тышкы карызын кечүү жөнүндө макулдашуу;

▪️ Кыргызстандын Депозиттерди коргоо агенттиги менен Түркиянын аманат депозиттерин камсыздандыруу фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

▪️ Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “Орто Азиялык инвестициялык Холдинг” ААКнын ортосундагы гидроэлектрстанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган бийликте турганына 21 жыл толду. Чейрек кылымга жакын башкаруу мөөнөтүндө Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен төрт жолу келген. Ал бул ирет бешинчи ирет келди.