Би-Би-Си сүрөгөн глобалдык үч тема

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Би-Би-Си дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы башкы саясий, экономикалык жана социалдык окуяларга гана талдоо салбастан, адамзат жашоосундагы эң олуттуу сыноолор жана коркунучтарды ар кыл өңүтүнөн карап келет.

Саналуу күндөн кийин Би-Би-Синин Кыргыз кызматы радионун обо аркылуу чыккан салттуу ыкмасынан жаңы багытка өтөт. Бул аркылуу аудиториябыз менен мурдагыдан да жакын, мурдагыдан да тыгыз байланыш түзүүгө болот. Подкаст, санарип материалдар аркылуу ар убак көңүл борборуңуздагы маселе, темаларды сунуш кылабыз.

Төмөндө Би-Би-Си радиосу өзүнүн буга чейинки радио программаларында туруктуу чагылдырып келген үч орчундуу темага токтолобуз:

Быйыл Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы100 жылдыгын белгиледи
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Быйыл Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы100 жылдыгын белгиледи

Климаттын өзгөрүшү

Калктын санынын өсүшү, өзөктүк энергияны колдонуунун кесепети, байлар менен жакырлар ортосундагы ажырым жана башкалар... Би-Би-Си адамзат жашоосундагы кандай гана өзөктүү темаларга кайрылган жок?

Анын ичинде ушул жүз жылдыкта адамзат кабылып жаткан көйгөйлөр жана сыноолор биринчи кезекте турат. Алардын эң олуттуусу– климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети.

Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттеринин алдын ала үчүн жалпы аракет стратегиясын талкуулап келатканына көп болду. Экологиялык изилдөөлөрдө климат жылуулануусунан улам 2070-жылы планетанын айрым аймактарындагы температура кескин жогорулап, ал жерде жашоого мүмкүн болбой калары болжонуп жатат.

Ошондуктан Би-Би-Сиде барган сайын аба ырайында болгон кубулуштар жаңылыктардын сап башына чыга турган болду. Анын ичинде радио берүүлөрүбүздө дагы көп талкууланды.

Кейиштүүсү, Кыргызстанда глобалдык жылуулануу маселесинде карапайым калк эле эмес, өкмөт дагы өз жоопкерчилигин билбей жатат дейт эксперттер. Ал тапта климаттын өзгөрүүсү адам баласынын жашоосундагы ар бир тармакты кооптондуруп атат.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова:

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова

“1850-жылдан бери адамзаттын ишмердигинен улам жер бетиндеги орточо температура 1,1 градуска көтөрүлдү. Соңку жарым кылымда табигый кырсыктардын саны беш эсеге өстү. Быйыл АКШ менен Канаданын батышында күн ысып, рекорддук көрсөткүчтөргө жетип, Америкада 50 градустан ашты. Россия менен Европанын айрым аймактарында, жадакалса Арктика менен Антарктидада аба ырайы жылый баштады”.

Глобалдык жылууланын кесепети Кыргызстанга да тийип жатат. Өлкөдө мөңгүлөрдүн аянты жылдан жылга кыскарууда. Адистер климаттын өзгөрүүсүнөн келечекте Кыргызстан Борбор Азиядагы эн көп жабыркаган аймак болушу мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Ковид пандемиясы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2020-жылы дүйнөнү коронавирус пандемиясы басканда, Би-Би-Си аны диагностика кылуунун жана дарылоонун эң соңку маалыматтары, илимий ачылыштары менен кыргыз тилинде эң биринчилерден болуп маалымат жеткирүүгө умтулду.

Коронавирус тууралуу 2020-жылы 7-февралда алгачкы жаңылык ковид тууралуу биринчи болуп айтып чыккан кытайлык дарыгер Ли Вэнлиандын көз жумганы тууралуу болду. Андан бери Би-Би-Си ковид темасын байма-бай, ар кыл өңүтүнөн чагылдырып келатат.

Бишкектеги Би-Би-Си кеңсесинин редактору Кубат Чекиров:

“Чынында эле ковид пандемиясы дүйнөнү каптаганда чек аралар жабылып, транспорттук каттамдар токтоп, толтура чектөөлөр киргенде эркиндиктин, карым-катыштын, жандуу мамиленин баркын аябай сездик. Ошондо санитардык коомдук эрежелер, дарылоонун протоколдору, чектөөлөр шартында сабак окууну жүргүзүү, үй-бүлөдөгү конфликттердин алдын алуу, волонтерлордун ак ниет кызматы сыяктуу маселелер биздин радиопрограммалардын эң башкы темаларынан болду. Биз керектүү маалыматты так жеткирүү менен адамзат турмушундагы кыйынчылыктарды жеңилдетүүнү көздөдүк”.

Бишкектеги Би-Би-Си кеңсесинин редактору Кубат Чекиров

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги Би-Би-Си кеңсесинин редактору Кубат Чекиров

Пандемиянын өтө оор күндөрүндө медайымдык кызмат көрсөткөн ыктыярчы Алтынай Кариева, өзү оорулуу болсо да ал күндөрү ыктыярчыларга тамак жасап, ташыган Оксана Жаңыбаева , жашы жетимиштен ашса да жаш ыктыярчылар менен жарыша иштеген Токон апа жөнүндө радиоберүүлөрдү сунуштадык. Карантиндик катаал чектөөлөр убагында медициналык жардамга жетпей калган рак менен ооруган жарандардын көйгөйүн чагылдырдык. “Кара июль” атыккан каргашалуу күндөрдө ооруканаларда орун жетпей, айласы куруп, ажалдын чеңгелинде калган адамдар жөнүндө баяндоо эң бир оор учур болду.

Арадан үч жыл өтүп, башка өлкөлөр эмдөөгө жана вирус менен эриш-аркак жашоого үйрөнүп жаткан чакта, вирус чыккан Кытай ар бир эпидемиянын очогун жок кылуу, карантин жарыялоо жана катаал чектөөлөрдү киргизүү чыйырын тандап алды. Өлкөдө ковидге карата нөлдүк даражадагы сабырдуулук саясаты жүргүзүлүүдө.

Ал тапта Кыргызстанда дагы бул илдет маал-маалы менен баш көтөрүп, мурдагыдай эле биздин радио уктуруулардын тематикалык чордонунда турат.

“100 айым”

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы жыл сайын "100 айым" долбоорун сүрөп, дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялайт.

Былтыр "100 айым" өнөктүгүндө дүйнөдө олку-солку абал түзүлүп, коронавирус пандемиясы маалында өзгөрүүлөрдү алып келген, планетаны жакшырткан айымдардын ысымы аталды. Тизмеге кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева дагы кирди. Ал көзү азиз экенине карабай жогорку окуу жайды ийгиликтүү бүтүрүп, Америкада билим алган. Кыргызстанда өзү сыяктуу көзү азиздер үчүн атайын федерацияны түзүп, өз алдынча жашоого үйрөтүп келет.

“Би-Би-Си радиосунун 2020-жыл үчүн эң таасирдүү айымдар тизмесине киргенмин. Бул нерсе, албетте, мен үчүн аябай кубанычтуу окуя болгон. Мен бул тууралуу алдын ала билген эмесмин, ал тургай чынын айтсам ушундай тизме бар экенин да билген эмесмин. Тизмеге кирип калган мен эле үчүн эмес, мен иштеген команда жана долбоорлорубуз үчүн чоң жетишкендиктердин бири болду. Кылып жаткан ишим, кызматым элдердин жашоосун жакшыртып жатканына кубанамын. Ишим башка адамдарга жардам берип, таасирин берсе мен өзүмдү бактылуу адаммын деп эсептейм”, - деди Гүлназ.

Гүлназ Жүзбаева, активист

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлназ Жүзбаева, активист

Тынчтык жана коопсуздук боюнча глобалдык индексте былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан аялдар үчүн эң кооптуу делген өлкөлөрдүн топ башына чыкты. Би-Би-Си аялдарга зомбулук темасын көз жаздымда калтырбай. Бул темада байма-бай жарыяланган материалдардан сырткары, зомбулуктун алдын алуу, түшүндүрүү максатында "Сапар" программасынын бир жолку чыгарылышын дал ушул темага арнады. Аны бул шилтемеден толук көрсөңүз болот. Видеодогу кээ бир кадрлар зээнди кейитет.

Биздин радиодо ала качуунун курмандыктары болгон Бурулай, Айзаданын окуялары жаңырып, Нарында, Баткенде күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапкан келиндердин тагдыры тууралуу баяндалды. Ошол эле убакта канткенде кыз-келиндерге зордук-зомбулукту жеңсе болот деген өңүттөгү талаш-талкуулардын аягы сууй элек. Радиоберүүлөрүбүздө ошондой эле аялдардын ден-соолугу, карьералык өсүү маселелери дагы көңүл жаздымында калган жок.

Мисалы, Талибан бийликке келгенден кийин афган аялдарынын азаптуу абалы, Иранда феодалдык басмырлоого каршы аялдардын каршылык жүрүштөрү азыркы учурдагы эң актуалдуу окуялардын сап башында турат.

Айтмакчы, Би-Би-Синин редакциялык саясатында аял-эркек теңчилигин кармоонун 50-50 эрежесин кармоого умтулабыз. Бул Би-Би-Сини башкалардан өзгөчөлөнтүп турган дагы бир тарабы.