АКШ менен Кытай аскердик кызматташуусун жандандырууну макулдашты

Кабарчылар: Сан-Францискодон Макс Матза жана Вашингтондон Гарет Эванс

Байден менен Трамптын жолугушуусу

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Байден менен Трамптын жолугушуусу

АКШ менен Кытай күчөп бараткан чыңалууну басаңдатуу максатында аскерий байланышты калыбына келтирүүнү макулдашты, деди президент Жо Байден.

Шаршемби күнү Калифорнияда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен чанда өтчү жолугушуудан кийин Жо Байден: "Биз түз, ачык, так мамилелерге кайтып келдик" деди.

Эки лидер бир жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу көзмө-көз сүйлөштү.

Бирок экөөнүн ортосунда тирешүүнүн белгилери дале бар болчу – президент Байден Си Цзинпин диктатор деген пикирин кайра кайталады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк бул сөздөрдү сынга алды, бирок андай реакция эки тарап тең ийгиликтүү деп сыпаттаган жолугушуунун жарыгын өчүрө албады.

Байден ошондой эле эки лидер тең бири-бири менен түз байланыш түзүүнү макулдашканын айтты.

Сан-Франциского жакын жердеги тарыхый имаратта өткөн саммиттен кийинки басма сөз жыйынында Жо Байден мамилелер солгундагандыктан "ар кандай жагымсыз окуялар” болуп кеткенин айтты жана эки президент тең эми "маселелерди телефон аркылуу түз чече аларын” кошумчалады.

Дүйнөлүк эки лидердин бетме-бет жолугуп, кол алышуусун дипломатиялык чоң жылыш катары баалагандар бар. Бирок, өтө талылуу маселелер дагы деле абдан "морт" бойдон турат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөлүк эки лидердин бетме-бет жолугуп, кол алышуусун дипломатиялык чоң жылыш катары баалагандар бар. Бирок, өтө талылуу маселелер дагы деле абдан "морт" бойдон турат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өткөн жылы АКШ Конгрессинин ошол кездеги спикери Нэнси Пелоси Тайванга баргандан кийин Кытай АКШ менен аскердик кызматташуусун токтоткон. Бээжин өз бийлиги бар Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептейт жана керек болсо аны күч менен кошуп ала турганын айтып коркуткан.

Президент Байдендин айтымында, өлкө башчылардын ортосунда көптөгөн пикир келишпестиктер сакталып турганына карабай төрага Си болушунча диалогго "ачык болду". Анын айтымында, сүйлөшүүлөр “ушуга чейинки эң конструктивдүү жана жемиштүү талкуулардын бири болду”.

Кийинчерээк америкалык бизнес лидерлери менен кечки тамакта сүйлөп жатып, Си Цзинпин АКШ менен жакшы мамиледе болууну каалап жатканын ачык айтты.

Ал президент Байден менен дипломатия жана кызматташтык жолун улантууну макулдашканын билдирди.

“Кытай-АКШ мамилелеринин эшиги ачылды, эми кайра жабылбашы керек. Биз ортобузда көптөгөн көпүрөлөрдү куруп, байланыштарды кеңейтүүбүз зарыл ”, - деди ал.

Ага карабай, Жо Байден журналисттин суроосуна жооп берип жатып Си Цзинпинди диктатор деп эсептерин билдирди. Бул менен АКШ президенти мамилелер дале канчалык оор болуп турганына ишаарат кылды.

"Ал мамлекетти башкаруу жагынан диктатор ... алардын башкаруу формасы биздикинен таптакыр бөлөк", - деди Жо Байден. Июнь айында Байден мырза ушундай эле комментарий бергенде, кытай аткаминерлери ачууланып, аны "сандырак сөз жана жоопкерчиликсиз билдирүү" деп сыпатташкан.

Бейшемби күнү Кытайдын тышкы иштер министрлиги Байдендин сөзүн айыптап, бул "абдан туура эмес мүнөздөмө" жана "жоопкерчиликсиз саясий манипуляция" деп белгиледи.

Бул эки лидердин жалпысынан жакшы маанайда өткөн жолугушуусундагы жагымсыз учур болду.

Синьхуа Мамлекеттик маалымат агенттиги жыйын тууралуу жалпы маалымат бергенде "диктатор" деген сөз айтылган эмес. Жалпы маалымат (кээде Кытай өкмөтү мамилелерди канчалык оң же терс кабыл алганынын көрсөткүчү болушу мүмкүн) эки тараптуу байланыштардагы олуттуу прогресс жөнүндө сөз кылышы ыктымал.

Америкада миңдеген жаштар пайдаланган маңзаттын курамын түзгөн заттарды көзөмөлдөө макулдашылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкада миңдеген жаштар пайдаланган маңзаттын курамын түзгөн заттарды көзөмөлдөө макулдашылды

Аскердик байланыштарды калыбына келтирүү менен бирге, эки тарап акыркы убакта чыңалууга себеп болуп жаткан маселелер боюнча дагы бир нече келишимдерди жарыялашты.

Алардын катарына АКШга фентанил ташууга каршы күрөшүү боюнча чаралар кирет. Фентанил бул өлкөдө ашыкча дозадан каза болгондордун көбөйүшүнө алып келген.

Кытай өндүрүш компаниялары синтетикалык опиоиддердин гана эмес, аны жасоо үчүн иштетилген дагы башка химиялык заттардын булагы болуп саналат. "Биз прекурсордук химиялык заттардын жана таблеткалардын Кытайдан Батышка кеткен агымын кескин кыскартуу үчүн чара көрүп жатабыз," – деди президент Байден.

Келишимге ылайык, Кытай ошол прекурсордук химиялык заттарды чыгарган компанияларды түздөн-түз бутага алат. "Бул адамдардын өмүрүн сактайт" деди Жо Байден журналисттерге.

Эки лидер Израил менен Газадагы жаңжалды да талкуулашты. АКШнын жогорку даражалуу аткаминерлеринин бири журналисттерге Жо Байден Кытайды Иранга болгон таасирин колдонуп, чагымчыл кадамдарга барбоого көндүрүүгө чакырганын айтты.

Эки держава мындан ары жасалма интеллектти (AI) биргелешип изилдөөгө макулдашты жана Тайван жөнүндө көпкө сүйлөштү. Америкалык аткаминердин айтымында, Си мырза Тайван "АКШ-Кытай алакасындагы эң чоң, эң кооптуу маселе" экенин билдирди.

Сүрөт

Эки лидердин жолугушуусу дүйнөдө абал курчуп турган учурга туш келди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки лидердин жолугушуусу дүйнөдө абал курчуп турган учурга туш келди

Си Цзинпин менен президент Байден Сан-Франциского жакын жердеги Филоли үйүндө жолугушуп, төрт саат сүйлөшүштү.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытай эки өлкөнүн армиясынын ортосундагы байланыш “теңчилик жана сый-урматтын” негизинде калыбына келгенин билдирди.

Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтык уюмунун (АПЕК) саммитинин алкагындагы жолугушуу абдан күтүлүп жатканы менен, эки тараптын расмийлери кандайдыр бир чоң жылыш болот деген үмүттү жокко чыгарышты.

"Мындагы максаттар чындап эле атаандаштыкты жөнгө салуу, тобокелдиктердин алдын алуу - чыр-чатакты болтурбоо жана байланыш каналдарынын ачык болушун камсыз кылуу"- деди АКШ администрациясынын жогорку даражалуу кызматкери.

Февралда Кытайдын тыңчы аппарат катары шек жараткан шары АКШнын аба мейкиндигинде атып түшүрүлгөндөн кийин мамилелер начарлап кеткен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен июнда Бээжинге иш сапары менен барып, дээрлик беш жылдан бери Кытайдын баш калаасына барган Вашингтондун эң жогорку даражалуу расмий өкүлү болду. Ал президент Си, андан кийин тышкы иштер министри Цин Ганг менен жолугушту.

Сапарынын аягында Энтони Блинкен эки өлкөнүн ортосунда дагы деле олуттуу маселелер бар экенине карабай, алар "жакшы байланыш жана алдыда жакшыраак кызматташууга" үмүттөнөрүн айткан. (DО)