Мирослав Ниязов: Тажикстан менен чек араны Россиянын ортомчулугу менен чечүү керек
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандын Тажикстандагы мурунку элчиси Мирослав Ниязов кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери көпкө созулуп кеткенин айтып, тараптарды мунасага келтирүү үчүн Россиянын ортомчулугу керек деген пикирин Би-Би-Сиге билдирди.

Сүрөттүн булагы, Official
М.Ниязов: Чек араны тактоо боюнча эки тараптуу комиссия бир чечимге келе албаганы анык болуп калды. Мындай шартта кардиналдуу чечимдер керек. Россиянын ортомчулугу керек. Себеби, чек ара боюнча бардык документтер ошол жакта. Административдик чек ара кандай өткөнү тууралуу архивдик материалдар бүт ошол жакта болуп атпайбы. Сүйлөшүүлөргө үчүнчү тарап кылып Россияны кошсо, алар убагында чек аралар каерден, качан өткөн так тактап беришет эле. Болбосо эки тарап өз алдынча тынч жол менен чек араны чечип аларына ишенбей калдым.
Учурунда Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жаткан кезде Кыргызстан көп шарттар түзүп бердик эле. Өзбекстан чек арасын жаап, ар жагы Афганистан болуп, башка коридор жок эле, кыргыздар ошондо жол ачып берген. Ал Акаевдин учурунда эле, ошондо эле чек ара маселесин бир жаңсыл чечип алсак болмок. Бирок учурунда чечилбеди, кийин кеч болуп калды. Эми Россияны кошпой бул маселе чечилбей калды го. Чек араны тактабасак, бул коркунучтуу жолго өтүп алды. Мен мындан башка жолду көрбөй жатам.
Би-Би-Си: Бирок Кыргызстан, Тажикстан дагы эгемен өлкө эмеспи. Бул жерге үчүнчү өлкөнү аралаштыруунун кандай зарылчылыгы бар?
М.Ниязов: Эки өлкө өз алдынча чече албагандан кийин Россияны кошуу керек да. Чек араны чече албай калышты да, же болбосо эки өлкө согуш жарыялап, ачык эле чабышып кетиш керек. Андан башка кандай жолу бар? Бул жерге тарыхтын материалдары керек. Азыр тараптар 1920, 1960-жылдагы карталарга таянып жатышпайбы. Россияны кошсок, балким андан эртерээк тарыхый материалдар чыгат. Башка документтер да чыгат.
Би-Би-Си: Былтыр чек арадагы кандуу окуялардан кийин Садыр Жапаров Рахмондун чакыруусу менен Душанбеге да барып келди эле. Бирок чек арада маселе чечилип кеткен жок. Кайсы маселеде тил табышпай калышты деп ойлойсуз?
М.Ниязов: Кабарым жок. Бир эле билгеним бүдөмүк болду. Эч кандай кабар тараган жок, бирок белгилүүсүүсү андан кийин чек арада акыбал жакшырган жок.
Эми азыр Тажикстанга жаңы кыргыз элчиси болуп Эрлан Абдылдаев дайындалды. Ал тажрыйбалуу дипломат. Бул туура чечим болду. Эми кырдаал кандай болуп кетет айта албайм, бирок Абдылдаев аракет кылат. Бул оңой иш эмес, өтө татаал кызмат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Сиз убагында Тажикстандагы кыргыз элчиси да болуп иштедиңиз эле. Азыр бул өлкөдөгү саясий акыбал кандай болуп жатат?
М.Ниязов: 2014-жылы кыргыз-тажик чек арасында олуттуу чыр чыгып, чек аралар жабылган шартта мени ал жакка элчи кылып жөнөтүштү эле. “Жардам бериңиз, токтотушубуз керек” дешкен. Мен иштеген жылдары элдер арасында анча-мынча кагылыштар болду, бирок чек арада негизинен тынч болду. Аскерлер арасында бир да кагылыш болгон эмес. Демек, муну аракет кылып, дипломатиялык жол менен да чечсе болот. Мен түздөн-түз эки тараптын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзгөм. Рахмондун өзү, тегерегиндеги жардамчылары, өзгөчө коопсуздук жаатындагы жардамчысы генерал-полковник Шерали Хайруллаев менен тыгыз байланышта болчумун. Кыргызстанда өкмөт башчы, УКМК, ИИМ менен күн алыс кабар алышат элем. Мына ошентип жаңжалдардын алдын алчубуз.
Тажикстандан кеткениме төрт жылга таяды. Андыктан бүгүнкү күнү ал жактын саясий акыбалы кандай так айта албайм. Албетте, ал жерде деле Кыргызстандагыдай эле ички жана сырткы чакырыктар көп болуп жатат. Анын ичинде Тоолу Бадахшан автономдук облусу, Россиядагы миграциядан кайтып жаткан мигранттар бар. Эмомали Рахмон учурунда жарандык согушту жайгарган лидер. Алар эгемендүүлүкту алгандан бери акырындап стабилдүүлүккө жетишти. Азыр Тажикстанда баары жакшы, тыптынч деп айткандан алысмын. Алардын деле маселелери жетиштүү.
Би-Би-Си дипломаттын кыргыз-тажик чек арасын Россиянын ортомчулугу менен чечүү керек деген сунушун эл аралык иштер боюнча адис Бурул Усманалиевага талдатты:
Б.Усманалиева: Россияны бул ишке такыр аралаштырбоо керек. Анткени, учурда Россия өзү агрессордун ролунда болуп жатпайбы. Бизге окшогон эле эгемен өлкөлөрдү талкалап атат. Анан алардан кеңеш сураган бул бет тырмоочулук же өзүн-өзү сыйлабагандыкка барабар. Кыргызстан-Тажикстан бардык документтерди, архивди салыштырып отуруп өздөрү чечип алышы керек. Россияны аралаштырсак эле алар ушул абалдан да колдонуп, өзүнүн империалисттик кызыкчылыгын ойлойт. Мына, азыр алардын империалисттик дымагы билинип жатпайбы. Символикалык, принципиалдык жактан дагы бул маселеде оюнчу кылып киргизүү кооптуу. Эгерде ошондой эле ортомчу керек болсо эл аралык уюмдар БУУ, ЕККУга кайрылса болот".
Би-Би-Си: Негизи эле Россины кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө кошуу керек деген сунуштардын артында эмне жатат?
Б.Усманалиева: Мурдагы генералдар дагы деле уулу аганы - "старший братты" күтүшүп, ушундай матрицада ойлонуп калышкан экен. Аларда ушундай психология сиңип, ал терең отурат. Алар биз дагы деле ССРдин курамында жүргөндөй ойлонуп жатышат. Бул Россияга кошомат кылып, Россиянын ошол ролун алып келүү далалаткан кулчулук сезим.











