Лондондо кыргыздардын алгачкы курултайы өттү
- Author, Кубат Касымбеков
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Эгемендик күнүнө удаа эле 1-сентябрда Лондондогу Баттерси паркында Британиядагы кыргыздар алгачкы курултайына чогулушту. Көбүнесе Лондондо иштеп, окуган кыргыз атуулдарынын башын бириктирген иш-чара ыр-күү, оюн-зоок, спорттук мелдештер менен коштолду.







































