"Чек араларды күч менен өзгөртүү мүмкүн эмес". Трамп менен Путиндин жолугушуусу алдында Европа Киевди колдоп жатат

Сүрөттүн булагы, Lina Selg - Pool/Getty Images
Жаңылыктар бөлүмү
Би-Би-Си Орус кызматы
Украинанын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр анын катышуусусуз өтпөшү керек жана ок атышуу токтомоюнча тынчтык үчүн шарт катары Орусияга аймактык жеңилдиктерди берүү мүмкүн эмес. Мындай билдирүүнү ишемби күнү Европанын лидерлери украин жетекчилери менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин айтып чыкты.
Бул АКШ президенти Дональд Трампка жооп. Ал 15-августта Аляскада Владимир Путин менен жолугуп, Украинадагы согушту токтотуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаганы жатат. Бул үчүн Москва менен Киев "жер алмашышы" керек деген эле Трамп.
Европа өлкөлөрүнүн лидерлери жана Еврокомиссиянын төрагасы 15-августта Аляскада өтө турган АКШ жана Орусия президенттеринин жолугушуусу алдында Украина боюнча Европадагы союздаштардын бирдиктүү позициясын жарыялады.
Документ ишемби күнү кечинде жарыяланып, мындан бир күн мурда Трамп Путин менен украин согушун токтотуу жолдорун талкуулоо үчүн жолугушуунун ордун жана күнүн атаган эле.
Трамп эки өлкө жер алмашышы керек деген билдирүүсүн так түшүндүргөн эмес.
"6-августта Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Путин менен Москвада сүйлөшкөндөн кийин орус лидери өзүнүн шарттарын айткан. Эгерде Украина Донецк жана Луганск облустарынан баш тартса, Путин согушту токтотууга макул болушу мүмкүн",- деген маалыматты Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазып чыкты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Апта соңунда европалык лидерлер Киев менен бирдиктүү позицияны талкуулашты. Зеленский Европанын бир нече лидери менен телефондон сүйлөшкөнүн айтты. Ал эми Украинанын президенттик кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак жана Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров Британияга барып, тышкы иштер министри Дэвид Лэмминин резиденциясында АКШ вице-президенти Жей Ди Вэнс жана Европанын коопсуздук боюнча кеңешчилери менен жолугушту.
Европа Орусиянын Украинадагы агрессивдүү согушун токтотуп, адилеттүү тынчтыкка жетүү боюнча президент Трамптын аракеттерин кубаттайт, деп Франция, Финляндия, Германия, Улуу Британия, Италия, Польша лидерлери жана Еврокомиссия башчысы билдирди.
"Биз бул ишти дипломатиялык аракеттер менен, ошондой эле Украинага олуттуу аскердик жана каржылык жардам берүүнү улантуу менен, анын ичинде "Каалоочулардын коалициясы" аркылуу дагы колдоого даярбыз",- деп айтылат билдирүүдө.
Бирок "маанилүү сүйлөшүүлөр ок атышуу токтогондо же аскердик аракеттер азайганда гана мүмкүн", "тынчтык жолу Украинанын катышуусусуз аныкталбайт" жана "эл аралык деңгээлде таанылган чек араларды күч менен өзгөртүү мүмкүн эмес" деп лидерлер өздөрүнүн мурдагы позициясын кайталашты.
Ишемби күнү эртең менен украин президенти Володимир Зеленский да дал ушул сөздөрдү айтты. Ал Украинанын келечеги боюнча сүйлөшүүлөр өлкөнүн катышуусусуз жүрбөшү керектигин белгилеп, Киев Орусия менен кандайдыр бир аймакты алмашпай турганын билдирди.
"Территориялык маселе боюнча украин конституциясында жазылган. Мындан эч ким артка кетпейт жана кете албайт. Украиндер өз жерин оккупанткa белек кылып бербейт", - деди Зеленский.
"Украина чыныгы тынчтык алып келе турган чечимдерге даяр. Бизге каршы жана биз жок кабыл алынган чечимдер — тынчтыкка каршы чечимдер. Алар эч нерсе бербейт. Алар өлүк чечимдер жана эч качан ишке ашпайт", - деп жазды Зеленский. Ал ошондой эле Трамп жана башка өнөктөштөрү менен "чыныгы тынчтык үчүн" иштөөгө даяр экенин кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Foreign, Commonwealth & Development Office
Ишемби күнкү сүйлөшүүлөрдү ал конструктивдүү деп атады.
"Биздин сигналдар жеткирилди. Биздин аргументтерди угуп жатышат. Коркунучтар эске алынууда", - деди Зеленский.
Биргелешкен билдирүү жарыяланганга чейин Wall Street Journal гезити ишенимдүү булактарына таянып, Европа союздаштарынын позициясын жазган.
Алардын айтымында, Европа өлкөлөрү жана Украина ок атышууну токтотуу жараяны кандайдыр бир аймак алмашуудан мурда болушу керек деп талап кылышат. Эгерде Украина Орусияга кандайдыр бир аймагын берсе, анда ал Орусиядан башка аймактарды алышы керек. Кээ бир булактар муну тагыраак айтууда: эгер Украина Донецк облусун калтырса, анда анын ордуна орус аскерлери Запорожье жана Херсон облустарынан чыгышы керек.
Бул көз-караш менен вице-президент Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана атайын чабармандар Стив Уиткофф жана Кит Келлог таанышкан, деп жазат Wall Street Journal:
"Украинанын ар кандай аймактык жеңилдиктери коопсуздук кепилдиги менен бекемделиши керек. Анын ичинде Украинанын НАТОго мүчөлүгү да бар".
Саммит эки тараптуубу же үчпү?
Ишемби күнү бир катар америкалык медиа, анын ичинде CBS телеканалы Ак үйдөгү булактарга таянып, Трамптын администрациясы 15-августтагы АКШ жана Орусия президенттеринин жолугушуусуна Зеленскийди да чакырууну карап жатканын жазышты, бирок анын катышуу форматы так эмес экенин белгилешти.
Жекшембиге караган түнү Washington Post жана Reuters басылмалары Ак үйдөгү булактарына таянып, Трамп Путин жана Зеленский менен бир эле учурда жолугушууга ачык экенин, бирок жакын арада Путин менен гана эки тараптуу саммит өткөрүү пландалып жатканын жазышты.
Орусиянын Украинага толук масштабдуу баскынчылыгы башталгандан бери биринчи жолу өтө турган Трамп менен Путиндин жеке жолугушуусу АКШнын Аляска штатында өтөрүн АКШ президенти ишемби күнү жарыялады.
Москва менен Вашингтон 6-августта Уиткофф Москвага барганда эле эки президенттин жолугушуусу боюнча макулдашкан, бирок орду жана датасы бир нече күн жашыруун кармалган.
Бир кезде Орусия империясынын курамына кирген Алясканын тандалып алынышы көпчүлүктү таң калтырды.
"Орусия менен АКШ жакын коңшулар, чек аралары бар. Ошондуктан биздин делегация Берингов кысыгын учуп өтүп, эки өлкөнүн президентинин ушундай маанилүү жана күтүлгөн саммитин дал ушул Аляскада өткөрүү толук логикалуу", — деп түшүндүрдү Ушаков.
Трамптын Орусияга ультиматумунун мөөнөтү бүтөөр алдында эки өлкө лидеринин жолугушуусу макулдашылды. Болбосо Трамп Орусия мунайын сатып алуучуларга кошумча санкция киргизерин айткан. Бирок Уиткофф Москвага баргандан кийин бул мөөнөт тууралуу Трамп экинчи жолу сөз кылган жок. (MD)







