Зордукталган секелек. Милиционерлердин жазасы эмнеге жеңилдеп жатат?
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Kloop.kg
Активисттер 13 жашар кызды зордуктаганы үчүн абакка кесилген эки милиционердин жазасы жеңилдеп калабы деп чочулап жатат. Буга байланыштуу алар кечээ күнү Жогорку Сот ишти карап жаткан учурда акцияга чыгып, айыпталуучуларга катаал жаза берилишин талап кылышты.
Секелек кыздын жакындары акыркы инстанцияда акыйкат чечим чыгат деп күтүп жатышкан. Бирок Жогорку Сот алардын апелляциялык арызын кароону башка күнгө жылдырып салды.
Жабырлануучу тараптын адвокаты Тимур Султанов иштин жылышы боюнча Би-Би-Сиге мындай деди:
“Айыпталуучулардын биринин адвокаты алмашкан экен. Ал иш менен таанышуу үчүн убакыт сурады. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, кийинки отурумду 5-апрелге калтырды”.
Өткөн жылы коомчулукту селт эттирген бул окуя боюнча төрт кишиге: эки милиция кызматкери менен эки жаранга айып тагылган. Свердлов райондук соту 30-августта эки милиция кызматкерин 15 жылга, ал эми бир жаранды 9 жылга абакка кескен. Төртүнчү айыпталуучу Биринчи май райондук сотунун чечими менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.
Милиционерлерге жумшарган жаза
Бишкек шаардык соту ушул жылдын январь айында секелекти зордуктаганы үчүн айыпталган эки милиция кызматкердин жазасын жеңилдетип салган. Өзгөргөн өкүмгө ылайык, алардын биринин жаза мөөнөтү алты жыл, экинчиси тогуз жыл деп белгиленген.
Милиция кызматкерлерине карата жазанын кыскарышы коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, сот тармагына сын-пикирлер айтылган.
Мындан улум 16-январда Бишкек шаардык сотунун судьялары Мирад Динеев менен Сүйүнбек Бекташев жаза мөөнөтү эмнеге кыскарганы боюнча маалымат беришкен.

Сүрөттүн булагы, Кaktus.kg
Судьялардын айтымында, кылмыш жасалган убакта 2017-жылдагы Кылмыш-жаза кодекси колдонууда болгон. Бирок тергөөдө шектүүлөргө жаңы Кылмыш-жаза кодексинин негизинде айып коюлган. Сот жаңы мыйзамдагы беренелерге карап чечим чыгарган. Бирок мыйзам өткөн убакытка иштебегендиктен, райондук соттун чечими туура эмес болгону айтылган.
Акыйкаттыкты талап кылган активисттер
Укук коргоочулар менен активисттер аялдар менен балдарга карата зомбулук күчөгөнүнө карабай, мамлекеттик органдар жетиштүү деңгээлде чара көрбөй жатканына нааразы.
Шаршембиде Жогорку Соттун алдына акцияга чыккандар дагы секелек кызды зордуктап жүргөн милиция кызматкерлеринин жазасы жеңилдеп жатканы үчүн мамлекеттик органдарды айыпташты.
“13 жашар кызды зордуктаган эки милиция кызматкерине алты жыл гана беребиз деп жатышат. Биз буга каршыбыз. Секелек кыздарды зордуктагандарга катаал жаза берилишин талап кылабыз”, - деди акцияга чыккандардын бири.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Активист Нурзада Садырбекова сот жана прокуратура жабырлануучу тарапты эмес, күч органдарын коргоп жатканын Би-Би-Сиге билдирип, мындай көрүнүштөрдүн кесепеттерин эскертти.
“Айыпталган эки жарандын жаза мөөнөтү өзгөргөн жок. Бирок милиция кызматкерлерине келгенде мыйзамдар жумшарып “булар биздин системанын адамдары” дегендей болуп жатат. Сот системасы зордукталган кызды коргобой, зөөкүр милиция кызматкерлерин коргоп жатат. Муну көргөн күч түзүмдөрүндө иштегендер мындан да оор кылмышка барышы мүмкүн”, - деди активист.
Былтыр бул окуядан кийин адам укугун коргоо жаатындагы бейөкмөт уюмдары менен активисттер аялдар менен балдардын укугун коргоо боюнча президентке кайрылышкан.
Аларга өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жооп кылып, балдарга карата зомбулукту президент кескин сындай турганын билдирген.
Басма сөз катчы секелек кызды зордуктап жүргөндөргө сот акыйкат жаза берерине ишеним артып, "кылмыш жасаган акмактардын аракети эч кандай актоого жатпай" турганын да жазган.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Бирок бул сыяктуу сөздөр учурунда коомчулуктун демин басуу үчүн айтылгандай элес калтырат дегендар да бар.
“Башкалар билбеши мүмкүн дейли, бирок милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды зордуктагандар кандай жазага тартыларын жакшы билишет да. Алар билип туруп жасашкан. Мындайлардын жазасын жеңилдеткендин ордуна кайра катаалдатыш керек болчу. Керек болсо өмүр бою олтуруш керек”, - деди Нурзада Садырбекова.
Соңку кездери аялдарга жана балдарга карата үрөй учурган окуялар катталып жатат. 2022-жылы балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгонун башкы прокурор маалымат жыйында айткан.
Кыргызстанда зомбулуктун күнөөкөрлөрү жазасыз калган учурлар көбөйгөнүнө Бириккен Улуттар Уюму да тынчыздануусун билдирген.












