20 жылдан кийин АКШ Афганистандан чыгып кетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Американын Афганистандагы ишинин аягына чыкканынын белгиси кылып АКШнын акыркы аскердик учагы Кабулдан учуп кетти.
Аймактагы Американын башкы аскердик командири, генерал Кеннет Маккензинин айтымында, акыркы C17 учагы шейшемби күнү түнкү 12ден кийин АКШнын элчисин алып Кабулдан учуп кетти.
Ал кошумчалагандай, мөөнөтүнө чейин чыгып кете албай калгандарга көмөктөшүү боюнча дипломатиялык миссия уланмакчы.
Акыркы учак абага көтөрүлгөндө Талибан майрамдоо белгиси катары асманга ок чыгарды.
Акыркы учактын кетиши Американын эң узакка созулган согушунун бүткөнүн жана Талибан 14-августта бийликке келгенден берки массалык эвакуациялардын аяктаганын билдирет.
Генерал Маккензинин айтымында, жалпысынан АКШ жана анын шериктеш учактары 123 миңден ашуун жарандарды эвакуациялаган. Бул күнүнө орто эсеп менен 7500дөн ашуун адам чыгарылды дегенди билдирет.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Билдирүү жасагандан кийин Вашингтондо сүйлөгөн АКШнын баш катчысы Энтони Блинкен эвакуацияларды “массалык аскердик, дипломатиялык жана гуманитардык иш-аракет” деп атап, АКШ өз тарыхында ишке ашырган миссиялардын эң оору болду деп белгиледи.
“Жаңы бап башталды. Аскердик миссия аяктады. Жаңы дипломатиялык миссия башталды”, - деди ал.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал кошумчалагандай, АКШнын Кабулдагы дипломатиялык иш-аракеттери токтоп, операциялар Дохага өткөрүлгөнү менен өлкө америкалыктарга, АКШ жарандыгын алган оогандарга, эгер алар каалашса, Афганистандан чыгарууга жардам берүү боюнча “талыкпай аракет” кыла бермекчи.
Блинкен Байдендин администрациясындагы аскерлерди чыгаруу боюнча сөз сүйлөгөн биринчи кызматкер болду.
Президент Жо Байден соңку 17 күндө эвакуацияга көмөктөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык айткан чакан билдирүү таратты. Билдирүүдө президент өлкө жарандарына шейшемби күнү кечинде кайрылуу жасары айтылды.
Ал ортодо АКШ Кабул аэропортyна жакын жерде жанкечтиге каршы Американын дрондон сокку уруусунун натыйжасында бир нече жай тургун каза болгону боюнча маалыматтарды түшүндүрүп берүүсү керек болот.
Каза болгондордун туугандары айтып бергендей, Кабул аэропорту жактагы машинага сокку уруу туура эмес маалыматтардын негизинде ишке ашкан. Пентагон маалыматтарды текшерип жана териштирип жатканын айтты.
Миллиондогон афгандардын алдындагы белгисиздик

Башкы эл аралык корреспондент Лиз Дюсеттин анализи
40 жылдык согуштан кийин дагы афгандар ушунчалык белгисиздикке, туңгуюкка жана түнөргөн коркунучка кептелген өткөөл мезгилди баштан өткөрө элек болчу. Алдыда эмнелер күтүп турганы боюнча чоң белгисиздик бар.
Акыркы бир нече күндө өлкөдөн чыгып кеткен миңдеген афгандардын алдында белгисиздик жана коркунуч турат. Алар кайра кайтып келип мекенин көрө алар бекенбиз деп түйшөлүп жатышат.
Өлкөдө калган 38 миллион афгандыктар үчүн Талибан кандай башкарууну таңуулайт экен деген олуттуу белгисиздик турат. Аларга акыркы жолу бийликте турганда мүнөздүү болгон катаал башкарууну жана жазалоо ыкмаларын кайра алып келишеби.
Элет жерлериндеги Талибандын башкаруусуна күбө болгон көптөгөн афгандар талибдер өзгөрбөптүр, тескерисинче мурдагыдан жаман болуп кетишиптир деп коркуп жатышат.
Бул аябай салтка жакын коом. Батыш коалициялык күчтөрү билим алууга шыктандыргандыктан аялдар менен кыздар бир аз болсо да эркиндикке ээ боло алышты. Эң чоң жоготууга учурагандар - соңку 20 жылда өсүп жетилген кыздар. Анткени, алар убада кылынган жашоого ээ боло алышпайт.
Эртең бул узакка созулган согуштун жаңы бөлүгү башталмакчы. Американын эң узак согушу бүттү, бирок афгандар үчүн салгылаш, албетте, бүтө элек. (EA)












