Кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форуму, эң улгайган жапан эже-сиңдилер
21-сентябрга карата дүйнөдөгү жана жергиликтүү кабарларга назар салыңыз.
Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтүп жатат

Сүрөттүн булагы, Social media
Баш калаа Бишкекте кыргыз жана өзбек ишкер аялдарынын эл аралык форуму болуп жатат.
Эки өлкөнүн экономикасынын ар кыл тармагында иштеген аял ишкерлер өздөрүнүн иш тажрыйбасын бөлүшүп, экинчи жагынан алака-катышты чыңдоонун үстүндө.
Форумда аял ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана алардын ишкер чөйрөдөгү ролун күчөтүүгө орчундуу көңүл бурулмакчы.
Бул эл аралык иш чара Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовдун, орун басары Аида Касмалиеванын жана ПРООН менен USAIDдин колдоосу астында өтүп жатат.
Аны “Борбордук Азиянын Аялдар Лигасы” коомдук фонду уюштурду. (КС)
Гиннесс рекорду: Жапан эже-сиңдилер эң улгайган эгиздер

Сүрөттүн булагы, GUINNESS WORLD RECORDS
Жапониялык эже-сиңдилер дүйнөдөгү эң улгайган жана жашап жаткан окшош эгиздер катары Гиннесс рекорддор китебине кирди. Алардын жашы 107 жыл жана 300 күн.
Умено Сумияма менен Куме Кодама каза болгон жапан эгиз эже сиңдилер Кин Нарита жана Жин Кание койгон рекорддон ашып өтүшкөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Адамдар менен бат тил табышат деп сүрөттөлгөн Умено менен Куме Шодисима аралында 1913-жылдын 5-ноябрында туулган.
Алардын рекорд китебине киргени жөнүндө Жапониядагы “Карыялар күнүнө” арналган улуттук майрамга дал келип, дүйшөмбү күнү жарыяланды.
Коронавирус кырдаалына жана сактык чараларына байланыштуу аларга расмий күбөлүктөр кызматкерлер тарабынан алар жашаган эки башка үйгө жеткирилген.
Гиннесс уюмунан дүйшөмбүдө билдиришкендей, эгиздер 1-сентябрда жаңы титулдун ээси катары таанылган.
Аталган рекорддун мурдагы ээлери Кин менен Жиндин жашы 107 жыл жана 175 күн болчу. Кин 2000-жылы январда көз жумган. Жин болсо кийинки жылы 108 жашына каза болгон.
Маркум эгиздердин ысымдары жапан тилинде алтын жана күмүш дегенди билдирет. Алар Нагоя жергесинде 1892-жылы 1-августта дүйнөгө келишкен жана өмүрүнүн соңку он жылында маалымат каражаттарында белгилүү болушкан.
Умено менен Куменин үй-бүлөсүнүн айтымында, эже-сиңдилер азыркы куракка чейин жашашы боюнча тамашалашчу.
Уменонун төрт, Куменин үч баласы бар.
Адамдардын жашоо узактыгы боюнча дүйнөдө Жапония алдыңкы орунда жана бул өлкөдө карыялар көбүрөөк сыйга ээ.
Гиннесс китебине кирген эң улгайган жана жашап жаткан адам 118 жаштагы жапониялык аял Кане Танка болуп саналат. (EA)
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 30% көбөйдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жыл башынан бери Кыргызстанда 7 миң 665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. ИИМдин билдирүүсүндө бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп.
Бул тууралуу 20-сентябрда үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү маселеси талкууланган жыйында айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жылдан-жылга үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп баратканын, мыйзам жер-жерлерде толук иштебей жатканын айтты.
“Бүгүнкү күнү министрлер кабинети жарандык коомдун, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен Гендердик теңчиликтин улуттук стратегиясынын концепциясын иштеп чыкты. Мындан тышкары, эл аралык өнөктөштөр менен бирдикте Кыргыз Республикасында "Теңдик нуру" өлкөлүк программасын ишке ашыруу боюнча Улуттук жетекчилик комитеттин иши активдештирилди”, -деди Бакашова.
Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө катталган зомбулуктун дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет. (EK)












