Изилдөө: Дүйнөдө жаңылыктардан жадагандар көбөйдү

Жаңылыктардан жадагандар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бүт дүйнөдө барган сайын жаңылыктарды жадатма жана депрессия кылат деп деп көрүүдөн баш тарткан адамдар көбөйүүдө, деп билдирет Оксфорд университетинин журналистиканы изилдөө боюнча Рейтер институтунун (Reuters Institute for the Study of Journalism)) глобалдык изилдөөсүндө.

EYAD BABA / AFP

Сүрөттүн булагы, EYAD BABA / AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мындай жаңылыктарды көргөн адамдын кантип зээни кейибесин

Ушул жылдын февраль айында өткөрүлгөн сурамжылоого 47 өлкөдөн 95 миң адам катышкан. Анын жыйынтыгында, ар бир он респонденттин төртөө (39%) жаңылыктарды атайын эле көрбөй турганын билдиришкен. 2017-жылы бул көрсөткүч - 29% болгон эле.

Бул баяндаманын авторлорунун пикиринде, жаңылыктарды көргүсү келбей калган адамдарга Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы согуш таасир этип жаткан болушу мүмкүн. Отчетто жаңылыктардан качкан маанай азыр рекорддук жогорку деңгээлде экени айтылат.

Ошол эле убакта бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде АКШда, шайлоо процесстери жаңылыктарга кызыгууну жогорулатып жаткан убак, бирок жалпы тенденция төмөн карай баратат дейт изилдөөнүн авторлору.

Ал эми жаңылыктарды кунт коюп көргөн адамдардын үлүшү бүт дүйнө боюнча 46 пайызга чейин кыскарды. 2017-жылы бул көрсөткүч 63% болчу.

Улуу Британияда 2015-жылдан тарта жаңылыктарга кызыгуу дээрлик эки эсе азайды.

"Соңку жылдары жаңылыктардын күн тартиби да өзгөчө татаал болду»,-деди Би-Би-Сиге изилдөөнүн бир автору Ник Ньюман.

— Пандемия, согуш болуп жатты, ошондуктан жаңылыктардан жадоо – табигый реакция, адамдар өздөрүнүн психикалык саламаттыгын коргогусу же жөн эле тынч жашагысы келет».

TikTok'тун популярдуулугу өстү

Тик-Ток

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Отчетко караганда, соңку он жылдыкта жаңылыктардын салттуу булактары болгон телевидение менен басылмалардын аудиториясы кескин кыскарды.

Жаштар жаңылыктарды Интернеттен же социалдык тармактан алып калды.

Улуу Британияда сурамжылангандардын дээрлик төрттөн үч бөлүгү (73%) жаңылыктарды онлайн окуй турганын, 50% - телевидениеден, ал эми араң 14% гана гезит-журналдан аларын билдирген.

Жаңылыктарды тараткан эң маанилүү социалдык платформа болуп мурдагыдай эле Facebook саналат, бирок анын популярдуулугу соңку убакта түшүүдө.

YouTube менен WhatsApp дагы жаңылыктардын маанилүү булактары бойдон калууда, ал эми TikTok популярдуулук жагынан биринчи жолу X (Твиттер) басып өттү.

18-24 жаштагылар арасында бүт дүйнө боюнча алганда TikTok көрсөткүчү кыйла эле жогору - 23%.

Ошентип, видео-формат барган сайын интернетте жаңылыкты алуунун маанилүү булагы болуп баратат, өзгөчө жаштар арасында, деп белгилейт иштин авторлору.

Отчеттун маалыматы боюнча кыска жаңылык видеороликтер эң көп кызыгуу жаратууда – TikTok платформасындагы контент дал ошондой.

«Колдонуучулар кыска видеону тандап жаткан себеби, ал колдонууда жөнөкөй жана анда актуалдуу, кызыктуу контенттин кеңири спектри бар»,-дейт Ньюман. (КС)

Жаңылыктан тажаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images