Трамп менен Путин жолугушу ыктымал. Бул тууралуу эмне белгилүү?

Трамп жана Путин

Сүрөттүн булагы, UPI/Bloomberg/Getty Images

Шаршемби күнү кечинде АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвадан учуп кеткенден кийин, батыш басылмалары өз булактарына таянып, келерки жумада Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушусу мүмкүн экенин кабарлашты. Андан кийин Украинанын президенти Володимир Зеленский менен үч тараптуу жолугушуу ыктымалдыгын дагы жазып чыгышты.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Трамп Уиткофф Москвада Путин менен "абдан жемиштүү жолугушу өткөрдү" деп билдирди. Кийинчерээк журналисттер менен баарлашууда, жакын арада Орусиянын лидери менен Украинадагы согушту токтотуу маселесин талкуулоо үчүн жолугушу мүмкүн экенин дагы бир жолу ырастаган. Жолугушууда эмнелер белгилүү болгонун айтып беребиз.

Эки тарап тең ишарат кылды

Уиткофф менен Путиндин Кремлдеги бул бешинчи жолугушуусу, апрель айынын аягында өткөн мурунку жолугушу сыяктуу эле, болжол менен үч саатка созулганын Кремль билдирди. Ал Москвага Дональд Трамп Украина маселеси боюнча коюп жаткан ультиматумдун мөөнөтү бүткөнгө эки күн калганда келген.

"Биз чоң жетишкендикке жеттик! Андан соң айрым европалык өнөктөштөрүбүздү кабардар кылдым. Баары бир ооздон бул согуш аякташы керек деген пикирде, жана биз жакынкы күндөрдө ушул багытта иш алып барабыз", — деп жазды Трамп сүйлөшүүдөн кийин Truth Social социалдык тармагына.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жолугушуудан кийин "украин кризиси" жана "АКШ менен Орусиянын ортосундагы мүмкүн болуучу стратегиялык кызматташтык" тууралуу "абдан пайдалуу жана конструктивдүү сүйлөшүү болду" деп билдирди.

Ушаковдун айтымында, орус тарап АКШ администрациясына айрым сигналдарды берип, алардан да ошондой ишарат алды.

Fox News телеканалы АКШ администрациясынын өкүлүнө таянып, Путин атайын чабарманга Трамп менен жолугушууга даяр экени тууралуу белги бергенин кабарлады.

"Владимир Путин бүгүн Москвада Стив Уиткоффко Трамп менен жолуккусу келерин айтты", — деп билдирген телеканалдын кабарчысы түз эфирде.

CNN телеканалы да Ак үйдөгү эки булагына шилтеме берип, Уиткофф менен болгон сүйлөшүү учурунда Путин Трамп менен жолугушууну өзү сунуштаганын маалымдады.

Мындан тышкары, айрым басылмалар Ак үй Уиткофф менен Путиндин сүйлөшүүсүн "күтүлгөндөн да жемиштүү болду" деп мүнөздөгөнүн кабарлады.

Трамп жана администрациясы Путин менен жолугушуу тууралуу эмне дейт?

Путин жана Уиткофф Кремлде

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин жана Уиткофф Кремлде
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шаршемби кечинде журналисттер менен баарлашуу учурунда Дональд Трамп жакын арада Владимир Путин менен жолугушу мүмкүн экенин ырастады.

"Жакында жолугушуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бар",- деди Трамп.

Ал Орусия менен АКШнын ортосунда "жакшы сүйлөшүүлөр" болгонун белгилеп, бирок ошол эле маалда Москва менен кызматташкан өлкөлөргө карата кошумча санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин да четке каккан жок.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Орусия менен АКШнын лидерлеринин мүмкүн болгон жолугушуусу үчүн "көптөгөн тоскоолдуктарды" жеңип өтүү керек болорун, бул багытта чоң иштер аткарыла турганын айткан.

"Бүгүнкү күн ийгиликтүү болду, бирок алдыда аткарыла турган чоң иштер бар. Тоскоолдуктарды жеңип өтүү керек. Биз муну жакынкы күндөрдө, сааттарда же болбосо жумаларда ишке ашырабыз деп үмүт кылабыз", — деп билдирди Fox Business телеканалына.

Ак үй мурдараак америкалык маалымат каражаттарына жолугушууга даярдык көрүлүп жатканын ырастаган. Алардын маалыматына караганда, Трамп Путин менен жолугуп, андан соң Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүшү мүмкүн.

"Орусия тарап президент Трамп менен жолугушууга кызыкдар экенин билдирди, президент Трамп Путин менен да, Зеленский менен да жолугушууга ачык. Ал бул кандуу согуштун токтошун каалайт",- Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливиттин мындай билдирүүсүн CNN телеканалы кабарлады.