Индиянын премьер-министри Моди АКШнын вице-президенти менен жолугушту. ШКУнун Жогорку сотторунун кеңешмеси. “Тозокко куш кел”
Күндүн негизги жаңылыктарынын топтому

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бейшембиде Вашингтондо АКШнын тарыхындагы эң жогорку даражалуу инди тектүү америкалык - АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен жолугушту.
Моди мырза Харрис айымды тарыхый кызмат даражасы менен куттуктап, Индияга иш сапарга чакырды.
“Индия эли сиз менен жолугушууну абдан күтөт”, - деди ал.
Харрис айымдын кичине мекени болгон Индиядагы Туласендрапарум айылында анын жеңишинин урматына фейерверк аттырышкан.
Моди мырзанын үч күндүк сапары жума күнү президент Жо Байден менен жолугушкандан кийин аяктайт.
Жолугушуу Афганистанда Талибан өлкөнүн бийлигин алып, жаңы өкмөт курагандан бир апта өтүп болуп жатат.
Бул айдын башында Талибандын өкүлү Би-Би-Сиге Индияга караган Кашмирдеги “мусулмандар үчүн үн чыгаруу” ниети бар экенин билдирген.
Индия менен Пакистан мусулмандар көпчүлүктү түзгөн жана эки бөлүнгөн территорияны көзөмөлдөшөт. Бирок эки тарап тең бул территорияларды толук көзөмөлүнө алганга аракет кылышат.
2019-ж. Харрис айым Моди мырзанын Кашмирди автономиясынан айыруу аракетин сынга алган саналуу талапкерлердин бири болгон.
Моди мырза президент Байден, Жапониянын жана Австралиянын лидерлери менен бирге “Төртилтик” аталган саммитке катышат. Бул Акүйдүн Азия-Тынч океан регионунда кызматташууну алгалатуу демилгесинин бир бөлүгү.
“Тозокко куш кел”: Кытайдын бренди кыжырдануу жаратты

Сүрөттүн булагы, WEIBO
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кытайдын популярдуу JNBY кийим бренди жаш балдар үчүн чыгарган футболкаларындагы “тозокко куш кел” жана “сени кармап көрөйүнчү” деген жазуулары үчүн кечирим сурады.
Бир эненин интернеттеги нааразычылыгы тарап кеткенден кийин JNBY аталган жазууну камтыган кийимдерди дүкөндөрдөн алып салды. Ошондой эле, кийимдерде өлүм образын чагылдырган “Түрү суук орокчу” да болгон.
Нааразы болгон эненин айтымында, үй-бүлөсү кийимди төрт жаштагы уулуна жазууну түшүнбөй эле сатып алып берген.
JNBY мурда дагы талаш-тартыш жараткан кийимдерди чыгарып келгени аныкталган.
“Тозокко куш кел. Кечирип кой! Кимди тосуп алып жатасың?” - деп жазган эне Вейбо (Weibo) социалдык тармагында.
Андан бери адамдар Гонконгдо катталган компаниянын талаштуу өндүрүштөрү жөнүндө сүрөттөрдү бөлүшүп келишкен.
Вейбонун көптөгөн колдонуучулары аталган брендге эмне үчүн айып пул салынбаганына кызыгышкан.
“Дизайнды атайын эле ушинтип жасашканбы билбейм, бирок мындай чоң компанияда анын маанисин түшүнгөндөр бар болсо керек?” - деп бирөө ой-пикир жазган.
JNBY Instagram сыяктуу Xiaohongshu (Сяохуншу) колдонмосундагы барагында кийимдериндеги “обу жок жазуулар” боюнча арыздарды алганын жана ал үчүн кечирим сураганын билдирди.
Алар кошумчалагандай, бренддин дизайнерлик философиясында ар дайым “элестетүү эркиндигине” басым жасалат жана алардын түпкү ниети “бөтөнчө” чыгарма жаратуу болгон.
“Бирок эң маанилүүсү жакшы баалуулуктарды өткөрүп берүү экенин түшүнүп турабыз. Келечекте жаңычылык жана жаратман дизайндарды жакшы баалуулуктар менен айкалыштыруу үчүн колубуздан келгенин жасайбыз”, - деп билдирген компаниядан. (EA)
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмеси - Бишкекте

Сүрөттүн булагы, sud.gov.kz
Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын он алтынчы кеңешмеси өз ишин баштады.
Кеңешме Кыргызстандын төрагалыгы астында видеоконференция түрүндө өтүп жатат. Анда бейтарап жана арбитраждык соттордун чечимдерин аткаруу практикасы, ШКУга мүчө-мамлекеттердин жазык мыйзамдарын гумандаштыруу, санариптештирүү жана сот адилеттигин ишке ашыруу процессинде IT- технологияларын колдонуу, юстиция жаатында ШКУга мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы жана массалык маалымат каражаттары жана сот системасы, коррупциялык жана башка кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча сот практикасы жана башка маселелер каралууда.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынат.
ШКУнун хартиясында коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн 2006-жылы ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын өз ара аракеттенүү институту түзүлгөн.
ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмеси ШКУнун Хартиясы, ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын иштөө регламенти жана ШКУнун жол-жобо эрежелери менен жөнгө салынат.
2006-жылдан тартып Жогорку сотторунун төрагаларынын 15 жыйыны болгон, он алтынчы кеңешме Бишкекте өтүп жатат. (КС)
Евробиримдик гаджеттерди кубаттандыруунун бирдиктүү стандартына өтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Еврокомиссия бейшемби күнү Европа аймагында телефондорду кубаттоочу жабдыктарды бирдиктүү стандартка келтирүү боюнча сунушун берди.
Эгер бул сунуш колдоо тапса, Европадагы бардык гаджеттер, анын ичинде смартфон жана кулакчындар Type-C порту аркылуу гана кубаттандырылып калат.
Башка стандарттагы Micro-USB жана Lightning заряддагычтары керектөөдөн чыгат.
Еврокомиссиянын жаңы демилгесине ылайык, өндүрүүчүлөр мындан ары гаджеттерди өзүнчө, аларды кубаттоочу жабдыктарды өзүнчө сатып калышы мүмкүн. Бул, ириде, колдоонучулар үчүн ыңгайлуу деген жүйөө келтирилип жатат. Ошондой эле, ашыкча коромжулукту да тыят делүүдө.
Apple корпорациясы мындай саамалыкка буга чейин каршы чыккан. Себеби, андай шартта бул компания өзү иштеп чыккан Lighting портунан баш тартуусу керек болот.
Эгер сунуш өтүп, жаңы мыйзам Европарламентте колдоо тапса, бардык гаджет өндүрүүчүлөрү USB-C стандартына өтүүсү үчүн эки жылдык убакыт берилет. (EK)







