Күйөөсү балка менен чапкан аялдын талмасы кармап жатат

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Шектүү жаран бөлмөдө турган балка менен аялынын желке тарабына урганын өз көрсөтмөсүндө айтып берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шектүү жаран бөлмөдө турган балка менен аялынын желке тарабына урганын өз көрсөтмөсүндө айтып берди

Күйөөсү балка менен чапкан келиндин талмасы учурда кайра-кайра кармап жатат. Бул тууралуу Сузак райондук оорукананын башкы дарыгери Өмүрбек Махмаджунус уулу Би-Би-Сиге билдирди.

Дарыгерлер келиндин талмасын токтотуу үчүн медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтышты.

17-январь күнү Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылында кырк тогуз жаштагы киши отуз сегиз жаштагы аялын башы менен көз тарабына сүзүп, балка менен желке тарабына уруп, зомбулук көрсөткөн. Аял окуя болгондун эртеси райондук ооруканага тез жардам менен жеткирилген. Жолдошу жергиликтүү милиция тарабынан кармалып, 138-берене (уруп-сабап, кыйноо) менен кылмыш иши козголду.

Шектүү өзүнүн берген көрсөтмөсүндө аялы баласын уруп жаткандыгы үчүн ушул кадамга барганын айтып, зомбулук кылганын мойнуна алган. Алгач аялын колунан кармап жулкулдатып, башы менен көз тарабын сүзүп жиберген. Аялы бөлмөдө турган балка менен күйөөсүнүн бутун урганда, колунан балканы алып, кайра аялынын желке тарабына урган.

18-январь күнү жолдошу тез жардамды өзү чакырып, аялын ооруканага жөнөткөнүн айтып берген.

Үй-бүлөдө зомбулук буга чейин дагы болуп келгени, бирок аялы буга чейин бир дагы жолу арызданбаганы тергөөдө аныкталды.

Иллюстративдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстративдик сүрөт

"Дарынын күчү менен турат"

Аял өзүнө толук келе албай жаткандыктан окуя тууралуу айтып бере албасын дарыгер билдирди. Балдарын эстеп, издеген сайын талмасы кармап жатканы айтылды.

"Келгенде эс-учу жок жатыптыр, көк-ала тактар менен келген. Дароо эле травматология бөлүмүнө жаткырдык, талмасы болгон үчүн керектүү процедураларды жасап жатабыз. Азыркы учурда баш сөөгүнүн жабык жаракаты, мээси жабыркаган деген диагноз коюлду. Бирок келген күнгө караганда абалы кыйла жакшы. Эсине бир келип, кайра жоготуп жатат. Дарынын күчү менен турат",- деди райондук оорукананын башкы дарыгери Өмүрбек Махмаджунус уулу.

Райондук оорукананын башкы дарыгери Өмүрбек Махмаджунус уулу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Райондук оорукананын башкы дарыгери Өмүрбек Махмаджунус уулу

Учурда бейтапты бир тууган эжеси карап жатат. Сиңдисинин абалы туруктуу болбой жаткандыгына байланыштуу азырынча суроолорго жооп берүүдөн карманып жатканын айтты.

Үч баласы учурда чоң атасынын колунда. Шектүү деп кармалган күйөөсү ошол аймактагы темир заводдо жана учурда курулуп жаткан Жалал-Абад-Балыкчы жолунда иштечү. Аялы иштечү эмес. Буга чейин кандайдыр бир психиатриялык оорулары байкалкан эместигин жергиликтүү тургундар айтып беришти.

Арыз жазса деле каралбайт

Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Ногойбаева жана мурдагы күйөөсү тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн Айкыз Калмурза кызы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Ногойбаева жана күйөөсү тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн Айкыз Калмурза кызы

Бул окуя жыл жаңыргандан бери аялдарга карата жасалган үрөй учурган зомбулуктун биринчиси эмес.

Жыл жаңырары менен эле Кадамжай районунда жыйырма үч жаштагы келин күйөөсү тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөнүн милиция тастыктаган. Окуядан кийин келиндин эки кызы балдар үйүнө өткөрүлүп берилген. Ал эми шектүү деп кармалган күйөөсү учурда тергөө абагында.

Бул окуя катталганга чейин келин жана анын жакындары күйөөсүнүн үстүнөн укук коргоо органдарына зомбулук боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Бирок учурунда арыз боюнча тиешелүү иштер каралбаганын келиндин жакындары айтып чыгышты.

Адистердин айтымында, аймактагы аялдар зомбулукка кабылган учурда арыз менен дээрлик кайрылбаганынын бирден бир себеби - укук коргоо органдарынын убагында чара көрбөгөнү.

Гендердик эксперт Адинай Жапаралиева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гендердик эксперт Адинай Жапаралиева
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Аймактарда тааныштык күч алып, кыз-келиндер кошуна, туугандарынан уялып арыз жазбайт. Же болбосо кайрылсам деле жардам ала албайм деген ойлору болот. Мындай учурда туугандарынан жардам ала албаса, башка бирөөлөрдөн кантип жардам ала алам деп ойлошот. Мисалы, буга чейин канча окуя болду, кыз-келиндер тиешелүү жактарга арыз менен кайрылса деле эффективдүү жыйынтык болгон эмес. Ушул сыяктуу мисалдар аялдардын арыздан, укук коргоо органдарынан үмүтүн үздүрөт да", - дейт гендердик эксперт Адинай Жапаралиева.

Өткөн жылы мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын окуясы эксперт Жапаралиева айтып жаткан мисалдардын бири болуп калат. Асел Ногойбаева үрөй учурган окуяга чейин мурдагы жолдошунун үстүнөн зордуктоо жана башка иштер боюнча бир жылда эле жыйырмага жакын арыз жазганын, бирок ага натыйжалуу чара көрүлбөгөнүн айткан. Бул окуялар ачыкка чыккан соң коомчулуктун нааразылыгы жана соттор кеңешинин президентке берген сунушуна ылайык, Ногойбаеванын күйөөсүн пробация менен бошоткон Чүй облусунун Сокулук райондук судьясы Кыялбек Токтомаматов кызматтан алынган.

ИИМдин 2023-жыл боюнча берген маалыматында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча аялдарга 9786 убактылуу коргоо ордер берилгени айтылат. Үй-бүлөлүк зомбулукка шектелгендердин миңден ашыгы коомдук жумушка тартылып, анын ичинен 872 адам 3-7 күнгө чейин камалган.

Адистер мыйзамда зомбулук боюнча көрсөтүлгөн беренелер иш жүзүндө толук аткарылбай жатканын айтып кетишет. Мисалы, аялга коргоо ордери берилген учурда үйдөн аял эмес, эркек киши чыгып кетиши керек дешет. Мындай учурда аялдардын көбү кайда барарын билбей, түрдүү кризистик борборлорго кайрылат.

Мындай окуялар эркектер зомбулук көрсөткөндөн кийин жоопкерчиликтен оңой эле кутулуп кетээринен кабар берет, кайра-кайра кылмыш жасоого түрткү берет дейт адистер.

Аялдарга карата зордук-зомбулук тыйылбай жаткан шартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ур-токмокко кабылган аялдар атайын кызматтын аймактык бөлүмүнө кайрыла аларын айткан.