"Иран чоң ката кетирди, эми жооп берет": Израил Тегеранды коркутту

Сүрөттүн булагы, Anadolu
1-октябрдын кечинде Иран баллистикалык ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку уруп чоң ката кетиргенин, бул үчүн жооп берерин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди.
"Иран бүгүн кечинде чоң ката кетирди. Ал бул үчүн жооп берет. Ирандын режими биздин коргонуу боюнча чечкиндүүлүгүбүздү жана душмандан өч алаарыбызды түшүнбөй турат. Бизге ким кол салса, биз да ага кол салабыз",- деди Нетаньяху.
Израил армиясынын өкүлү Даниэль Хагари Тегеран мунун оор кесепеттерин тартат деп билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Ирандан коё берилген ракеталарга каршы израилдик жана америкалык аба чабуулдарынан коргонуу системасы натыйжалуу иштеди.
"Иран Жакынкы Чыгышты эскалацияга түртүп жатат. Бүгүнкү окуялардын кесепети болбой койбойт",- деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ президенти Жо Байдендин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ирандын чабуулдарын "оңой эмес эскалация" деп атап, Тегеран жалпысынан 200 баллистикалык ракета учурганын билдирди.
Салливан Израил же АКШ тарабынан жооп кайтара турган чаралар тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты, бирок америкалык эсминецтер Ирандын ракеталарын атып түшүрүүдө Израилге жардам бергенин тастыктады.
Брифингде Пентагондун өкүлү Пэт Райдер чабуулдардын мизин кайтарууда америкалык аскер деңиз күчтөрүнүн Жер Ортолук деңизиндеги эки эсминеци катышканын билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Американын аскер мекемесинин билдиргенине караганда, шейшембидеги чабуулдар Ирандын Израилге карай быйылкы апрель айындагы чабуулунан да масштабдуу болду. Анда жүздөй ракета коё берилген эле. Андан көп өтпөй Иран чабуул максатына жетти десе, Израил Иран аткан ракеталардын дээрлик баарын "темир калканы" менен тосуп калганын билдирген.
АКШ президенти Жо Байден Вашингтон толугу менен Израилди колдой турганын билдирди.
Байдендин сөзүнө караганда, америкалык аскерлер Ирандын чабуулдары учурунда түздөн-түз анын буйругу менен Израилдин коргонуусун жигердүү колдоп беришкен.
Ал ошондой эле Иран жасаган чабуулдун мизи кайтарылып, ал натыйжасыз болуп калганын кошумчалады.
Демократтар партиясынан президенттикке талапкер жана вице-президент Камала Харрис чабуул учурун Ак үйдө Байден менен чогуу байкап отурганын билдирди.
Ал Байдендин Израилди көздөй коё берилген ракеталарды атып түшүргүлө деген чечимин толугу менен колдогонун кошумчалады.
Ирандын бийлиги эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Иран бийлиги Израилдеги аскердик объекттерге гана сокку урганын жана толук масштабдуу согушту каалабаганын, бирок өзүн коргоо укугун пайдаланууга даяр экенин билдирүүдө.
Буга чейин Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге чабуулдар Тегеранда ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлүмүнө жана өткөн аптада Бейрутка болгон соккудан улам жок кылынган "Хезболланын" лидери Хасан Насралланын өлүмүнө жооп болгонун билдирген.
Ирандагы сакчылар корпусу Израил соңку чабуулдарга жооп кайтара турган болсо, мындан да "олуттуу соккуларга туш болорун" белгиледи.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Х социалдык тармагына билдирүү жазып, анда чабуулдардын негизги максаты Иран өзүнүн жарандарын жана кызыкчылыктарын коргой ала тургандыгын Израилге көрсөтүү болгону айтылат.
Анын сөзүнө караганда, Иран 1-октябрда өз мүмкүнчүлүгүнүн кичине эле бөлүгүн көрсөттү жана израил бийлигин мындан аркы эскалациядан этият болууга чакырды.
Шейшемби кечинде Ирандын ички иштер министри Аббас Аракчи Х социалдык тармагына билдирүү менен чыгып, анда Ирандын операциясы аяктаганын жана соңку чабуулга Израил тарап жооп кайтара турган болсо, Тегерандын реакциясы "катуу жана күчтүү" болорун жазды. (AK)












