Кредит алууда эмнеге көңүл буруу керек? Адистердин кеңеши
Кредит алуу оңой - кайтаруу кыйын. Эң алгач бардык карыз алуучулар дал ушул чындыкты билип алуусу керек. Адистердин айтымында, Кыргызстанда кредит алуучулардын саны жыл санап өсүүдө. Кимдир бирөө анын жардамы менен бизнесин чоңойтуп, каржылык абалын чыңдап алса, арасында банкрот болуп үй-жайынан айрылгандар дагы жок эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экинчи кредит алгыс болгом
Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов соңку 15 жылда багбанчылык менен иш алып барып келет. Ал 2018-жылы малина жана алманын көчөттөрүн сатып алуу үчүн коммерциялык банктардын биринен үч жылдык мөөнөткө 700 миң сом кредит алган. 400 миң сом 10 пайыз, 300 миң сом 8 пайыз менен берилген. Багбан кредиттен өзү күткөндөй пайда көргөн эмес. Алган көчөттөрү чоңоюп, түшүм бергиче эле карызды төгүп берүүгө аргасыз болгон.
“Эч кандай киреше жок, бирок карызды бир жыл аралыгында жапканга туура келди. Төлөө мөөнөтү канчалык узак болсо, пайызы ошончо көп болот экен. Азыр сатып алган алманын көчөттөрү дале мөмө бере элек. 8-10 пайыз деген менен төлөй келгенде бир топ сумма чыгып калды. Банк кандай эсептеди түшүнгөн дагы жокмун. Экинчи насыя албайм деп чечтим”,- деди багбан.

Багбанчылык үчүн насыя алуу ыңгайсыз
Эксперттердин айтымында, багбанчылык өз жемишин кеминде 5-6 жылдан кийин берет. Ал эми кредитти төлөп берүүнүн эң жогорку мөөнөтү 3-5 жыл. Бул тармактын тобокелдиги өтө жогору болгондуктан кредитке каражат алып жумшоо ыңгайсыз дешет.
“Түшүмдүүлүк бир гана багбандан эмес, көптөгөн факторлордон көз каранды. Мыкты түшүм алган шартта дагы суроо талап аз болуп калса, кыйынчылыктарга туш келет. Финансылык көз караштан алып караганда багбанчылыкка кредит алуу өтө рентабелдүү эмес”, - деди инвестициялык аналитик Бакыт Алимжанов.

Бизнестин кандай түрүнө кредит алса болот?
Бакыт Алимжанов соода-сатыкка, кайра-иштетүү тармагына, өндүрүш жабдыктары менен камсыздоого, иштеп жаткан бизнести чоңойтууга жана жеңил өнөр жай үчүн алынган кредиттер көбүрөөк пайда алып келе турганын айтат.
Бирок эң маанилүүсү жарандар акча алганына сүйүнбөй, анын пайызына маани бериши керек. Банк берген каражат негизги сумма болуп эсептелинет, кардар аны пайдаланганы үчүн кошума үстөк акча төлөп берет. Андан тышкары банктар ар кандай комиссияларга жана башка документ иштерине кете турган чыгымдарды кардардын эсебинен жүргүзөт. Мындан улам, банкка кайтарылып берилүүчү сумма алган суммадан алда канча көп болуп калышы ыктымал:
“Пайыздык көрсөткүчкө көптөр түшүнө беришпейт. Кредит алуунун алдында ушул жагдайдын барын кардар тактап алуусу зарыл. Маани бере турган дагы бир нерсе, мыйзамга ылайык кредит берип жаткан коммерциялык банктар же кичи каржы уюмдары үстөктү 31,4 пайыздан ашырбашы керек”,- деди Алимжанов.
Кредитти эрте жапкыңыз келсе...
Кредиттен мөөнөтүнөн мурда кутулуунун дагы шарттары бар. Маселен, кардар үч жылга акча алып, аны кайра бир жылда төлөп берди. Мындай учурда мөөнөтүнөн эрте кутулгандыгы үчүн айып салынып калышы ыктымал. Айыпка жыгылбоо үчүн кардар банкка бир ай мурун арыз менен кайрылууга тийиш.
Керектөө кредиттеринен оолак болуңуз
Адистер Кыргызстанда кредитти 3 топко бөлүп карашат. Биринчиси, бизнес үчүн кредит. Экинчиси керектөө үчүн болсо, үчүнчүсү ипотекалык кредит. Булардын ичинен керектөө үчүн берилүүчү кредиттен оолак болууга үндөшөт. Кредиттин бул түрү чыгашадан башка пайда алып келбейт дейт инвестициялык аналитик:
“Маселен, унаа сатып алуу үчүн кредит алып, бирок алган техникасы бузулуп же жол кырсыгына кабылып ашкере чыгым болгондор бар. Эмерек, уюлдук телефонду дагы кредитке алып жүрүшөт. Той-аш өткөрүү үчүн дагы банктардан карыз алгандар жок эмес. Мындай аракеттер кошумча гана чыгымга дуушар кылат”.
Статистикага таянсак
Учурда Кыргызстанда 23 коммерциялык банк жана алардын 312 филиалы иш алып барат. Былтыр коммерциялык банктар 181,8 млрд сомго кредит берип, көлөм 11,8 пайызга өскөн. Мурдагы жылы банктардан алынган карыз 162,6 млрд сомду түзгөн. Эң эле көп 51,3 млрд сом соода-сатыкка, 33,2 млрд сом айыл чарбасына, 22,2 млрд сом керектөөгө, 19,9 млрд сом ипотекага берилип, 2020-жылга салыштырмалуу өсүш байкалган. Өнөр жайга 13,8 млрд сом, курулушка 13,5 млрд сом берилип, бул тармактарда пайыздык көрсөткүч төмөндөгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кредитти сом менен алууга аракет кылыңыз
Сайпидин Аматов тиш доктур болуп иштейт. Ал бир нече жыл мурун кредит алып тиш дарылоочу клиника ачкан. Учурда чакан бизнеси ийгиликтүү иштеп жатат. Бирок кредитти доллар менен алгандыктан, көбүрөөк чыгымга учураган.
“Банк эки сунуш киргизди. Сом менен алсаңыз үстөгү 21 пайыздан, доллар менен алсаңыз 18 пайыздан айланат деди. Пайызынын төмөндүгүнө карап доллар менен алдым. Анда чет элдик валютанын курсу 67 сом болчу, төлөп бүткүчө 84 сомго чыкты. Ушул жагынан уттуруп койдум”,- дейт ал.
Эксперттер жаран кайсыл валютада киреше тапса, кредитти ошол валютада алуу ыңгайлуу экенин эскертишет. Алардын айтымында, тышкы таасирлерден улам чет элдик валютанын баасы туруксуз болуп, көпчүлүк учурда өсүп кетет. Андыктан сом менен алынган кредит ыңгайлуу дешет.
Каражатты максаттуу пайдаланыңыз

Рахат Жунушбаева мындан 8 жыл мунун төрт кишиден турган чакан ишкананы негиздеген. Алар жылына чет мамлекеттен 1-2 лифт ташып келип, кардарларына орнотуп берип турчу. Ишкер айым бизнесин кеңейтүү үчүн банктан ири суммада кредит алган. Учурда анын ишканасы кеңейип лифтти сырттан ташыбай Кыргызстандан чыгара баштады. Компания жылына 500 лифт, андан тышкары чопкутталган эшиктерди, жүк көтөрүүчү жабдыктарды чыгарат. Жүздөн ашуун адам иш менен камсыздалган. Рахат Жунушбаева эгер кошумча каражатың жок болсо, кредитсиз ишкерликти кеңейтүү мүмкүн эмес дейт:
“Муну менен кишилерди кредит алууга үндөп жаткан жерим жок. Эң негизгиси, бизнестин кандай түрү болбосун анын планы ийне-жибине чейин так иштелип чыгуусу маанилүү. Кредитке алынган каражат туура жана максаттуу бөлүштүрүлүшү керек. Ошондо гана карыз алган акча оң жыйынтыгын берет”.
Улуттук банк эскертет
Улуттук банктын маалыматына ылайык, өлкөдө финансылык сабаттуулуктун деңгээли кыйла төмөн. Жарандар өз укук-милдеттерин толук кандуу билбегендиктен кредит алууда ар кандай кыйынчылыктарга кептелишет. Өлкөнүн башкы финансы уюмунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү иш алып барат. Алар коммерциялык банк менен кардардын ортосунда жаралган талаштуу маселелерди жөнгө салып, жарандарга көмөк көрсөтүп келет. Финансылык кызмат көрсөткөн уюм менен талаш-тартыш жаралса, ар бир жаран арызы менен кайрылууга укугу бар.
Улуттук банк дагы жарандарды кредит алууда шашылбай, бардык оң-терс жактарын таразалап алууга чакырат. Карыз алууда келишимдин ар бир пункту менен кылдат таанышып, түшүнүксүз жерлерин тактап алгандан кийин гана кол коюу керек. Кредит берүүчү ар бир уюм келишим менен таанышып чыгуу үчүн кардарга 3 күндүк мөөнөт берүүгө милдеттүү. Анткени, документке кол коюу анын бардык шарттары менен макулмун дегендикке жатат. (VO)












