Эндикти эсепсиз казуу чөпкө, жерге, табиятка зыян

Эндик

Сүрөттүн булагы, Official

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Соңку жылдары Кыргызстанда эндиктин тамырын сатып, киреше табууну көздөгөндөр көбөйдү. Мындан улам 2024-жылы бул чөптү казууга мораторий дагы киргизилген эле. Деген менен чектөөгө карабастан, эрте жазда же кеч күздө эндик издеп кеткендер аз эмес. Былтыр октябрь айында дал ушул өсүмдүктүн тамырын алууну көздөп тоого кеткен ондон ашык кишинин алтоосун көчкү басып, кайтпай калган. Сейрек кездешкен бул чөптүн экосистемадагы ролу кандай? Эндиктин баалуулугу эмнеде?

"Казып жаткандар деле көп"

Абдыразак Алибеков быйыл түшүндүрүү иштерин жылдагыдан эрте баштаганын айтат. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда аңчы адиси болуп иштейт.

Өткөн жылы кеч күздө көчкү алдында калган алты киши дал ушул Чаткал районунун тургундары болгон.

Алибеков район боюнча жалгыз адис. Астында жалгыз атынан башка техникасы дагы жок.

"Колумдан келишинче эскертүү иштерин жүргүзүп жатам. Айыл өкмөттөн киши кошуп бергиле деп тиешелүү органга кат жолдодум. Эми жакында башталат. Жалгыз жетише албай калам",- деди ал.

Айтымында, мамлекет тарабынан үч жылга мораторий киргизилгени менен аны тоготпой казып жаткандары деле көп.

"Өткөн жылы бул боюнча төрт материалды сотко өткөзгөм. Айрымдарына айып салып төлөткөн учурлар болду",- деди ал.

Адис жергиликтүү тургундар эндик тамырын чет элдиктерге жогору баада сатып жатат дейт:

"Бул тамырынан өсүп чыгат экен. Соңку жылдары тынымсыз казылып жатат. Казылган айрым жерлерде тамыры калып калган болсо кайра өсүп чыгып жатат. Бирок уругун чачкан жерден чыкканын көргөн жокмун. Бишкектин эки-үч жеринде Кытай жарандары сатып алат деп уктум. Эгер ошолорду токтотсо, эл да казууну токтотмок. Чаткал районунда эндик калбай деле калды. Эми чек аралаш аймактардан да казып келип саткандар болуп жатат",- деди ал.

Алибеков казуу иштери сейрек кездешүүчү эндик өсүмдүгүнө эле эмес, жер кыртышына да олуттуу зыян алып келип жатканын билдирди.

"Жер кыртышын жумшартып койгондон кийин эрозия пайда болот. Өзгөчө жаан-чачын көп жааган учурда сел жүрүп кетүү коркунучу жогорулайт. Казуу учурунда башка өсүмдүктөрдүн тамырларын дагы кошо алып кетип жатат",- деди ал.

Илимий изилдөөлөр

Эндик

Сүрөттүн булагы, Official

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, эндик Кызыл китепке кирбейт. Бирок мораторий киргизилгенге чейин эле аны казуу үчүн уруксат кагазын алуу милдеттендирилген.

"Негизинен уруксат атайын чөп даярдоочу ишканаларга берилчү. Казып алам деген жарандар дагы тиешелүү документтерди топтошу керек болчу. Бул үчүн атайын иш кагаздар даярдалып, келишим түзүлүп, андан соң Илимдер академиясынан корутундусун алып, документте көрсөтүлгөн көлөмдөн ашык эмес жыйнап алышчу",- деди министрликтин Биоресурстар башкармалыгынын башкы адиси Турдакун Абдыкадыров Би-Би-Сге.

2024-жылдын 28-майында Министрлер кабинети эндикти казууга тыюу салган токтом кабыл алгандан кийин, аймактардагы тиешелүү башкармалыктарга тапшырмалар берилген.

Рейддер жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштаган. Бирок ага карабастан, мыйзамсыз казып саткандар болгон.

"Кармалган жергиликтүү тургундарга казылган эндиктин көлөмү чоң эмес болгондуктан, 5 миң 500 сомдон административдик айып пул салынды. Өлкө боюнча майда-барат казып алган 20дан ашык учур катталды. УКМК менен биргеликте чоң көлөмдө чет мамлекетке алып чыгып кетүүгө аракеттенген ири үч фактыны аныктадык. Алар бир тоннадан үч тоннага чейинки көлөмдө эндик жыйнашкан. Мыйзамга ылайык, техникалык өсүмдүктөрдү мыйзамсыз жыйнап же саткан учурда, базар баасынан беш эсе чоң өлчөмдө айып пул салынышы керек. Ал учурда эндиктин базар баасы аймакка жараша 1000 сомдон 2000 сомго чейин деп аныкталган. Тергөө иштерин улантуу үчүн материалдар УКМКга өткөрүлүп берилген. Учурда мындай мыйзамсыз көрүнүштөр дээрлик токтоду",- деди Турдакун Абдыкадыров.

Ошондой эле ал алдыдагы эки жыл ичинде Экология министрлиги Илимдер академиясы менен биргеликте эндик боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзөрүн кошумчалады.

"Эгерде бул чөптүн жоголуп кетүү коркунучу жок, өсүшү канааттандырарлык деп табылса, анда чектөө алынат. Бирок чын эле жок болуп баратканы тастыкталса, сейрек кездешүүчү түр катары катталып, тыюу салуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Бул маселелер Илимдер академиясынын сунушунун негизинде чечилет. Азырынча Кыргызстан боюнча эндиктин канча пайызы сакталып калганын же канчасы жок болуп кеткенин тактаган маалыматтар жок",- деп билдирди адис.

Экосистема үчүн ролу өзгөчө

Эндик

Сүрөттүн булагы, Official

Биологдордун айтымында, эндик Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кездешкен чөптөрдүн бири. Аны негизинен Тескей Ала-Тоо менен Күнгөй Ала-Тоо тоо кыркаларында кездештирүүгө болот. Өзгөчө Ат-Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Токтогул, Аксы жана Чаткал райондорунун бийик тоо кыркаларында, 2,5 миң метрден жогору бийиктикте өсөт.

Эндик көп жылдык чөп болуп саналат. Анын тамыры кочкул кызыл келип, ар кандай түстө гүлдөйт. Жалбырактары түктүү болот.

"Адамдар сыяктуу эле чөптөрдү дагы урууларга жана түрлөргө бөлүп карайбыз. Эндик эки үлүштүүлөр классынын макротомия же эндиктер тукумуна кирет. Бул чөптү илгери ата-бабаларыбыз боёк жана дары катары колдонуп келишкен. Шырдакты, жүндү эндиктин тамыры менен боёшкон. Кыз-келиндер тамырын каймакка аралаштырып, беттерине сүрүшкөн. Ошондой эле көк жөтөлгө да колдонушкан. Азыр да бул чөп косметикада жана медицинада кеңири колдонулат. Ошол себептүү аны сатып жатышат да",- деди Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун флора лабораториясынын улук илимий кызматкери Мыскадай Ганыбаева.

Айтымында, Кыргызстанда жапайы өсүмдүктөрдүн төрт миңге жакын түрү бар. Макротомия же эл арасында белгилүү болгон эндик дагы ошолордун бир түрү.

Биологиялык ар түрдүүлүк үчүн жапайы өсүмдүктөрдүн ар биринин табигый балансын бузбай сактап калуу өтө маанилүү. Алардын ар биринин экосистема үчүн ролу өзгөчө.

"Соңку ирет экспедицияга чыкканда бул түрдүн кескин азайып жатканын байкадык. Ушундан улам тиешелүү органдарга анын тамырын казууга тыюу салуу сунушун бердик. Азыркы тапта эндиктин жоголуп кетүү коркунучу абдан жогору. Бул чөптөрдүн бири дагы жок болуп кетпеши керек. Ар бир өсүмдүктүн табиятта өзүнчө орду, мааниси бар",- деди биология илиминин кандидаты.

Адистердин айтымында, эндик бийик тоолордо гана өскөндүктөн аны плантация кылуу дээрлик мүмкүн эмес.