Кайрадан ковид. ДСУ эртерээк эмдөөнү баштоого чакырууда

Сүрөттүн булагы, HOWARD SCHNAPP/NEWSDAY RM
Ковид пандемиясынын аяктаганы расмий түрдө майдын башында жарыяланганы менен, сентябрдын башынан бери АКШда коронавирусту жуктургандардын саны тездик менен өсүп, 2020-жылдын жазында өлкөнү каптаган биринчи толкундун деңгээлине жетти.
АКШ бийлигинин маалыматы боюнча, 27-августтан 2-сентябрга чейинки жумада (андан кийинки маалыматтар азырынча жок) ооруканага жаткыруу зарыл болгон бейтаптардын саны дээрлик тогуз пайызга өскөн. Коронавирус менен ооруган бейтаптар арасындагы өлүмдүн деңгээли (3-сентябрдан 9-сентябрга чейин) дээрлик беш пайызга өстү.
Бирок бул жарым ай мурунку расмий гана маалыматтар. Учурда инфекция жуккан адамдардын чыныгы санын болжолдуу гана эсептөөгө болот.
Бирок пандемиядан дээрлик үч жыл өткөндөн кийин, вирустун жуккан-жукпаганын билүү үчүн массалык тестирлөөдөн тышкары, илимий коомчулук ковид жуккан адамдардын чыныгы санын так аныктоонун башка жолдорун таап чыкты (ал адамдардын көпчүлүгүнө али диагноз коюла элек да болушу мүмкүн).
Мисалы, шаардын канализацияларындагы вирустун концентрациясын өлчөө (жана аны ооруканалардын унаа токтотуучу жайларынын толушу менен салыштыруу) аркылуу кыйла так болжолдоого болот.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ал эми бул көрсөткүчкө ылайык эпидемиянын жаңы толкуну биринчисинен ашып кетти.
Ковидди моделдөө боюнча алдыңкы эксперттердин бири Джей Вайланддын эсептөөлөрү 8-сентябрга карата АКШда коронавирус менен ооругандардын чыныгы саны күн сайын болжол менен 720 миңге көбөйгөнүн көрсөтүп турат.
Бул, азыр Кошмо Штаттарда калктын дээрлик эки пайызына бир эле учурда вирус жуккан дегенди билдирет.
Бул башталышы гана болушу ыктымал. Эгерде Вейланддын божомолуна ишенсек, кийинки бир жарым айдын ичинде инфекция жуккан адамдардын саны эң жөнөкөй эсептөөдө кеминде төрт жарым эсеге көбөйөт.
Бирок, бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда айтылган эки көрсөткүч тең – саркынды суулардагы вирустун концентрациясы жана математикалык моделдештирилген эсептөөлөр – жаңы толкундун чокусу эбак эле өтүп кеткендигин көрсөтүп турат. Жаңы жугузуп алгандардын саны акырындык менен азайып баратат.
Ошентсе да, суук мезгил дале алдыда жана ал пайда болгон тенденцияга олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизиши мүмкүн. Андан кийин сандар дагы көбөйүшү ыктымал.
Эмдөө – дале эң мыкты коргонуу
Оорулуу адамдардын саны көбөйүп жаткандыгы жана оор учурлардын саны өсүп жаткандыгы тууралуу чочулаткан билдирүүлөр АКШдан гана эмес, башка өлкөлөрдөн да келип жатат, деп өткөн аптада журналисттерге ДСУнун пандемия менен күрөшүүгө жооптуу адиси Мария Ван Керхове билдирди.
Бул башка өлкөлөр окуялардын болжол менен ушундай өнүгүшүнө даярданышы керек дегенди билдирет, деп эсептейт ал.
ДСУ реанимацияга түшүп калуудан (негизи эле оорунун оор өтүшүнөн) кайра-кайра эмдөөдөн башка эч нерсе коргой албайт деп талыкпай кайталап келет.
Ревакцинация өзгөчө тигил же бул себептерден улам тобокел тобуна кирген адамдарга сунушталат.
Анын үстүнө, эксперттер жаңы, ылайыкташтырылган вакцинаны күтүүнүн таптакыр кереги жок деп баса белгилешет. ДСУ тарабынан бекитилген дарылардын кайсынысы болбосун керектүү коргонууну камсыздай алат.
Чоңдорго гана эмес, балдарга, анын ичинде мектепке чейинки курактагыларга да кайра эмдөөдөн өтүү сунушталат. Акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, коронавируска каршы вакцинанын эки же үч дозасын алган 5 жашка чейинки оорулуу балдардын дарыгерге же шашылыш медициналык жардамга кайрылуусу дээрлик үч эсеге аз болгон. (DO)











