Финляндия менен Швеция НАТОнун аскердик машыгуусуна катышат

BBC

НАТО качандыр бир мезгилде машыгуулары учурунда Орусияны потенциалдуу коркунуч катары атабоого мүмкүн болушунча аракет кылып келген. Анткени чагым чыгып кетпесин деп этияттанчу. Бирок Орусиянын Украинага басып кириши баарын өзгөрттү.

Эми альянстын машыгуусу түздөн-түз Москвага багытталган. НАТО уюмунун Чыгыш Европанын чек арасында бир нече айдан бери өтүп жаткан маневрында негизги билдирүүнүн бири “Туруктуу коргоочу 2024” деп аталат.

Бул кансыз согуш аяктагандан бери 90 миң аскер кызматкери катышкан эң масштабдуу машыгуу жүрүп жатат.

“Туруктуу коргоочу 2024” – НАТОнун кол салууга кабылган кайсы гана мүчөсүнө болбосун көмөк үчүн аскерлерди жана курал жарактарды ыкчам жеткирүү боюнча жаңы планынын биринчи сыноосу. Бул уюмга мүчө кайсы бир мамалекетке кол салуу боло турган болсо ага баарынын жообу белен деген НАТОнун уюм катары эң башкы макатынын тастыктамасы.

Дональд Трамп бул боюнча күмөн жараткан күндө да, баарыбир ушундай принцип АКШда таяныч катары кала берет. Вашингтон муну иш жүзүндө далилдөө үчүн эбегейсиз ресурстарды бөлүп келет.

Машыгуунун бринчи этабы Норвегиянын түндүк чөлкөмүндөгү Финмарк аймагында өтөт. Бул норвегия менен орусиянын 180 кмге созулган чек арасынан алыс эмес аймак. Машыгунун сценарийи боюнча, Финмарккка Оккасус деген ойдон чыгарылган душман кол салат.

Медицина факультетинин 21 жаштагы студенти Эйвордун сөзүнө караганда, Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер кол салган кезде анын чоң атасы менен чоң энеси Финмарктан качууга туура келген.

«Мен качпайм, ошол жерде калып каршылык көрсөткөнүм артык»,- дейт Эйвор. Ал Орусия чабуул коёт деп күтпөйт, бирок «ар дайым камдуу туруш керек».

Бул Швеция менен Финляндия альянска толук кандуу мүчө болгондон берки НАТОнун иири машыгуусу.

Швеция менен Финляндиянын коргоо министрлери машыгуунун жүрүшүндө аскерлер Финляндиядан Норвегияны көздөй ойдон чыгарылган душманды сүрүп чыгуу үчүн символикалуу жүрүш жасаганына көз салышып, скандинавиялык союзга жаңы мүчөлүгүн майрамдап жатат.

Финляндиянын кошулушу НАТОну Орусияга сезилээрлик жакындатты. Фин-орус чек арасынын узунудугу 1200кмге созулат.

Чындап эле коркунуч барбы?

Орусия НАТОго түздөн-түз коркунуч келтирет деп эч ким тастыктабайт. Орусия аскер күчүн Украинаны көздөй алып кеткендиги буга акыркы себеп катары түшүндүрүлбөйт. Узак мөөнөттү перспективада блоктун кайсы бир мүчөсү Орусиянын бутасы болуп калышы ыктымал деген божомол да жок эмес.

Шведциянын жогорку мансаптагы аскер жектечилеринин бири Москаванын дымагы Украина менен эле чектелбейт деп эсептейт.

Швециянын бириккен куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы генерал-лейтенант Карл-Йохан Эдстрём бул убакыттын гана иши деп эсептейт.

«Орусия бизге коркунуч туудурат жана жакынкы 5-10 жылда кубаттуу болушубуз зарыл»,- деп эсептейт генерал. Анын пикири боюнча, НАТО бул мүмкүнчүлүктү өз каруу-жарагын чыңдап алуу үчүн пайдаланышы керек.

Уюмдун кеңейишине Орусиянын реакциясы

Жакында эле Швециянын аскердик альянска мүчө болуп киришине Кремль реакциясын билдирген. Буга чейин орус бийлиги, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болуп киришине каршы жооп болорун бир нече жолу эскерткен эле.

Орусиянын Стокгольмдогу элчилиги, коопсуздук жаатындагы тандоо саясаты - Швециянын суверендүү иши, бирок альянска мүчө болуп кошулуу чечими Европадагы туруктуулукка кедергисин тийгизет деп өткөн аптада билдирген эле.

"Орусия өзүнүн улуттук коопсуздугуна коркунучту басуу үчүн саясий жана аскердик-техникалык мүнөздө жооп иретиндеги чараларды кабыл алат. Анын конкреттүү мазмуну Швециянын НАТОго интеграциясынын масштабынан жана шарттарынан көз каранды болот",- деп жазылган билдирүүдө.

НАТО деген эмне?

НАТО — Түндүк Атлантика келишим уюму (North Atlantic Treaty Organisation). Ал 1949-жылы 12 өлкө тарабынан түптөлгөн аскердик альянс. АКШ, Канада, Британия жана Франция өңдүү өлкөлөр башында турган.

Эгерде кайсы бир мүчө мамлекетке куралдуу кол салуу коркунучу жаралса, калган мүчө өлкөлөр жардамга келүү боюнча макулдашкан.

Анын баштапкы максаты согуштан кийин Орусиянын Европага бастырып кирүү коркунучуна туруштук берүү болгон.

1955-жылы Советтик Орусия НАТОго жооп кылып, өзүнүн аскердик альянсын түзгөн. “Варшава келишими уюму” деп аталган альянска Чыгыш Европадагы коммунисттик өлкөлөр кирген.