Лондондо иштегиңиз келеби? Би-Би-Си Кыргыз кызматындагы жаңы сынак

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си Кыргыз кызматы 1 жыл 4 ай келишим менен Лондондогу кеңсесине журналист кесиби боюнча конкурс жарыялайт. Аппликацияларды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 26-октябры.
Конкурс кандай тартипте өтөт?
Конкурстун бардык баскычтары англис тилинде өтөт. 1- баскыч: Кадрлар бөлүмү аппликацияларды тандайт. 2-баскыч: Кадрлар бөлүмү тарабынан биринчи баскычтан өткөн кандидаттарга автоматташкан система аркылуу жазуу түрүндө экзамен өткөрүлөт. Жазуу тапшырмалары көз карандысыз уюм тарабынан түзүлөт жана текшерилип, баа коюлат. 3-баскыч: жазуу экзаменинде жогорку балл алган кандидаттар англис тилинде өтчү интервьюга катышат.
Интервьюну кадрлар бөлүмү дайындаган үч эксперттен турган комиссия жүргүзөт. Интервьюнун суроолору кадрлар бөлүмү тарабынан сунушталат.
Конкурстан өткөн талапкер Британияда иштөө укугуна ээ болуш үчүн иштөө визасынын талабына ылайык, англис тили боюнча IELTS экзаменин тапшырып, тиешелүү балл алышы керек. Аппликацияны төмөнкү шилтемени басып толтуруңуз:

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Конкурска катышууну каалагандарга бул маалыматты бөлүшсөңүз болот.








