Түштүк Корея машыгуу учурунда Түндүк Корея менен чектеш аймакка кокусунан бомба атып алды

6-марттагы аскердик машыгуу учуру. Түштүк Корея

Сүрөттүн булагы, Yonhap/Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 6-марттагы аскердик машыгуу учуру. Түштүк Корея

Түштүк Кореянын аскердик машыгуусуна катышып жаткан кыйраткыч учактар Түндүк Корея менен чек арасына жакын жайгашкан Пхочхон шаарынын калктуу аймагына капысынан сегиз авиабомба таштап жиберди. Кеминде жети киши жаракат алды.

"МК-82 маркасындагы жалпы максатта пайдаланылуучу бомбанын сегиз даанасы Аскер аба күчтөрүнүн (ААК) KF-16 (F-16 кыйраткыч учагынын түштүккореялык версиясы — Би-Би-Си) кыйраткыч учагы белгиленген полигнондон сырткары конгону жатып, кокусунан бомбаларды коё берип жиберген",- деп Түштүк Кореянын ААК түзүмү жарыялаганын AFP цитата берип жазды.

Алдын ала маалыматтарга караганда ташталган сегиз бомбанын бирөө гана жарылган.

Бул окуя жергиликтүу убакыт боюнча саат ондо болду. Жергиликтүү бийликтин берген маалыматына караганда, аймактын жашоочуларынын баары коопсуз жайга чыгарылды.

Төрт киши олуттуу жаракат алганы кабарланууда. Снаряддар тийгенден улам чиркөөнүн имаратынын бир бөлүгү кыйраган. Мындан сырткары турак-жайларга дагы залакасы тийгени айтылууда.

Сөз болуп жаткан чиркөө

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сөз болуп жаткан чиркөө

"Биз бомбалардын кокусунан ташталып кетип, жөн-жай тургундар арасындагы курмандыктарга алып келген үчүн аябай кейип турабыз. Жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз",- деп жазылган аскердик мекеменин билдирүүсүндө.

Алардын билдиргендерине караганда, окуяны толук иликтеп чыгуу үчүн комитет түзүлдү. Жабыркагандарга кенемте төлөп берүүдөн баштап баардык "зарыл чаралардын баары" кабыл алынат.

Yonhap агенттиги билдиргендей, Түштүк Корея жана АКШ 6-март күнү Түндүк Кореянын чек арасына жакын Пхочхон полигонунда согуштук курал-жарактар менен биргелешкен машыгуусун өткөрүп жаткан эле.

Машыгууга 160 аскердик техника тартылган. Танкалар, тик учактар жана кыйраткыч учактар дагы бар.

ТК

Сүрөттүн булагы, Reuters

Азыркы учурда бомба түшкөн аймак толугу менен курчоого алынып, аскерлер тегерете көзөмөлдөп турат. Атайын топ жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу боюнча иш алып барып, окуя болгон жерди текшерүүгө алышты. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жарыялады.

"Мен үйдө телевизор көрүп олтурдум эле. Капысынан эле катуу ызы-чууну, чагылган дүңгүрөгөндөй добушту уктум. Анан үй титирей баштады. Көчөгө чыга калсам айлана-тегерек урандыга айланып калган экен",- дейт жергиликтүү тургун.

ТК

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жарылуунун үнү окуя болгон жерден болжолдуу бир километрдей аралыкта жайгашкан аймакка чейин даана угулуган. Карылар күндүз барып убакыт өткөрө турган атайын жайдагылар жарылуу болгон учурда педагог менен иштеп жаткан эле.

"Капысынан эле жарылуу угулду. Имарат солк эле дей түштү. Айнектер бир заматта күбүлүп түшүп калды. Педагогдордун бири жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бактыга жараша улгайган адамдар жабыркаган жок. Бирок алар ушунчалык коркуп, үрөйлөрү учуп калгандыктан биз аларды үйлөрүнө жиберүүгө аргасыз болдук",- деди мекеменин директору.