Иран Израилге баллистикалык ракеталар менен сокку урду

Ракеталардын көбү атып түшүрүлгөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ракеталардын көбү атып түшүрүлгөн

Шейшемби күнү кечинде америкалык маалымат каражаттарында Иран ракеталык чабуулга даярданып жатканы тууралуу кабар жарыяланды. Бир нече сааттан кийин Тегеран Израилди баллистикалык ракеталар менен аткылай баштады.

Андан кийин сиреналардын үнү бүт Израилде жаңырып, тургундарга бомбадан коргонуучу жайларга жашынгыла деген эскертүү берилди.

Бул чабуулдар Ирандын мамлекеттик телеканалы аркылуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) билдирүүсүндө тастыкталды.

Анын максаты ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын, "Хезболланын" лидери Хасан Насралланын өлүмүнө, ошондой эле ливандык жана палестиналык жайкын тургундардын өлүмүнө жооп экени айтылды.

Иран Израилдин маанилүү базалары бутага алынганын билдирип, толук маалымат берген жок.

Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин башчысы Эбрахим Азизи мамлекеттик телеканал аркылуу бул чабуулдун биринчи баскычы экенин айтты.

Иран Израилге карай учурган ракеталар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран Израилге карай учурган ракеталар

Коомдук медиаларда ракеталар Иорданиянын үстүнөн учуп баратканы, алардын көбү Израилде атып түшүрүлгөнү жана кулап түшкөнү тууралуу көптөгөн видео пайда болду. Айрымдары Тель-Авивге түшкөнүн да көрүүгө болот. Израилдин ар кайсы аймактарында жарылуулардын үнү угулуп турду.

Иран колдогон "Хезболланын" лидери Хасан Насралла Израилдин чабуулунан каза болгондон кийин Тегеран сөзсүз түрдө кандайдыр бир аскердик чараларды көрөрү күтүлүп жаткан.

Израилдин билдирүүсү

Коопсуз жайга жашынган израилдиктер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коопсуз жайга жашынган израилдиктер

Израил армиясы Ирандан атылган ракеталардын токсон пайызы абада жок кылынганын билдирди. Коргонууга АКШ да жардам көрсөткөн.

Израилдин коргонуу кызматтарынын маалыматы боюнча, Ирандан болжол менен 180 ракета атылган. Эч ким олуттуу жаракат алган эмес.

Армиянын басма сөз катчысы Даниэл Хагари "Иран кол салуунун олуттуу кесепеттерин тартат" деп билдирип, бирок Израил так эмне кыларын ачык айткан жок.

Хагари өлкөнүн борбордук жана түштүк аймактарына бир нече ракета түшкөнүн ырастап, каза болгондор тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

"Биз жарандарыбызды коргоо үчүн бардык кадамга барууга даярбыз", – деди ал.

Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ал арада АКШ президенти Жо Байден америкалык аскерлерге чабуулдардын мизин кайтаруу үчүн Израилге жардам берүүгө буйрук берди.

Ак үй президент Жо Байден менен вице-президент Камала Харрис Ирандын кол салууларына тыкыр көз салып жатканын билдирди.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Ирандын бул жолку соккулары апрелде Израилге жасалган чабуулдан "эки эсе күчтүү" болгонун маалымады.

Иран учурган айрым ракеталар Батыш Жээкке түшкөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран учурган айрым ракеталар Батыш Жээкке түшкөн

Jerusalem Post гезити куткаруу уюмунун жетекчиси Маген Дэвид Адомго шилтеме жасап, Тель-Авивдин түндүгүндөгү имаратка сокку таамай тийгенин жана Израилдин башка бир катар жерлерине ракеталар түшкөнүн жазды.

Израилдин Haaretz гезити Иерусалим менен Тель-Авивде катуу жарылуулар угулганын, ошондой эле Израилдин борбордук бөлүгүнө, түштүк тарабына жана Негев чөлүнө ракеталык соккулар тийгенин, бирок чоо-жыйы тактала электигин кабарлады.

АКШ, Британия сыяктуу Израилдин союздаштары Ирандын чабуулун кескин айыптады.

Ал эми Тегеран менен өнөктөш кыймылдар Ирандын соңку чабуулдарын кубаттап, муну Израилдин "агрессиясына" чечкиндүү жооп деп баалашты.

Ирандын Израилге каршы ракеталык чабуулун кубаттап, майрамдап көчөгө чыккандар. Тегеран, 2024-жылдын 14-апрели

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын Израилге каршы ракеталык чабуулун кубаттап, майрамдап көчөгө чыккандар. Тегеран, 2024-жылдын 14-апрели

Ушул жылдын 13-апрелине караган түнү Иран Израилдин аймагына 170 учкучсуз учак, 30 канаттуу ракета жана 120 баллистикалык ракетасын учурган.

Тегеран муну Сириядагы өзүнүн консулдугуна жасалган кол салуу үчүн өч алуу деп түшүндүргөн.

Израилдик жана америкалык аскерлердин маалыматы боюнча, алардын 99 пайызы атып түшүрүлгөн. Аны жок кылууга АКШ, Улуу Британия, Франция жана Иорданиянын аскерлери жардам берген.

Бир аптадан кийин Израил жооп кылып, Ирандын бир нече өзөктүк объекттери жайгашкан Исфахан провинциясын ракеталар менен аткылаган. (SA)