Концерт убагында жыныстык ыдык көргөн саудиялык кыз-келиндер

MDL Beast

Сүрөттүн булагы, sawahpress.com

Себастьян Ашер, Би-Би-Си

Сауд Аравиясында бутүндөй Жакынкы Чыгыш үчүн ири музыкалык окуя болуп жатат. MDL Beast концертинин уюштуруучусу Эр-Рияддагы фестивалда жыныстык жана башка ыдык көрсөтмөйлөрдүн алдын алуу боюнча кошумча чараларды көргөнүн билдирди. Катаал тартипти карманган королдукта массалык көңүл ачуу чаралары көп жылдан бери боло элек жаңы көрүнүш. Бирок жергиликтүу жана чет элдик аялдар мындай жерлерге барганда кысымга алынганын айтып жатышат.

Сауд Аравиясы үчүн өзүнчө эле бир дээрлик сюрреалисттик көрүнүш болуп жаткандай - бүт өлкөнү дүңгүрөткөн добуштан көрүүчүлөр кошо титиреп кеткенсийт. Бул өлкөдө төрт жыл мурда эле мындай эл көп чогулган концерт мүмкүн эмес эле.

MDL Beast деп аталган концерт төрт күндөн бери Эр-Рияддын чет жакасына чейин дүңгүрөп турган кези, жүз миңдеген көрүүчүлөр дүйнөнүн ири диджейлеринин аткарган ырларына бийлеп жатышат. Мындай эл көп чогулган жерде эркектер менен кыз-келиндер дагы мурда-кийин мүмкүн болбогон, тыюу салынган ыкмалар менен аралашып кетти.

Бирок мына ушундай масштабдуу көңүл ачуу иш чараларында кыз-келиндерге жыныстык ыдык көрсөтүүлөр болгону жөнүндө мурдатан эле айтылып келатат.

Бул жолу дагы эркектер кыздарды кармалап, жармашып жатканы тартылып калган бир нече видео таркатылды. MDL Beast концертин уюштуруучулар айымдарды коргоону күчөтүү үчүн “сыйла- сылык бол” - деген аталыш менен алдын ала өзүнчө өнөктүк да жүргүздү.

2018-жылдан бери Сауд Аравиясында аялдарга ыдык көрсөткөндөр үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген, мыйзамда акчалай айыптан тартып беш жылга чейин түрмөгө камоо каралган.

2018-жылы саудиялык аялдарга кино барууга тыюу салган 35 жылга созулган талап жоюлган эле.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2018-жылы саудиялык аялдарга кино барууга тыюу салган 35 жылга созулган талап жоюлган эле.

Бирок, Би-Би-Си менен байланышкан саудиялык бир нече аялдын айтымында, алар бул багытта жетиштүү аракет болуп жатканына ишенишпейт.

Бир дагы аял өзүнүн аты-жөнүн ачык айтууга батынган жок. Алардын бири Интернеттеги видео боюнча комментарийлерде көбүнчө аялдарды айыптап жатышканына токтолуп, күнөөлүү адамдар менен катар алардан ыдык көргөн аялдар өздөрү дагы Сауд Аравиясынын мыйзамы боюнча жазаланышы мүмкүн экенин айтты.

Дагы бири чет элдиктер аралаша баштаганда гана бийликтер көңүл бурду дейт. Үчүнчү аялдын айтымында, жергиликтүү аялдарга реалдуу коргоо болгон жок. Ал эми көңүл ачуучу жайларда мобилдүү телефонго тарткандарга болгон коркутуп-үркүтүулөр мындай ыдык көрсөтүлгөн учурларды документтештирүүгө жол бербеш үчүн атайы жасалууда дейт.

Натыйжада, бул аялдардын жүйөсүнө караганда, өлкөнү чет элдиктерге эле эмес, анын өзүнүн жарандарына ачуу максатында болуп жаткан ар кандай массалык иш чараларга саудиялык көп аялдар баргандан чочулап баш тартышууда. (КС)