Эрдоган кайрадан жеңишке жетти. Башкы атаандаштардын баяны

Режеп Тайип Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Режеп Тайип Эрдоган

Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи турундагы алдын ала эсеп боюнча Адилет жана өнүгүү партиясынын лидери Режеп Тайип Эрдоган жеңип чыкты.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, жалпы бюллетендердин 99,43 пайызы саналып бүтүп, анын жыйынтыгында Эрдогон 52,14 пайыз добушка ээ болду. Азыркы эсептер көрсөткөндөй бюллетендердин санала элек бөлүгү алдын ала чыккан жыйынтыкты толугу менен өзгөртүп жибере албайт дешет.

Анын негизги атаандашы Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу 47,86 пайыз добуш алды.

Талапкерлердин ортосундагы айырма 2 миллиондон ашык добушту түзгөндүктөн эсептеле элек бюллетендер шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизбей турганы айкын болуп калгандай.

Эрдоган Стамбулда миңдеген тарапташтарына кайрылып, "шайлоодо Түркия жеңди" деди. Ал эми Кылычдароглу Түркияда демократия үчүн күрөштү улантууну убада кылып, бул соңку жылдардагы эң адилетсиз шайлоо болгонун айтты.

Түркиядагы бул жолку шайлоо Украинада согуш уланып, Түркиянын өзүндө кеминде 50 миң кишинин өмүрүн алып, чоң кыйроолорго алып келген жер титирөдөн кийин болду. Мындан сырткары инфляция аябай күчөп турган учурга туш келди.

Узак убакыттан бери Түркияны башкарып келе жаткан Эрдогандын башкы атаандашы Кылычдароглу болду. Кыргызстандыктарга ысымы анчейин белгисиз бул талапкер чынында бир топ мезгилден бери саясатта. Би-Би-Си эки талапкердин тең таржымалын, ишмердигин учкай баяндаган.

Режеп Тайип Эрдогандын учкай таржымалы

Режеп Тайип Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Режеп Тайип Эрдоган

Режеп Тайып Эрдоган 1954-жылы февралда Түркиянын түндүгүндөгү Кара деңиздин жээктеги күзөт кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 13 жашка толгондо атасы беш баласынын келечегин ойлоп, Стамбулга көчүп келген.

Өспүрүм кезинде Эрдогандын лимонад жана «симит» деп аталган кунжут кошулган токоч сатып, анча-мынча акча тапкан учуру да болду. Ал Стамбулдагы Мармара университетинде окуп менеджмент адистигин алардан мурда ислам мектебинде окуду.

Анын дипломунун айланасында талаш-тартыш көп болду, оппозиция анын университетти толук окугандыгы тууралуу диплому жок, бир гана коллеждин дипломунун эквиваленти болгон деп келди. Эрдоган өзү бул дооматтарды дайыма четке кагып турду.

Эрдоган жаш кезинде футболго да кызыгып, 1980-жылдарга чейин жарым кесипкөй командаларда ойногону белгилүү.

Бирок анын канын кызыткан эң башкы мүдөөсү саясат болду. 1970-80-жылдары ал Неджметтин Эрбакандын Бакубат партиясына кошулуп, ислам чөйрөсүндө оозго алына баштады.

  • Толугу менен бул жерден окуңуз:

Кемал Кылычдароглу деген ким?

Кемал Кылычдароглу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кемал Кылычдароглу

Алты партиядан куралган бирдиктүү оппозиция тарабынан орток талапкер катары тандалган 74 жаштагы Кемал Кылычдароглу мырзаны Түркияда билбеген киши жок.

Ал 1948-жылы декабрда Тунжели дубанынын (ил) Назимийе ооданына (илче) караштуу Баллыжа кыштагында туулган. Теги – огуздардын бозок уругунан, ата-бабасынын диний ишеними – алевий. Ал өзүн сейиттердин тукуму деп да санайт, бирок мамлекеттик башкаруу динден ажыратылган айдыңдык (секулярдык) түзүлүштү – Ататүрк негиздеп кеткен жумурияттык түзүлүштү жактайт.

Анын атасы Камер жергиликтүү расмий кызматкер болчу. Энеси – Йемуш ханым. Жети баланын төртүнчүсү катары Кемал жокчулукту жон териси менен сезип чоңойгон.

  • Толугу менен бул жерден окуңуз: